Өзбекстан жараны Киевде бомба жардыра турганын айтып, түз эфир талап кылды

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүКиев шаарында Өзекстан жараны бомба жардыра турганы айтып коркуттуп турат
Киев шаарында Өзекстан жараны бомба жардыра турганы айтып коркуттуп турат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Банктын кызматкерлери эшикке чыгарылып, ал эми бөлүмдүн жетекчиси террорчунун жанында өз каалоосу менен калган.

БИШКЕК, 3-авг.  — Sputnik. Киев шаарында (Украина) Өзбекстан жараны барымтага кишини алып жана бомба жардыра турганы айтып коркутту. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Маалыматта Киевдеги бизнес-борбордун ичиндеги банктардын бирине кирип, рюкзагында жарылуучу каражат бар экенин айткан. Ал полиция чакырууну суранган. Банктын кызматкерлери эшикке чыгарылып, ал эми бөлүмдүн жетекчиси өзүнүн каалоосу менен ичинде калган. Полиция өзбекстандык киши менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок бомба бар же жогун аныктай алган эмес.

Жакында турмушка чыкмак. Барымтага алынып көз жумган келин тууралуу эмне белгилүү

Украиналык ЖМКлар ал теле аркылуу түз эфир берүүнү сурагандыгын жазды.

Июнь айынын соңунда да Луцк шаарында эркек киши автобустагы 13 кишин барымтага алган. Анын жанында курал жана жардыргычы болгон. Аягында террорчу барымтадагыларды 13 сааттан кийин кое берген. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес жана ал киши колго түшүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0