Деңиз жээгинде отурган бала. Архив

Деңизге түшүп кеткен бала тасмада көргөн кеңештерди аткарып аман калды

(жаңыланган 09:22 06.08.2020)
Саини тирүү калуу үчүн даректүү тасмада көрсөтүлгөн нускамаларды жасап, чалкасынан жатып, буту-колун жазып, жардам чакырган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Улуу Британияда деңизге түшүп кеткен 10 жаштагы бала даректүү тасмада айтылган кеңештерди аткарып тирүү калды. Ал куткаруучулар келгенге чейин чөгүп кетпестен суу үстүндө калкып турганын Daily Mail басылмасы жазды.

Окуя Англиянын Норт-Йоркшир графтыгында катталган. Равираджа Саини аттуу бала деңизге түшүп кетип, ата-энеси куткаруучуларды чакырган. Алар бир саат бою жээктен баланы издешкен. Бул убакта толкун баланы карама-каршы булуңга агызып кеткен.

Россияда кыргызстандыктар 3-кабаттан кулаган бөбөктү сактап калышты

Саини куткарылгандан кийин тирүү калуу үчүн "Деңизде өмүрдү сактап калуу" даректүү тасмасында көрсөтүлгөн нускамаларды жасагандыгын айтып берген. Сууда чалкасынан жатып, буту-колун жазып, жардамга чакырган.

Куткаруучулар баланын мындай кырдаалдагы сабырдуулугуна баа беришкен. Эгер бала деңиздеги куткаруу аракеттери боюнча кеңештерди аткарбаганда, окуя кайгылуу аяктамак деп айтышкан.

Куткаруу тобу баланы жээкке алып чыгып, ата-энесине беришкен.

Белгилер:
тасма, кеңеш, бала, Улуу Британия, куткаруу, өмүр, деңиз
Тема боюнча
Россияда сууга чөккөн аялды 30дай киши өзгөчө ыкма менен куткарып калды. Видео
Мелдешип сууга секирген. Караколдо эркек кишинин сөөгү табылды
Документ текшерип жаткан ФМС кызматкери. Архив

Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар жоопко тартылбастан каттоого тура алат

(жаңыланган 19:34 23.04.2021)
Үстүбүздөгү жылдын 15-июнуна чейин РФ аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттар каттоого турса аларга карата административдик чара колдонулбайт жана өлкөдөн чыгарылбайт.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн кыргызстандык мигранттар 15-июнга чейин каттоого тура алышат. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук 21-апрелде Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков менен жолукканда билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 15-июнуна чейин РФ аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттар каттоого турса аларга карата административдик чара колдонулбайт жана өлкөдөн чыгарылбайт.

"Россия тарап эмгек мигранттарынын укугун чектөө боюнча эч кандай иш-аракеттерди жүргүзбөйт. Бирок мигранттар каттоодон өтүп коюшу керек", — деди Новиков.

Ал ошондой эле жалпы диаспора өкүлдөрүн ишке тартып, ар бир мигрантка жеке статусун тастыктоосу зарыл экенин жеткирүү керектигин кошумчалады.

Белгилер:
статус, мыйзам, Мигрант, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россияда мигрант куруучулардын реестрин түзүү сунушталууда. Максаты кандай

Карга үчүн аппак, кирпи үчүн жумшак... Жаныбарлардын балдары тартылган 15 сүрөт

  • Жаңы туулган баласын кучактап жаткан горилла июнь айында Антверпен (Бельгия) шаарында тартылган
Эң коркунучтуу жырткыч да сүйкүмдүү күчүк болуп төрөлөт. Адамдар алардын айрымдарын зоопарктан көргөндө боору ооруйт.

Кээ бир учурда Кызыл китепке кирген же сейрек кездешүүчү жаныбардын тукуму жарыкка келсе дүйнө жүзү үчүн чоң сенсация болот.

Бул сүрөт түрмөктө жаныбарлардын күчүктөрү кичинекей кезинде кандай болорун көрөсүздөр. Sputnik Кыргызстан сүйкүмдүү 15 сүрөттү сунуш кылат.

 

  • © AFP 2021 / Sebastien Bozon

    Франциянын Мюлуз зоопаркындагы леопарддын күчүгү. Леопард арстан менен жолборско салыштырмалуу кичирээк келет

  • © REUTERS / TT News Agency / Jonas Ekstromer

    Стокгольмдун зоопаркындагы мамалак. Ысыкта ал сууга түшүп сергип жатат

  • Жаңы туулган баласын кучактап жаткан горилла июнь айында Антверпен (Бельгия) шаарында тартылган
    © REUTERS / YVES HERMAN

    Жаңы туулган баласын кучактап жаткан горилла июнь айында Антверпен (Бельгия) шаарында тартылган

  • © AFP 2021 / Guillaume Souvant

    Гиппопотамдын баласы Франциянын зоопаркында 7-июнда туулган. Аны "Мадагаскар" мультфильминин каарманы Глориянын ысымы ыйгарылган

  • © AFP 2021 / Sebastien Bozon

    Игрунка маймыл тукумундагы эң кичинекей жандык деп эсептелет. Анын чоңу куйругун кошо өлчөгөндө 22 сантиметр чыгат. Сүрөт июнь айында Францияда тартылган

  • © AP Photo / Peter Steffen / dpa

    Дарбыз тиштеп алган ак аюунун мамалагына Нана деген ысым ыйгарылган. Ал Ганновердеги (Германия) зоопаркта жашайт

  • © AFP 2021 / Cristina Quicler

    Ак арстандар сейрек кездешкен жандыкка кирет. Ошондуктан анын күчүгүнүн жарык дүйнөгө келишин сенсациялуу окуя деп бааласа болот. Сүрөт Испаниядагы зоопаркта күчүккө сүт берип жатканда тартылган

  • © REUTERS / Daniel Becerril

    Мексикалык карышкырлар тукуму жок болуп кетүү алдында турат. 90-жылдардан тарта бул жандыкты көбөйтүү боюнча программа иштелип чыккан. Бөлтүрүктөрү менен жаткан эне-карышкырдын сүрөтү Сальтильо (Мексика) зоопаркынан тартылган

  • © AFP 2021 / Ashraf Shazly

    Судандагы жапайы айбанаттардын паркында арстан күчүгүн көтөрүп турат. Пандемия убагында бул жерде бир нече арстан жарыкка келген. Азырынча аларды сүрөттөн гана көрүүгө болот

  • © Sputnik / Press service of the Moscow zoo

    Москванын зоопаркында күчүктөрү менен турган Фрея аттуу жапайы ит. Бул жандык көбүнесе үлпүлдөк аюуга окшош. Ал Борбордук жана Түштүк Америкада жашайт

  • © AP Photo / Kerstin Joensson

    Туулганына үч күн болгон керик. Ал 6-июнда Австриянын Зальцбург зоопаркында жарыкка келген

  • © REUTERS / Charles Platiau

    Ымыркайын артына көтөрүп жүргөн лемур. Баласы Франциянын зоопаркында жаз айындагы карантин убагында туулган

  • © AP Photo / Dita Alangkara

    Акыра кичинекей баласынан канчалык чоң экенин көрүңүз. Сүрөт Индонезиянын Жакарта зоопаркында тартылган

  • © Sputnik / Ekaterina Chesnokova

    Бул суматрандык орангутандын баласы Москванын зоопаркында жашайт

  • © AP Photo / Axel Heimken / dpa

    Боор ооруткан сүрөт. Гамбургдун (Германия) жапайы айбанаттар паркында сүлөсүндүн үч мый-мыйынын бири

Белгилер:
зоопарк, Франция, АКШ, жаныбарлар
Тема боюнча
Жамбаштап жатсаң сонун да! Кымыз жыттанган кыргыздын жайлоолору сүрөттө
Жазгы талаа иштери. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

23-24-апрелде жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. 24-апрель, ишембиде республика боюнча жамгыр жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көл жана Нарында +9...+14 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада +18...+20, Ошто +20...+22 градусту көрсөтүп турат.

Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кар көчкүдөн улам Каракол — Эңилчек жолу жабылды. Сүрөт