Трамптын поместьесине кирип кеткен автоматчан үч баланы полиция кармады

© REUTERS / JOSHUA ROBERTSАКШнын президенти Дональд Трамп
АКШнын президенти Дональд Трамп  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдарды полиция тик учак жана кызматтык ит менен түрө издеген. Бул учурда өспүрүмдөр курал жана окторду ыргытып жиберүүгө жетишип калган.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. АКШнын полициясы куугундардан качып бара жатып курал жана октору менен кошо президент Дональд Трамптын Мар-а-Лагодогу (Флорида) поместьесине кирип кеткен үч өспүрүмдү кармады. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Палм-Бич аймагынын полициясы окуя өткөн жумада болгондугун айтты. Алар Мар-а-Лагодон бир нече чакырым жерде токтоп турган автоунаанын жанынан 15 жаштар чамасындагы үч баланы байкашкан. Полициянын көзүнө түшүп калган өспүрүмдөр качкан тейде, тосмодон секирип, аталган аймактын ичине кирип кетишкен.

Дональд Трамп тилинен жаңылып Тим Кукту "Тим Эппл" деп алды

Аларды тик учак жана кызматтык иттер менен издеген полиция тез эле таап алган. Балдар "АК-47" автоматын жана окторун рюкзагы менен кошо ыргытып жиберүүгө жетишип калгандыгын Палм-Бич полициясынын өкүлү Майкл Огродник айтып берген.

"Алар кимдин аймагына кирип кеткендигин деле билген эмес. Дагы жакшы ошол мезгилде президент жана анын үй-бүлөсү поместьеде жок болуп калды. Болбосо балдар Жашыруун кызматтын агенттеринин колуна түшмөк", — деген ал.

Өспүрүмдөр учурда камакка алынып, соттун чечимин күтүп жатканы кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0