2009 PQ1 астероиди

Футбол талаасындай астероид Жерге урунбай, кайып өтүп кетти

(жаңыланган 10:19 06.08.2020)
Астероид 2009-жылы 14-августта табылган. Ал "Аполлон" тобуна кирет, тагыраагы, анын учуу жолу Жердин орбитасы аркылуу өтөт. Кийинки жолу биздин планетага 2137-жылы жакындайт.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Көлөмү футбол талаасындай болгон 2009 PQ1 астероиди жерге тийбей, коопсуз аралыктан өтүп кетти. Бул тууралуу маалыматты РИА Новости жазды.

"Ал Москва убактысы боюнча саат 19:35те жерден эң кыска аралыкта учушу керек болчу. Эч кандай коркунуч болгон жок. Көлөмү 200 метрге чейин эле, бул футбол талаасына барабар дегендик. Мындай астероиддер эки жумада же жок дегенде ай сайын бир жолу учуп өтүп турат. Алар жакындап келип, андан соң өзүнүн орбитасы менен андан ары кетет", — дейт Москва планетарийинин директору Фаина Рублева РИА Новостиге берген маегинде.

Россия академиясынын Астрономия институтунун Күн системасы бөлүмүнүн аспиранты Екатерина Ефремова буга чейин РИА Новостиге билдиргендей, астероид жерге эч кандай коркунуч келтирбестигин айткан. Анын өтүү жолунун аралыгы жерден 4 миллион чакырым алыстыкта болот. Кийинки жолу 2009 PQ1 биздин планетага 2137-жылы жакындайт.

Астероид 2009-жылы 14-августта табылган. Ал "Аполлон" тобуна кирет, тагыраагы, анын учуу жолу Жердин орбитасы аркылуу өтөт.

Белгилер:
космос, астероид, жер
Тема боюнча
Жер планетасы болушунча Күнгө жакындады
Электр линиясы. Архив

Кыргызстан Өзбекстандан электр кубатын кандай шартта алып жатканы айтылды

(жаңыланган 09:52 23.04.2021)
Министрдин айтымында, Өзбекстандан электр энергиясы азыр эле импорттоло баштады. Бул иш быйыл жана кийинки жылдын биринчи кварталына чейин уланат.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстан Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, электр энергиясы өлкөгө импорттоло баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Эске салсак, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард куб метрге аз. Бул өлкөгө электр энергиясын сырттан алып келүү зарыл дегенди түшүндүрөт.

"Товар алмашуу шарты менен биз Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат алуу тууралуу сүйлөштүк. Электр энергиясы импорттоло баштаган. Бул иш быйыл жана кийинки жылдын биринчи кварталына чейин уланып, жай мезгилинде тыныгуу болуп турат. Электр энергиясын кайтарып берүү жайында башталып, карызды үч жылдын ичинде берип бүтүп калабыз", — деди Турдубаев.

Буга чейин министр Кыргызстан менен Казакстан электр кубатын алмашуу макулдашылганын айткан.

Ал быйыл Казакстан Кыргызстандын энергосистемасына 900 миллион киловатт-саат бере турганын белгилеп, коңшуларга кайра Токтогул суу сактагычына эквиваленттик көлөмдө суу топтоп, камсыздап бере турганын кошумчалаган. Муну менен Кыргызстан үч жылдын ичинде миллион киловатт-сааттык сууну коё берип, ошону менен кутулат.

Белгилер:
импорт, электр энергиясы, суу, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
"Кудайга шүгүр" жашаган элдин санын кантип билебиз? Абоненттердин статистикасы
Эртең Бишкектин 56 көчөсүндө электр кубаты болбойт. Тизме

Чопулдатып сүт эмип. Эки баштуу, төрт көздүү музоонун видеосу

Фермер уникалдуу бул музоону канча жашаса ошончо жыл бакканга даяр экендигин, ага болушунча кам көрөрүн айткан.

Түндүк Македониядагы уй фермада эки баштуу жана төрт көздүү музоо туулган. Бул тууралуу Wis TV телеканалы маалымдаган.

Видеодон эки баштуу музоо бир оозу менен сүт ичкенде экинчи оозу кошо кыймылга келип жатканын көрүүгө болот.

Фермердин айтымында, жаныбарды карап чыккан ветеринар музоонун органдары азырынча кадыресе, толук кандуу иштеп жаткандыгын билдирген.

Адистер полицефалия сейрек кездешерин, мындай болуп туулган жаныбарлар көпкө жашабай тургандыгын айткан. Анткен менен фермер музоону канча жашаса ошончо жыл бакканга даяр экендигин, ага болушунча кам көрөрүн журналисттерге билдирген.

Полицефалия сүт эмүүчүлөр менен адам баласында жолугат. Эгерде эки эмбрион курсакта жатканда экиге бөлүнбөй калса, алардын эки мээси калыптанып, дем алуу жана тамак сиңирүү органдары бир болуп жарыкка келет. Адатта алар тез эле көз жумат, бирок узакка жашагандары да бар.

Белгилер:
ветеринар, Сүт, фермер, музоо, Македония
Тема боюнча
Зыяны жок. Таиланддагы эки баштуу жыландын видеосу
Медициналык кызматкерлер COVID-19 менен ооругандарды дарылап жатышат

7 киши көз жумуп, 272 киши вирус жугузуп алды. COVID статистикасы

(жаңыланган 10:17 23.04.2021)
Кыргызстан боюнча коронавирус аныкталгандардын саны 93 278ге жетти. Ал эми орудан 87 717 киши айыкты. Каза болгондордун саны 1 573кө барды.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 272 кишиден коронавирус табылып, 163 бейтап оорудан сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 148;
  • Ош шаары – 6;
  • Чүй облусу – 86;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 18;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Баткен облусу – 1.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 78;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 52;
  • Ош облусу – 3;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 6;
  • Баткен облусу – 4.

Ушуну менен коронавирус аныкталгандардын саны 93 278ге жетти. Ал эми оорудан айыккандардын саны 87 717 болду.

Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирус Бишкектен төрт, Чүй облусунан үч кишинин өмүрүн алды. Көз жумгандардын жалпы саны 1 573кө жетти.

Белгилер:
статистика, коронавирус, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Министр: COVID боюнча жаңы учурдун жарымы вирустун жаңы штаммы болуп чыкты
Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасы кантип жеткирилди. Видео