Индияда "каза болду" делген келин бир жумадан кийин үйүнө келди

© AP Photo / Anupam NathИндуист аял. Архив
Индуист аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Уттар-Прадеш штатында болгон. 27-июлда укук коргоо кызматкерлери чемоданга салынган кыздын сөөгүн табышкан.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Индияда "каза болду" делип жерге берилген келин алты күндөн кийин полицияга өзү кайрылган. Бул тууралуу РИА Новости Times of India басылмасына таянып кабарлады.

Окуя Уттар-Прадеш айылында болгон. 27-июлда укук коргоо кызматкерлери чемоданга салынган кыздын сөөгүн табышкан.

"24 жаштагы аялдын үй-бүлөсү аны таанышкан. Тергөөчүлөр аялды өлтүрүүгө шектүү деп күйөөсүн жана анын ата-энесин айыпташкан. Айтымдарында, алар келинин дайыма шакаба чегишчү", — деп жазылган маалыматта.

Окуядан кийин маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп, сөөгү жерге берилген. Бирок бир жумага жетпей "каза болду" делген келин полицияга өзү келип мурда иштеп кеткен коңшу шаарда жүргөнүн айткан. Башка шаарга кетип жатканын эч кимге кабарлаган эмес.

Индияда ээси менен обон созгон ит интернетти жарды. Видео

Андан кийин индиялык аялдын күйөөсүнөн жана анын ата-энесине тагылган айып алынганы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0