Бир нече күн мурда АКШ Мамлекеттик департаментинин алдындагы Глобалдык кызматташуу борбору "Россиянын пропаганда жана дезинформациясынын экосистемасынын негиздери" деген аталыштагы докладын жарыялады.
Авторлор "өнөктөш мамлекеттерге, жарандык коомго, окумуштууларга, ЖМКга жана дүйнө коомчулугуна Россиянын аракеттеринин тактикасын ачып берип, алардын дезинформация жана пропагандага каршы жамааттык түрдө жооп беришин" көздөгөн.
Согуш тарыхынын кайра жазылышына Германия эмне үчүн каршы? Саресеп
Биринчи караганда баары ишенимдүү көрүнөт. 75 беттик текст, 313 шилтеме, графикалар жана таблицалар... Мен аны убакыт коротуп, толугу менен окуп чыктым. Албетте, "ачылыш" жасалган учурлар дагы болуптур. Мисалы, Россия өз көз карашын коомчулукка таратуу үчүн массалык маалымдоо каражаттарын колдонот экен. Баса, башка өлкөлөр дагы Кремлдин бул гениалдуу амалын өздөштүрүп алышы керек экен. Дагы бир масал, Россияда мамлекеттик ЖМКлар (мисалы, ошол эле "Звезда") жазган маалыматтарды башка медиалар алып, андан ары интернетке тарап кетет экен. Менимче, авторлор интернеттин, андагы маалыматтын тарап кетүү өзгөчөлүктөрүн жаңы эле өздөштүрүп жаткан окшойт.
Докладда россиялык алдыңкы ЖМКлар тууралуу дагы "таң калычтуу" фактылар камтылган. Көрсө, Россияда мамлекетке тиешелүү телеканалдарды, басылмаларды жана интернет сайттарды эмнегедир мамлекеттик идеологияны колдогон адамдар башкарат экен. Мына кызык!
Россиянын АКШдагы элчилиги Мамдепартаменттин доклады боюнча пикирин билдирди
Докладдын негизги маңызы — Москванын дүйнөлүк көйгөйлөргө карата кандай гана ою, билдирүүсү, пикири болбосун, ал сөз эркиндиги катары эмес, Россиянын пропагандасы, калпы, батыш элин акылдан адаштыруу аракеттери экенин көрсөтүү.
Бир гана ушул ой докладдын бардык илимий баалуулугун жокко чыгарып салды деп айткың келет. Бирок анда башынан эле баалуулук болбогондой көрүнөт.
Чынын айтканда, бул 75 беттик макала куру бекер убакыт коротуу болуп калгандай. Анын негизи максаты — Россиянын жүзүн ачуу эмес, мамлекеттик катчы Майк Помпеонун буга чейинки Глобалдык кызматташуу борборун каржылоону көбөйтүп берүү өтүнүчүн бышыктоо болуп калыптыр.
"Вакциналар жарышы": Батыш башка эмдөөнү тааныгысы жок
Бул докладга россиялык саясатчылар менен серепчилердин бир чети күлкүсү келип, экинчи чети жек көрүп карашына таң калбай деле койсо болот.
Чынында көпчүлүк муну олуттуу кабыл алган жок, жөн гана кезектеги куру бекер алышуу катары баалады. Бирок биздикилер анын авторлордо өз эмгегин жарыялоого олуттуу себеп болгонун айтышты.
"Россияга каршы бул докладдын чыгышы АКШ саясатчылары азыр өлкө ичинде жана дүйнөдө болуп жаткан нерселер боюнча алардыкына дал келбеген пикирлердин айтылышынан коркуп жатканынан кабар берет", — деди депутат Сергей Железняк.
Мисалы, RT менен Sputnik агенттигинде батыш ЖМКларына караганда акчасы аз. Бирок АКШны чочулатып жаткан альтернативдик көз караш бар.
Кимдир бирөөгө дагы деле батышта сөз эркиндиги бардай сезилиши мүмкүн. Бирок андай эмес. Көпчүлүк маселелер боюнча (биринчи кезекте идеологиялык мүнөздөгү) америкалык ЖМКлар Советтер Союзу учурундагы гезиттерди эске салат. Жалгыз, саясий жактан туура деп эсептеген көз карашты гана чагылдырышат.
Ошол таңууланган көз караштан тажаган батыш эли альтернативдик пикир издеп, аны англис тилдүү орус ЖМКларынан таап жатат. Албетте, бул АКШ үчүн чоң көйгөй. Анткени дүйнөнүн маалымат тармагын башкаруу америкалык үстөмдүктүн негизи болуп эсептелет.
Ошондуктан Россиянын Тышкы иштер министрлигинен айтышкандай, Вашингтон өздөрүнүкүнөн башка пикирлердин баарын сындап, Американын "талаптарына" жооп бербеген бардык маалыматты жок кылууга аракет кылууда. Ал эми сын жардам бербей калган учурда санкцияларды киргизип коет (мисалы, кытайлык TikTok).
"Кара схема": ички душманы АКШны соо койбой, Россияны сактап калышы мүмкүн
Чындыгында мындай жоруктар АКШнын геосаясий мүмкүнчүлүктөрүн бир топ алсыратып коет. Мисалы, Кытайды токтотуу боюнча Россияны колдонгусу келгени жана башка көптөгөн көйгөйлөрдө.
Акыркы учурда бир топ адистер Вашингтонго Москва менен прагматикалык диалогго барууну сунуштап келишет. Дал ушундай кайрылуу менен бийликке АКШнын эң көрүнүктүү 103 серепчиси ачык кат жолдогон.
Бирок депутат Сергей Железняктын айтымында, мындай оппоненттердин кайрылуусу Глобалдык кызматташуу борборунун доклады сыяктуу эле Россия-Америка диалогуна балта чаап, эки өлкөнүн ортосундагы ишенбөөчүлүк кризисин дагы бир нече жылга созуп койчудай көрүнөт.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн кыргызстандык мигранттар 15-июнга чейин каттоого тура алышат. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук 21-апрелде Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков менен жолукканда билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 15-июнуна чейин РФ аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттар каттоого турса аларга карата административдик чара колдонулбайт жана өлкөдөн чыгарылбайт.
"Россия тарап эмгек мигранттарынын укугун чектөө боюнча эч кандай иш-аракеттерди жүргүзбөйт. Бирок мигранттар каттоодон өтүп коюшу керек", — деди Новиков.
Ал ошондой эле жалпы диаспора өкүлдөрүн ишке тартып, ар бир мигрантка жеке статусун тастыктоосу зарыл экенин жеткирүү керектигин кошумчалады.
Кээ бир учурда Кызыл китепке кирген же сейрек кездешүүчү жаныбардын тукуму жарыкка келсе дүйнө жүзү үчүн чоң сенсация болот.
Бул сүрөт түрмөктө жаныбарлардын күчүктөрү кичинекей кезинде кандай болорун көрөсүздөр. Sputnik Кыргызстан сүйкүмдүү 15 сүрөттү сунуш кылат.
Франциянын Мюлуз зоопаркындагы леопарддын күчүгү. Леопард арстан менен жолборско салыштырмалуу кичирээк келет
Стокгольмдун зоопаркындагы мамалак. Ысыкта ал сууга түшүп сергип жатат
Жаңы туулган баласын кучактап жаткан горилла июнь айында Антверпен (Бельгия) шаарында тартылган
Гиппопотамдын баласы Франциянын зоопаркында 7-июнда туулган. Аны "Мадагаскар" мультфильминин каарманы Глориянын ысымы ыйгарылган
Игрунка маймыл тукумундагы эң кичинекей жандык деп эсептелет. Анын чоңу куйругун кошо өлчөгөндө 22 сантиметр чыгат. Сүрөт июнь айында Францияда тартылган
Дарбыз тиштеп алган ак аюунун мамалагына Нана деген ысым ыйгарылган. Ал Ганновердеги (Германия) зоопаркта жашайт
Ак арстандар сейрек кездешкен жандыкка кирет. Ошондуктан анын күчүгүнүн жарык дүйнөгө келишин сенсациялуу окуя деп бааласа болот. Сүрөт Испаниядагы зоопаркта күчүккө сүт берип жатканда тартылган
Мексикалык карышкырлар тукуму жок болуп кетүү алдында турат. 90-жылдардан тарта бул жандыкты көбөйтүү боюнча программа иштелип чыккан. Бөлтүрүктөрү менен жаткан эне-карышкырдын сүрөтү Сальтильо (Мексика) зоопаркынан тартылган
Судандагы жапайы айбанаттардын паркында арстан күчүгүн көтөрүп турат. Пандемия убагында бул жерде бир нече арстан жарыкка келген. Азырынча аларды сүрөттөн гана көрүүгө болот
Москванын зоопаркында күчүктөрү менен турган Фрея аттуу жапайы ит. Бул жандык көбүнесе үлпүлдөк аюуга окшош. Ал Борбордук жана Түштүк Америкада жашайт
Туулганына үч күн болгон керик. Ал 6-июнда Австриянын Зальцбург зоопаркында жарыкка келген
Ымыркайын артына көтөрүп жүргөн лемур. Баласы Франциянын зоопаркында жаз айындагы карантин убагында туулган
Акыра кичинекей баласынан канчалык чоң экенин көрүңүз. Сүрөт Индонезиянын Жакарта зоопаркында тартылган
Бул суматрандык орангутандын баласы Москванын зоопаркында жашайт
Боор ооруткан сүрөт. Гамбургдун (Германия) жапайы айбанаттар паркында сүлөсүндүн үч мый-мыйынын бири
Курулушка кезинде жүздөгөн техника, жумушчулар тартылып, миллиондогон рубль акча жумшалган. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн негизги авиациялык жайы кандай кыйынчылыктар менен курулуп, ири долбоор кантип ишке ашканына кызыгып көрдү.
Кыргыз ССРинин борборуна жаңы аэропорт куруу демилгеси 1969-жылы көтөрүлүп, жергиликтүү бийлик Москвага каржылык колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Анткени Фрунзе шаарынын Тынчтык (азыркы Чыңгыз Айтматов) проспектисине жакын жайгашкан аба майдандын жүргүнчүлөрү көбөйүп, коопсуздук маселеси дагы тынчсыздануу жараткан. Аталган аэропорт аркылуу каттаган адамдардын саны бир жылда 550 миңге чукулдап калган эле. Ошондой эле учуп-конуу тилкесинин айланасына турак жайлар жакын болгондуктан учкучтар көбүнчө ал үйлөрдүн үстүнөн 40-50 метр бийиктикте эле өтүшчү. Андан сырткары, ал жерде Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскердик тик учактары, аэродрому да болуп бир катар кооптуу тобокелчиликтерди пайда кылган.
Бирок СССРдин Жарандык авиация министрлиги, Мамлекеттик пландык комитети кыргыз бийлигине төмөндөгүдөй жооп берген:
"Алдын ала эсептөөлөр боюнча жаңы аэропортту салууга 46-50 миллион рубль жумшалат. Аталган курулушту шаардын четине чыгаруу 80-жылдарга гана пландалган".
Ага карабай кыргыз бийлигинин башында турган Турдакун Усубалиев өжөрлөнүп СССРдин жетекчиси Леонид Брежнев, Алексей Косыгинге чейин барып, аларды макул кылат. Жыйынтыгында СССРдин Министрлер кеңешинин төрагасы Фрунзедеги жаңы аэропорттун курулушун 1972-жылы баштоо боюнча токтом кабыл алган.
Ошентип жаңы аэропорттук комплексти толугу менен долбоорлоо милдети СССРдин Жарандык авиация министрлигинин алдындагы Бүткүл союздук "Аэропроект" илимий-изилдөө институтуна жүктөлүп, адистер Москвадан бери келген. Ири курулушту каржылоонун негизги бөлүгүн борбордук бийлик бөлгөн. 800 гектар жер бөлүнүп, 600дөй жумушчуларга ылайыкталган чакан кыштак, 1000 тонна цемент бата турган кампа даярдалып, кум-шагыл даярдоочу орнотмо, ээн талаага жол салынып коммуникация тартылган.
Курулуш 1973-жылы башталган. Ошол учурду Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев мындайча жазган:
"Башында киришкенде иштөө шарттары аябай оор болчу. Куруучулар кагыраган жерди бир метрден четинен багындырган. Жайкысын күндүн ысыгы 40 градуска чейин жогорулаганда көпчүлүк жумуштар кеч киргенде жасалчу", — деп жазган мамлекеттик ишмер.
Ошондой эле жаңы аэропорт менен Фрунзе шаарын байланыштырган 30 чакырым узундуктагы автомагистраль салынып, ал жактагы автовокзал колдонууга берилип, жолду бойлой көчөт тигилген. Аба майдан 1974-жылы Кыргыз ССРинин 50 жылдык мааракесине карата ачылып, жаңы аэропортко биринчилерден болуп СССР Министрлер Кеңешинин төрагасы Алексей Косыгин конгон.
Андан соң аэровокзал жана кошумча объектилердин курулушу башталып, беш чакырымдан ашык суу түтүктөрү, 40 чакырымдай электр чубалгылары тартылып, жүздөгөн куруучу комплекстин ичи-тышын жасаган. Эң кызыгы, темир жолдон аэропортко чейин 30 чакырым узундуктагы авиакеросин түтүгү жер алды менен алып келинген. Ал аркылуу авиациялык жайдагы учактар өз убагында күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздалып турган. Эгер андай түтүктөр жаткырылбаганда күн сайын ондогон унаа борбордон аэропортту көздөй каттамак. Тилекке каршы, кийин ал объектилер каралбай, ушу тапта иштетилбей жер алдында чирип жатат.
80-жылдардын соңуна чейин "Манас" аэропортунун курулушуна жалпы 80 миллион рублдей акча кеткен. Анын төрттөн бир бөлүгүн кыргыз бийлиги чыгарса, калганы бүткүл союздук казынадан келген. Аба майдан заманбап техника менен жабдылып, авиациялык жай түрдүү типтеги учактарды кыйынчылыксыз кабыл алып калган.
Ата мекендик авиациянын ардагер учкучу Кубанычбек Козубековдун союз тарагандан кийин Кыргызстанда авиация тармагы кантип кыйраганын айтып берди.
"Союз маалында борборлоштурулган башкаруу болчу, учактын тетиктери, техниканы оңдоо, күйүүчү-майлоочу материалдар, автоунаалар өз убагында келчү. Ал кездеги авиация менен азыркыны салыштырууга болбой калды. Мисалы, Кыргызстан жаңы эгемендүүлүк алганда "Манас" аэропортунда ТУ-154 учагынан 13, ТУ-134төн төртөө жана Ми-8 деген тик учактан ондон ашыгы бар эле. 90-жылдары алар оңдолбой, каралбай токтоп тура берип, ата мекендик авиация кыйрады. Мамлекет башындагылар аэропорттун карамагындагы объектилерди ич ара бөлүшүп алышты да, салык төлөбөй иштеп миллиондорду таап жүрүшкөн", — деди Козубеков.
Учурда республиканын негизги аэропорту жыл сайын миллиондогон жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүп, КМШ, Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө 30дай түрдүү каттам аткарып, 20га чукул эл аралык авиакомпания менен кызматташып келет.
Материал көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев, ардагер учкучтардын эскерүүлөрүнүн жана ачык булактагы маалыматтардын негизинде жасалды.