Сириядагы Россиянын аскер кызматкерлери. Архив

Батыш Россиянын Сириядагы аскердик ийгиликтерин биринчи жолу моюнга алды

224
Орустар жардам бербегенде Башар Асад эчак эле жеңилмек дешти. Америкалыктар Москванын жана да Иран менен "Хезболланын" кийлигишүүсүнөн кийин гана Сирия армиясы мыйзамсыз куралчан топтордон өлкөнүн көп бөлүгүн бошотуп алганга жетишкенин моюнга алышты.

Конгресстин иликтөөчү тобу 49 барактан турган "Сириядагы согушка сереп жана АКШнын реакциясы" деген отчётунда ушундай тыянакка келди. Аскердик талдоочулар дагы кайсы жагдайларга көңүл буруп, келечекке байланыштуу кандай божомолдорду келтиришет – бул тууралуу РИА Новостинин материалында.

Ким кандай күчкө ээ?

Документте Сириянын картасы келтирилген. Иордания менен чектешкен жердеги АКШнын Ат-Танф аскерий базасы жайгашкан чакан анклавды эске албаганда, өлкөнүн борборун, батышын жана түштүгүн толугу менен Башар Асаддын өкмөтү көзөмөлдөйт. Түндүк-батыштагы Мухафаза Идлибге экстремисттик топтор жана Түркия ээлик кылат. Өлкө аймагынын түндүгү жана Ефраттын чыгыш тарабы – Сириянын дээрлик үчтөн бир бөлүгү – күрддөрдүн колунда.

Талибдер бийликке умтулууда. Кабул курчоодобу?

Бул жерде талдоочулар бир аз куулук кылышууда, анткени ушул аймактардын бардыгы так Вашингтондун көзөмөлүндө десек болот. Сирияда америкалыктардын саны аз – докладга ишенсек, 600 аскердин айланасында гана. Бирок бул аскерлер мунайга бай чөлкөмдөгү негизги нефти кендерин курчоого алышкан. Ошондой эле Сириянын чыгыш тарабында жеке менчик аскердик компаниялардын жүздөгөн жоокерлери аракеттенип келишет. Документте белгиленгендей, расмий өкмөт АКШ аскерлеринин өлкөнүн аймагына кирүүсүн мыйзамсыз деп эсептейт. Бирок Вашингтон мунай чыккан аймактарды террорчулардан коргоо керек деген жүйөлөрдү айтып келет.

Докладдын авторлору кээде Асаддын аскерлери менен кагылышуулар болуп жатканын жашырышпайт. Мисалы, алардын билдирүүсүндө, быйыл февралда Камышлы калктуу конушундагы блокпостто Сирия аскерлери АКШнын куралдуу күчтөрүнүн патрулуна карай ок чыгарышкан. Эч ким жабыр тарткан эмес. Аны менен катар документте өлкөнүн түндүк-чыгышында орусиялык жана америкалык аскерлердин ортосундагы тирешүүлөрдүн саны өсүп жатканы баяндалат.

АКШ армиясынын аскердик машинелери Россиянын аскердик полициясынын жолун торогонго кылган аракеттери тууралуу толтура видеолорду Интернеттен тапса болот. Бактыбызга, бул аракеттер ок чыгарууга алып келбеди.

Сириядагы чыр: АКШ Россиянын "колу канган малынганын" айтты

Россия эч жакка кетпейт

Өлкөнүн аймагындагы Ирандын объектилерине израилдик учактардын соккулары жана антиорусиялык санкциялар Москва менен Иранды Башар Асадды колдоодон баш тартууга же жок дегенде кандайдыр бир деңгээлде жардамдарын чектөөгө алып келбегенин америкалыктар моюнга алууга аргасыз болушту.

"Жакынкы чыгыштагы таасирин күчөтүү плацдармы катары Россиянын Сирияны колдонуу боюнча дараметин жана умтулуусун АКШ туура баалай алган эмес. Россия, Иран жана алардын "проксилери" менен түзмө-түз кагылышуулар болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошону менен катар Москва сириялык өнөгүн колдоодо кайсы чекке чейин бара аларын аныкташ керек",  — дешет талдоочулар.

Дамаскыга кысым көрсөтүү уламдан улам татаалыраак болуп баратат деп кейишет докладдын авторлору. Биринчи кезекте Россия авиациясынын жана спецназ аскерлеринин жардамы менен фронттун чеги Сириянын борборунан ары жылдырылып, өлкөнүн басымдуу бөлүгү учурда "режимдин" көзөмөлүндө. Башар Асаддын саясий атаандаштарынын колунда азыр эч кандай көзүр калбады. Ошону менен катар күрддөр акырындан Дамаск менен жакындаша баштады. Демек, борбордук өкмөт өлкөнүн чыгышын жана түндүгүн өз көзөмөлүнө кайтарышы мүмкүн.

"Ислам мамлекети" дагы эле коркунуч туудурат

2018-жылдын декабрында Дональд Трамп "Ислам мамлекетин" жеңдик деп жарыя кылган. Бирок талдоочулардын пикиринде, куралдуу топтор толугу менен жок кылынган эмес. АКШнын өнөктөрү "Ислам мамлекетинин" Сириядагы акыркы таяныч пунктуларын 2019-жылдын мартында басып алышты. Бирок исламчылар Сириядагы жана Ирактагы куралчан топторун башкаруу түзүмдөрүн сактап кала алышты. Демек, алар азыр да олуттуу соккуларды кыла алышат.

"Алыскы келечекте Сириядагы "Ислам мамлекетинин" тагдыры өлкөдө куралчан топтордун башын көтөртпөй тура алган коопсуздук күчтөрүн түзө алабызбы, мына ушуга көз каранды. Бирок "Ислам мамлекетинин" коркунучу – көпкө чейин сакталып турат. Террористтер менен күрөшүүсүн токтотпошу үчүн биз мындан ары да күрддөргө колдоо көрсөтүп турушубуз керек", — дешет докладдын авторлору.

АКШ Сирияны колдоого алган Россия менен Кытайды жазаламай болду. Видео

Дагы бир коркунуч – аскер туткундарынын лагерлери, учурда аларда "Ислам мамлекетинин" он миңге жакын жоочулары кармалып турат. Негизинен алар өлкөнүн түндүгүндө жайгашып, аларды күрд аскердик бөлүктөрү кайтарууда. Алардан сырткары экстремисттердин үй-бүлө мүчөлөрү кармалып турган лагерлер бар. Алардын эң ириси – Аль Холеде террорчулардын 66 миң аялдары жана балдары камакта. Талдоочулардын пикиринде, ал жактарда жоочулар өз үгүт иштерин дагы эле улантып, камактагыларга дем берип турушат, ал эми "Ислам мамлекетинин" жактоочуларын куткарыш үчүн лагерлерге кол салууну пландаштырып келишет.

Камактагыларды кайтарганга күч жетишпей жатканын күрд жетекчилиги бир нече жолу билдирген болчу. Америкалыктар болсо жардам берүүгө шашылышпайт – Вашингтондун пикиринде, ар бир жоочунун ата мекени болгон өлкө өз жаранын өзүнө алып кетип, жазасын бериши керек. Бирок эч ким "өз" террорчуларын кайтарганы шашылбайт, ар түрдүү себептерди айтып, бул ишти создуктуруп келишет.

Көйгөйлүү аймак

Эң чоң маселелердин чордону – Идлиб аймагы. Учурда ал жерде Сириянын, Россиянын, Ирандын жана Түркиянын күчтөрү аракеттенүүдө. АКШнын аскерлери ал жакта жок, бирок америкалыктар "Аль-Каида"* менен байланышта болгон куралчан топторго бир нече жолу авиасоккуларды жасаган. Мамлекеттик эмес курамдардан "Хайят Тахрир аш-Шам", "Хурас ад-Дин", "Сириянын улуттук армиясы", "Хезболла" жана башкалар бар. "Ислам мамлекетинин" жоочулары да кездешет.

"Идлибдин түндүк райондору – оппозиция көзөмөлдөгөн жападан жалгыз аймак болуп эсептелет. Жергиликтүү топтор – 2011-жылы Дамаскка каршы чыккан күчтөрдүн калдыктары болуп эсептелет. 5-марттан бери Идлибде Түркия менен Орусиянын президенттеринин макулдашуусу боюнча убактылуу жарашуу орногон. Бул өлкөлөрдүн аскерлери М4 стратегиялык жолду чогуу көзөмөлдөп, кайтарып турушат", — дешет талдоочулар.

Докладдын авторлору белгилегендей, жоочулардын ок чыгаргандарына карабай азырынча убактылуу жарашуу сакталууда. Бирок ошол эле учурда Түркия Идлибге аскерлерин жөнөткөндү токтото элек, ал эми жакында зарылчылык чыкса аскердик аракеттерди баштаарын билдирди. Демек, Сириядагы согуштун токтошуна дагы көп бар.

224
Белгилер:
аймак, террорчулук, коопсуздук, Россия, Сирия, АКШ
Тема боюнча
Сирия хроникасы: россиялык күзөткө чабуул жана АКШнын активдешүүсү
Иран генерал Сулейманинин портрети. Архивдик сүрөт

Иран генерал Сулейманинин өлүмү үчүн Америкадан дагы өч аларын билдирди

22
(жаңыланган 11:01 20.09.2020)
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал декабрдын соңунда АКШнын армиясы Сириядагы жана Ирактагы шииттердин уюмуна сокку ургандан тарта курчуган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Ирактагы Американын аскер базаларына сокку уруу менен ирандык генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алып бүткөн жок. Бул тууралуу Ислам революциясын коргоочулар корпусунун (ИРКК) командири Хосейн Салами билдиргенин РИА Новости жазды.

"Америкалыктар биз менен салгылашкысы келсе региондун сыртында эмес, ичинде болушу керек. Алар тыштан туруп согуш жүргүзө алышпайт. Биз алардын оюн ишке ашырбай, бардык аскер базаларын тартып алып, аймакты тазалап коюуга кудуретибиз жетет", — деген Салами.

Ал белгилегендей, Ирактагы Американын базаларына сокку урууда, анын ичинде Айн-аль-Асаддагы операциясы менен эле генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу токтоп калган жок. Бул окуя болгону психологиялык тең салмактуулукту калыбына келтиргени белгленди. ИРКК командиринин айтымында, америкалыктар аскер башчысынын өлүмү үчүн жооп бериши керек, бирок бул аракет али ишке аша  элек.

Иранга каршы санкциялар: АКШнын опузасы суу кечпей калдыбы?

Салами кошумчалагандай, Сулеймани үчүн жалпы америкалыктардан эмес, аны өлтүрүүгө катышкандардан гана өч алууну ойлоп жатышат. Себеби азыркыга чейин АКШнын бул ишке кириптер аскерлери жок кылынган эмес.

Буга чейин Иран бийлиги аталган операцияга катышкан делген 30 кишини, анын ичинде АКШ менен башка чет мамлекеттердин саясий жана аскерий ишмерлерин, ошондой эле Америка президенти Дональд Трампты тизмектеген.

Ал эми Трамп Тегерандын болжолдуу чабуулуна комментарий берип жатып, АКШнын буга жообу "миң эсе масштабдуу" билдирген.

Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаал

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал декабрдын соңунда АКШнын армиясы Сириядагы жана Ирактагы шииттердин уюмуна сокку ургандан тарта курчуган.

Мындан кийин "Хезболла" уюмунун тарапкерлери Багдаддагы америкалык дипломатиялык миссияны камалап, андан соң Вашингтондун атайын операциясында ирандык генерал Касем Сулеймани каза тапты. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.

Сулейманинин өлүмүнөн кийин миңдеген ирандыктар митингге чыккан

8-январга караган түнү Иран АКШнын Ирактагы аскерий аба базаларына чабуул жасаган. Тегеран муну генерал Сулаймани үчүн өч алуу деп баалаган.

Трамп сокку урулган база боюнча билдирүү жасап, Иранга каршы курал колдонбой турганын билдирген. Бирок санкциянын жаңы түрлөрүн ойлонуп жатканын айткан.

22
Белгилер:
Чабуул, өч алуу, өлүм, Касем Сулеймани, Дональд Трамп, Америка, Иран
Тема боюнча
Котормочу болуп иштеген. Иранда ЦРУнун тыңчысы өлүм жазасына тартылды
Ирак АКШ аскерлерин аймактан чыгарууну талап кылууда. Пентагон ага каршы
Ирак Сулейманинин өлүмүнөн кийин америкалык аскерлер боюнча чечим кабыл алды
TikTok тиркемесинин логотиби. Архив

АКШда бүгүндөн тарта TikTok тиркемесин жүктөөгө тыюу салынат

11
(жаңыланган 10:22 20.09.2020)
АКШ бийлиги TikTok колдонмосу америкалыктардын маалыматтарын Кытайга берип турушу мүмкүн деп шектенип жатат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. АКШнын Соода министрлиги TikTok тиркемесинин түзүүчүлөрү улуттук коопсуздукка байланышкан көйгөйдү жойбосо, 20-сентябрдан тарта колдонмону көчүрүүгө жана аны 12-ноябрдан тарта колдонууга тыюу салат. Бул тууралуу АКШнын Соода министрлигинин релизинде айтылганын РИА Новости жазды.

“АКШ президенти Дональд Трамптын 2020-жылдын 6-августунда кол койгон буйруктарына жооп катары Соода министрлиги өлкөнүн улуттук коопсуздугун коргоо максатында WeChat жана TikTok мобилдик тиркемелерине байланыштуу транзакцияларга тыюу салынгандыгын жарыялады”, — деп айтылат маалыматта.

Microsoft TikTok тиркемесин сатып ала алган жок. Сунуш четке кагылды

Анын үстүнө, буга чейин ЖМКлар америкалык Oracle жана ByteDance компаниялары биргелешкен TikTok Global жаңы компаниясын түзөрүн жазган. Анын штаб-квартирасы АКШда болуп, Oracle миноритардык акционер, ал эми ByteDance мажоритардык акционер болору белгиленген. Массмедиада айтылгандай, бейшембиде эки компания жана АКШнын Финансы министрлиги TikTok колдонмосунун активдерин сатып алуунун шарттарын алдын ала макулдашкан.

“АКШ президенти (Дональд Трамп — ред.) TikTok тарабынан улуттук коопсуздукка жаралып жаткан коркунучту жөнгө салууга байланышкан көйгөйдү чечүү үчүн 12-ноябрга чейин мөөнөт берди. Эгер маселе оң жагына чечилсе, тиркемеге салынган тыюулар алынат”, — деп айтылат билдирүүдө.

АКШнын администрациясы TikTok колдонмосунун түзүүчүлөрүн америкалыктар боюнча маалыматтарды Кытай бийлигине берип турушу мүмкүн деп айыптап жатат. Ал эми колдонмонун ээси ByteDance мындай айыптоолорду четке кагууда. Ал эми Трамп август айында “TikTok коркунучу менен күрөшүү жөнүндө” жана “WeChat коркунучу менен күрөшүү жөнүндө” жарлыктарга кол койгон. Анда ал америкалык юрисдикциядагы ByteDance менен болгон бардык келишимдерди токтотуу үчүн бир айга жакын убакыт берген.

TikTok сервисиндеги кал, меңди кетирген челлендж медиктердин тынчын алууда

Ал мөөнөт бүгүн, 20-сентябрда, аяктайт. Тиркемени сатып алууга кызыкдар экинчи кардар, Microsoft компаниясы ByteDance алар менен кызматташуудан баш тартканын айткан. ЖМКда расмий Пекин TikTok тиркемесинин активдерин АКШда сатылуусуна каршы чыкканы, андан көрө тыюу салынганына макул экени айтылат.

Кытайдын реакциясы

Кытай WeChat жана TikTok боюнча АКШнын аракеттерине каршы чыгып, Вашингтонду туура эмес кадамга барбоого жана каралоодон алыс болууга чакырды.
TikTok колдонмосунун башкы директору Ванесса Паппас Facebook жана Instagram тиркемелеринин түзүүчүлөрүнө кайрылып, америкалык бийликтин чечимине каршы турууга колдоо көрсөтүүнү суранды.

11
Белгилер:
коопсуздук, тыюу салуу, Кытай, TikTok, АКШ
Тема боюнча
Трамп АКШнын гипер үндүү, укмуштуудай ракетасы бар экенин айтып мактанды
Шайлоо участкасында добуш берип аткан бишкектиктер. Архивдик сүрөт

БШК: көпчүлүк “баарына каршы” добуш берсе да ушул партиялар кайра шайлоого катышат

0
(жаңыланган 11:27 20.09.2020)
Соңку убакта социалдык тармактарда азыркы партиялардын парламентке келишине бөгөт коюу максатында баарына каршы добуш берүүнү активдүү үгүттөгөндөр болууда.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Эгер парламенттик шайлоодо “баарына каршы” графасына добуш бергендер көп болуп чыга турган болсо кайрадан ушул эле партиялар, азыркы тизмедеги талапкерлери менен шайлоого катышат алат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча бир дагы партия жети пайыздык босогодон жогорку добуш ала албаса жана “баарына каршы” графасы биринчи сапка чыкса, кайрадан шайлоо өткөрүлөт.

Шайлоочу кимге добуш бергенин партиялар текшере алабы? БШКнын жообу

Соңку убакта социалдык тармактарда баарына каршы добуш берүүнө активдүү үгүттөгөндөр болууда. Алар эгер “баарына каршы” графасы биринчи орунга чыкса кайра шайлоо өтүп, азыркы партиялар ага катыша албай турганын айтып келишкен.

“Азыркы жана башка партиялар кайрадан катышууга укуктуу болот. Ошондой эле талапкерлердин тизмесин да өзгөртө алышат. Кайра шайлоо өткөрүү дайындалганда катышууну каалаган бардык партиялар арыз жазып, кайра башынан БШКдан каттоодон өтөт”, — деди Осмоналиев.

Ошондой эле ал “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын 38-беренесинде партияларга тиешелүү эреже жазылганын белгиледи.
Ага ылайык, кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда, иш аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу укугуна ээ боло албайт.

Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме

Эгерде мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссиясынын кызматкерлеринин чечимдери шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныса, биринчи турдагы шайлоого катышкан партиялардын баары жана башкалары катыша алат.

Учурда Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алууга 16 партия ат салышууда. Шайлоо 4-октябрга дайындалган.

0
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Админресурс колдонгондор кандай жазаланат? Мамкызматкерлер үчүн маалымдама