БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Индиядагы Кожикоде шаарында учак конуп жатканда жерге катуу тийип, 14 адам каза таап, 123ү жарадар болду. Бул туурасында РИА Новости ANI агенттигине шилтеме берип кабарлады.
Алдын ала берилген маалыматта, Дубайдан келген Boeing 737 учуп-конуучу тилкеден чыгып кетип, андан кийин экиге бөлүнүп калган.
Индиянын Авиация министрлигинен учактагы 174 жүргүнчүнүн ону балдар, бешөө экипаж мүчөсү болгонун кабарлады.
Кырсык болгон жерге Тез жардамдын 24 бригадасы жиберилген. Учактын алдыңкы бөлүгү үзүлүп түшкөндөн кийин, бардык жүргүнчүлөр эвакуацияланган.
BREAKING: An Air India Express plane with nearly 191 people on-board skids off runway and breaks up into two at airport in #Kozhikode airport in #Kerala
— News_Executive (@News_Executive) August 7, 2020
(Pictures from local social media) pic.twitter.com/atDXUSwtPJ
"Бактыга жараша учак өрттөнүп кеткен жок", — деген маданият жана туризм министри Альфонс Каннантанам Twitter баракчасына маалымат чыгарып.
NDTV телеканалы кырсыктан улам 30 киши ооруканага жеткирилгенин айтат.
Watch | Rescue operations underway as Air India Express flight from Dubai with 184 passengers overshoots runway during #Kerala landing pic.twitter.com/G6h6weg9JF
— NDTV (@ndtv) August 7, 2020
Учактын алдыңкы бөлүгү толук бойдон талкаланып, учуу тилкесине жана анын чет жактарына сыныктар чачыраган.
Кералынын башкы министри Пинарайи Виджаян полиция, өрт өчүрүүчүлөргө жана тийиштүү чиновниктерге авиакырсыкка карата куткаруу жана медициналык жардам көрсөтүү боюнча чукул чараларды көрүүнү тапшырган.
Кээ бир учурда Кызыл китепке кирген же сейрек кездешүүчү жаныбардын тукуму жарыкка келсе дүйнө жүзү үчүн чоң сенсация болот.
Бул сүрөт түрмөктө жаныбарлардын күчүктөрү кичинекей кезинде кандай болорун көрөсүздөр. Sputnik Кыргызстан сүйкүмдүү 15 сүрөттү сунуш кылат.
Франциянын Мюлуз зоопаркындагы леопарддын күчүгү. Леопард арстан менен жолборско салыштырмалуу кичирээк келет
Стокгольмдун зоопаркындагы мамалак. Ысыкта ал сууга түшүп сергип жатат
Жаңы туулган баласын кучактап жаткан горилла июнь айында Антверпен (Бельгия) шаарында тартылган
Гиппопотамдын баласы Франциянын зоопаркында 7-июнда туулган. Аны "Мадагаскар" мультфильминин каарманы Глориянын ысымы ыйгарылган
Игрунка маймыл тукумундагы эң кичинекей жандык деп эсептелет. Анын чоңу куйругун кошо өлчөгөндө 22 сантиметр чыгат. Сүрөт июнь айында Францияда тартылган
Дарбыз тиштеп алган ак аюунун мамалагына Нана деген ысым ыйгарылган. Ал Ганновердеги (Германия) зоопаркта жашайт
Ак арстандар сейрек кездешкен жандыкка кирет. Ошондуктан анын күчүгүнүн жарык дүйнөгө келишин сенсациялуу окуя деп бааласа болот. Сүрөт Испаниядагы зоопаркта күчүккө сүт берип жатканда тартылган
Мексикалык карышкырлар тукуму жок болуп кетүү алдында турат. 90-жылдардан тарта бул жандыкты көбөйтүү боюнча программа иштелип чыккан. Бөлтүрүктөрү менен жаткан эне-карышкырдын сүрөтү Сальтильо (Мексика) зоопаркынан тартылган
Судандагы жапайы айбанаттардын паркында арстан күчүгүн көтөрүп турат. Пандемия убагында бул жерде бир нече арстан жарыкка келген. Азырынча аларды сүрөттөн гана көрүүгө болот
Москванын зоопаркында күчүктөрү менен турган Фрея аттуу жапайы ит. Бул жандык көбүнесе үлпүлдөк аюуга окшош. Ал Борбордук жана Түштүк Америкада жашайт
Туулганына үч күн болгон керик. Ал 6-июнда Австриянын Зальцбург зоопаркында жарыкка келген
Ымыркайын артына көтөрүп жүргөн лемур. Баласы Франциянын зоопаркында жаз айындагы карантин убагында туулган
Акыра кичинекей баласынан канчалык чоң экенин көрүңүз. Сүрөт Индонезиянын Жакарта зоопаркында тартылган
Бул суматрандык орангутандын баласы Москванын зоопаркында жашайт
Боор ооруткан сүрөт. Гамбургдун (Германия) жапайы айбанаттар паркында сүлөсүндүн үч мый-мыйынын бири
Владимир Путин пандемиядан кийин биринчи ирет президенттик кайрылуу жолдоду. Президенттин сөзүнүн урунттуу учурларына РИА Новости сереп салган.
COVID менен күрөш уланып жатканына карабастан, учурда туннелдин аркы учундагы шоола эмес, айттырбай келген апааттан акырындап арылуу аракеттери өтөсүнө чыгып баратканын ишенимдүү айтууга болот. Президент да өз сөзүн дал ушул нерседен баштап, пандемиянын башталышында көпчүлүк абал кандай болуп кетет деп тынчы кетип турганда кооптонгону менен Россия бул сыноодон да өтөт деген ишеними бекем болгонун белгиледи.
Куру сөз менен эмес, иш менен, башкача айтканда, үй-бүлөнү жана балдарды социалдык жактан коргоонун жаңы чаралары менен колдоого алынары айтылды. Бул камкордук кризис биринчи кезекте жетишпеген турмушта жашагандарга сезилгени үчүн эмес, жок, бул элди коргоп, көбөйтүүгө багытталган стратегиялык кадам. Путиндин айтымында, мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты.
Коронакризис Россиянын башкы көйгөйү болгон демографиялык маселени курчутту. Президент бул жааттагы абалды өзгөчө деп атап, калктын санын туруктуу көбөйтүүгө жол ача турган бир катар чараларды сунуштады. Маселени чечүү үчүн өкмөт 1-июлга чейин балалуу үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган чаралардын бүтүндөй системасын даярдашы керек. Бул жерде башкы милдет — жакырчылыкка жол бербөө, анткени балдардын төрөлүүсүнүн өсүшү ушул нерседен көз каранды.
Путин эмнелерди сунуштады? Биринчиден, кирешеси эки жашоо минимумунан төмөн болгон толук эмес үй-бүлөлөргө 1-июлдан баштап 8 жаштан 16 жашка чейинки балдар үчүн ай сайын төлөм чегерүү. Бул каражат ага чейин белгиленген төлөмдөргө кошумча иретинде берилмекчи. Мындай колдоого башынан эле атасыз өскөн же ата-энеси ажырашкан миллиондогон үй-бүлө ээ болот.
Экинчиден, жети жашка чейинки баласы ооруп калган энеге эмгек стажысына карабастан айлык акысынын 100 пайызы төлөнөт.
Үчүнчүдөн, оор кырдаалга кабылган кош бойлуу келиндерге ай сайын төлөм чегерилет. Болочок эне мамлекеттен моралдык жана медициналык эле эмес, материалдык да колдоо болуп турарын сезиши керек. Мындай кадам биринчи жолу жасалмакчы.
Мындан тышкары, кирешенин көлөмүнө карабай балдарга ай сайын берилүүчү былтыркы төлөмдөр улантылат. Августта ар бир окуучуга 10 миң рублден төлөнүп берилмекчи.
Анткени өлкө ким менен эмне талашып жатканын так билип, өз коопсуздугун, өнүгүүсүн камсыздоого кудурети жетет. Кайрылуунун тышкы саясатка багытталган бөлүмү чакан, бирок эмоционалдуу, ачык болду.
Путин Россия менен өйдөсүнүп, кыр көрсөтүп сүйлөшүү майнапсыз экенин айтты. Өлкө өз позициясы менен кызыкчылыгын коргоо үчүн дайым жол табат. Андыктан президент Россияга чагымчылык кылбоону жана козутпоону талап кылды.
"Айрым мамлекеттер бир нерсе болсо эле, көп учурда эч себепсиз эле Россияны кыпчый кеткен акылга сыйгыс адат таап алды. Ким катуураак кыйкырып чыгат деп жарышкан сыяктуу".
"Токтоолук кылып, сабырдуу болуп жатабыз. Көп учурда көз жаздымда калтырып унчукпай коёбуз. Биз баары менен жылуу мамиледе болгубуз келет. Бирок иш жүзүндө эмне болуп жатканын да көрүп жатабыз: жогоруда айткандай, Россияны жөнсүз эле ар нерсеге кыпчып жатышат. Албетте, алардын айланасына Шерханды тегеректегендей эле "Табакилер" жыйналып, Киплинг айткандай, башчысына дем-күч берүү үчүн улуп-уңшуп турушат. Киплинг улуу жазуучу эле".
"Биз эл аралык аренада бардыгы менен, акыркы убакта тил табыша албай жаткан тараптар менен да жылуу мамиледе болгубуз келет. Таптакыр бет карашпай калгандан алыспыз. Бирок биздин изги ойлорубузду кайдыгерлик же алсыздык катары кабылдагандар же таптакыр алаканы үзмөкчү болгондор Россия токтоосуз жана катуу жооп берерин билиши керек".
Маселенин кабыргасынан коюлганына карабастан Путин дагы түшүнүктүүрөөк болушу үчүн минтип кошумчалады:"Биздин коопсуздугубузга чагымчылык уюштургандар болуп көрбөгөндөй катуу өкүнөт".
Ошону менен бирге Путин эч кимди коркутуп опузалаган жок, болгону Россиянын улуттук кызыкчылыгы өткөн жерге кызыл чийин чийип жаткандарга жооп гана берди. Кызыл чийин боюнча да сөзү түшүнүктүү болду:
"Россияга карата кызыл чектен өтүү эч кимдин оюна келбейт деп ишенем. Ал чек кай жерде экенин ар бир учурда биз өзүбүз аныктайбыз".
Ооба, Россия улуттук кызыкчылыгы, орус дүйнөсүнүн кызыкчылыгы эмнеде экенин өлкө ичинде да, сыртында да өзү аныктайт. Мындай абал жагышы да мүмкүн, жакпай калышы да ыктымал, бирок моюн сунууга туура келет.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Борбор Азиядагы Америкалык университеттин (БААУ — АУЦА) президенти Эндрю Качинс ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Окуу жайдын жетекчиси каттоого алынган кылмыш ишинин алкагында чакырылганы айтылат.
Министрлик сотко чейинки өндүрүш боюнча маалымат Жазык-процессуалдык кодексинин 160-беренесине ылайык ачыкка чыгарылбай турганын кошумчалады.