COVID: вакцинаны өз организминде сынаган казак окумуштууларынын абалы кандай

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүУкол кармап турган дарыгер. Архив
Укол кармап турган дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вакцина Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан. Клиникалык сыноонун биринчи баскычы сентябрь айында баштала турганы айтылды.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. COVID-19га каршы вакцина иштеп чыккан жети окумуштуу аны өз организминде сынап көрүштү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Коңшу өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, учурда изилдөөчүлөр өз ишин улантууда. Вакцина Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү боюнча илимий-изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан. Мекеменин директору Күнсулу Закарьянын айтымында, окумуштуулардын абалы жакшы.

"Вакцина алган окумуштуулар өздөрүн жакшы сезүүдө, алар изилдөөсүн улантып жатат", — деди ал.

Вакцинанын клиникага чейинки сыноонун жыйынтыктары Дары-дармектерди экспертизалоо улуттук борборуна жөнөтүлдү. Ал жактан тиешелүү жумуштар аткарылып, жыйынтыгы август айынын ортосунда белгилүү болот.

COVID: ДССУ Казакстандын экинчи вакцинасын каттады

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин уруксатынан кийин вакцинанын клиникалык сыноосунун биринчи баскычы сентябрь айында баштала тургандыгы кабарланган. Ага 18ден 50 жашка чейинки 44 ыктыярчы катышмак. Экинчи клиникалык сыноо октябрь айынын ортосунда болуп, декабрь айында аяктайт. Эгер жакшы жыйынтык болсо, Жамбыл облусундагы заводдон чыгаруу пландалууда.

Казакстанда алгачкы жолу коронавируска каршы вакцина сайылды

Эске салсак, август айынын башында Казакстандын коронавируска каршы экинчи вакцинасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда (ДССУ) каттоого алынган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0