Дарыгерлер уйкусурай берген баланын башынан ок табышты

© Sputnik / Игорь Онучин / Медиабанкка өтүүХирург операция учурунда. Архив
Хирург операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баарынын жүрөгүн түшүргөн компьютердик томографиянын жыйынтыгы — баланын башында ок бар экенин көрсөттү.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Чыгыш Иерусалимде медиктер тогуз жашар баланын башынан ок табышты, анын ата-энеси баласынын дайыма уйкусурап жүрөрүн айтып даттанышканын The Daily Mail жазды.

Баланын жүрүм-турумуна кабатырланган ата-эне дарыгерлерге кайрылышкан. Алар тогуз жашар баласынын дайыма уйкусурап, шалдырап жүргөнүн байкашкан. Дарыгерлер медициналык кароодо палестиналык өспүрүмдүн башынын арт жагынан карттанып калган анча чоң эмес жараатты көрүшкөн.

АКШда телекөрүүчү алып баруучунун ракка кабылганын аныктоого жардам берген

Компьютердик томографиянын жыйынтыгы менен баланын башында ок бар экендиги баарынын жүрөгүн түшүрдү. Дарыгерлер алгач анын башындагы жараатты достору менен ойноп жүрүп кокустатып алган го деп ойлошкон.

Бейтап дароо операцияга киргизилген. Ийгиликтүү өткөн операциядан кийин бала акырындан өзүнө келүүдө. Нейрохирургдардын бири белгилегендей, эгер ок бир аз башка жагынан киргенде бала каза болуп калмак.

Полиция аталган факт боюнча териштирүү иштерин баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0