Афганистан: талибдештирүүдөн кийин Америка баскынчылыгы бейиштей көрүнө баштайт

© AFP / NOORULLAH SHIRZADA"Талибан" тобунун мүчөлөрү. Архив
Талибан тобунун мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кандуу кагылыштар жана террордук актылар коштогон катаал жолдо Афганистан америкалыктарсыз жаңы жашоосуна баратат. Бул жаңы жашоо жаңы куралдуу кагылыштарды жаратып, кошуна өлкөлөрдөгү абалды курчутушу мүмкүн.

Александр Хроленко, аскердик серепчи

Афганистандагы абал жарашуу тууралуу билдирүүлөрдөн бир топ эле айырмаланып турат. АКШ менен келишимге кол коюлганына беш айдын жүзү болсо да "Талибан" Кабул менен ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жете албады. Жоочулар жаңы калктуу конуштарды өз көзөмөлүнө алганга аракеттенип, аскердик жана полицейлик блокпостторго, аскердик базаларга, бир катар аймактардагы полицейлердин имараттарына кол салып жатышат. Августтун башында 37 аскер жана полиция кызматкери, 61 жоочу жана 43 жергиликтүү тургун каза болду.

Жолго коюлган минадан 5-августта түндүктөгү Баглан аймагында 12 адам курман болду. Бир күндөн соң Баглан – Саманган жолунда талибдер эки бензин ташуучу автоунааны өрттөп, бензин ташуучу жети автокөлүктү карактап, андагы майды Пули-Хумриде литрин 20 афганиден сатышкан. Бул "бизнеске" афгандык коопсуздук күчтөр менен болуп жаткан атышуулар да жолтоо боло алган эмес. Өз кезегинде акыркылар Кандагар жана Газни аймактарында гана бир аз ийгиликке жетише алышкан.

Талибдер бийликке умтулууда. Кабул курчоодобу?

"Ислам мамлекетинин" жоочулары "жандана" башташты – Желал-Абаддагы (чыгыштагы Нангархар аймагы) түрмөгө 2-августтагы чабуул учурунда 29 адам (алардын 10у террорчулар) каза болуп, 800 камакта отургандар – "Ислам мамлекетинин" мүчөлөрү, талибдер жана кылмышкерлер – качып кетишкен.

Жарашуу боюнча кадамдар кыйынчылык менен жүрүүдө. Камактагы талибдер жана туткундагы аскерлер менен алмашуу боюнча татаал жана көп суроону жараткан иш-аракеттер Афганистанда дээрлик аяктап калды. Жалпысынан күч органдарынын 1005 кызматкери бошотулуп, 4750 талиб түрмөдөн чыгарылды. Эркиндикке чыгарылган жоочулар биз эми мындан ары согушпайбыз деп убада беришип, тийиштүү кагазга кол коюшканы менен, алардын көбү убадасына турбай, кайра колдоруна курал алышкан.

Афганистандын президенти Ашраф Гани талибдер берген тизмедеги 400 ашынган террорчуну түрмөдөн бошотууга каршы чыгып, бул маселе боюнча эл менен кеңешүү керектигин билдирген. Бирок "Талибан"* кыймылы 5-августта расмий бийликтин Лойя Жирганы (эл өкүлдөрүнүн жыйыны) өткөрүү тууралуу чечимине каршы чыкты. Кыймылдын пикиринде, бул жыйындын укуктук статусу жок жана "баскынчылык бүткөндөн кийин" ал элдин мүдөөсүн чагылдыра албайт. Ошентип, талибдер өздөрүн өлкөнүн конституциясынан жана кылмыш-жаза кодексинен жогору коюп, чындык алар тарапта гана дегендей белги берип, Кабулдагы "коллаборациялык" өкмөттү мыйзамсыз деп баалашууда. АКШ болсо өзүңөр чечишип алгыла дегендей мамиле кылууда.

Түндүктөгү көйгөйлүү аймак

Ооганстандын түндүгүндө тынчтык жок. Тажикстан менен Өзбекстанга чектеш Балх аймагы июлдун аягында өкмөттүн аскерлери менен талибдердин ортосундагы катуу кагылыштарга байланыштуу эң кооптуу аймакка айланды.

АКШнын "Талибан* менен "туугандашуусунун" аягы эмне болот?

Афганистандагы абал оор, чаташ болуп турган кезде ооган-тажик чек арасындагы кырдаал дагы курчуй түшкөнүн Душанбе билдирүүдө. Бул аймакка ондогон жоочулар топтоло баштаган, алардын арасында Тажикстандын да тургундары бар. Президент Эмомали Рахмон Тоолуу-Бадахшан автономдуу областтагы чек ара тилкесин бекемдөөгө буйрук берди. Тажикстан шериктеш өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдө тажик-ооган чек арасындагы коопсуздук маселесин такай көтөрүп келет.

Окуялардын өнүгүү логикасы мындай, эгер талибдер жеңе турган болсо Америка Кошмо Штаттары менен келишимге ылайык кошуна Борбордук Азия өлкөлөрдөн келген жоочуларга Ооганстандын аймагынан чыгып кеткиле деген талап коюлушу мүмкүн. Катуу даярдыктары бар жүздөгөн жоочулардын Тажикстанга жана Өзбекстанга кайтып келиши бул өлкөлөрдөгү абалды радикалдаштырып да, татаалдаштырып да жибериши ыктымал. ЖККУ жана Москва менен биргеликте чогуу иш алып барган учурда гана окуянын бул нукта өнүгүүсүнүн алдын алса болот. Андан кийинчи?

Бул жерде "Талибан", башына кайрылсак – элдин муктаждыгынан жаралган кыймыл эмес эле Пакистандын ачык мүнөздөгү долбоору экенин, ал "борбор азиялык жаз" идеясын Тажикстан менен Өзбекстандын жана башка коңшу мамлекеттердин аймагына таратышы мүмкүн экендигин түшүнүшүбүз керек. "Талибандын" жоочулары – сырткы оюнчулар үчүн согуштун жана талкалап бузуунун ыңгайлуу куралы болуп эсептелет. Курамы жана көз караштары боюнча бир кылка болбогон бул террористтик уюмду эл аралык коомчулук тараптан мыйзамдаштыруу өтө опурталдуу кадам болот.

"Талибан" экинчи жолу бийликке Кошмо Штаттардын макулдугу менен келген учурда да ал афган эли жана коңшу өлкөлөр үчүн көп коркунучтардын булагы бойдон кала берет – бул диний экстремизм, баңгизат трафиги, куралдуу террорчулук (булар кыймылдын негизин түзөт). 32 миллион калкы бар Афганистандын "талибандаштырылышы" бул: диний эмес билим алууга, маданиятка, телеберүү менен кинотеатрларга тыюу салынышы, мектептер менен университеттердин көбүнүн жабылышы, конституциянын ордуна шариат сотторунун чечимдеринин колдонулушу, аялдардын коомдук жашоодон обочолонушу, кылган кылмышы үчүн орто кылымдарга мүнөздүү жанын кыюу, колу-бутун кесүү сыяктуу жазалардын кеңири колдонулушу (1996-жылы талибдер бийликке келгенде ушул нерселер байкалган эле).

Афганистанда бир нече теракт болуп, анын жоопкерчилигин "Талибан" алды. Видео

Жамандыктын чордону

"Талибан" жеңишке жетеринен күмөн санабайт, мыйзамдуу ооган өкмөтүн "тазалаганга" даяр. Талибдердин жетекчиси Мавлави Хибатулла Ахундзада өткөн аптада мындай билдирүү кылды: "Жихадыбыздын максаты өзгөргөн жок – баскынчылыкты токтотуу жана Афганистанда нукура исламдык өкмөттү түзүү". Ошондуктан АКШ жана эл аралык коомчулук "мындан ары да маселелерди жаратуусун токтотушу керек".

Катуу билдирүү. Ал эми маселелерге кайрыла турган болсок, учурда талибдердин бийлигинин алдында 15 миллионго жакын адам, Афганистандын калкынын дээрлик жарымы, жашап келет. Алар эртең менен үйдөн чыгып жатканда, аман-эсен кайтып келишеби же жокпу так айта алышпайт. БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (UNODC) маалыматы боюнча, Афганистанда апийимди өстүрүү 2017-жылы 87 пайызга өсүп, 9000 тоннаны түзгөн, ал эми америкалыктардын аскерлери өлкөгө киргизилгенден бери баңгизат чийки затын өндүрүү 40 эсе өскөн, афган апийиминин бир жылдык аткезчилигинин көлөмү 3 млрд долларга бааланат.

Ошондой болсо да "Талибандын" идеологиясын, эгер бар болсо планын жана программасын кабыл албай талибдер менен кантип жарашса болот? Мурдараак Афганистан сенатынын төрагасы Мохаммад Алам Изидьяр Sputnik агенттигине берген интервьюсунда мындай деген эле: "Афган эли үчүн Афганистандагы талибдер – террордук топ экенин түшүнүү өтө маанилүү. Кайсы гана өлкө болбосун талибдерди колдоого алуусун биз кабыл албайбыз... Биз үчүн "Талибан" менен "Исламдык мамлекет" топторунун террорчуларынын ортосундагы айырмачылык анчалык деле чоң эмес". Таасирдүү афшан саясатчысы жана "можахеддер" кыймылынын ардагери Изидьяр кошумчалагандай, "Талибанга" түзмө-түз же кыйыр түрүндө колдоо көрсөтүү туруксуздукту Борбордук Азиядагы кошуна өлкөлөргө жылдырууга негиз түзөт.

Туура жана таамай сөздөр. Ооганстанда эч нерсе өзгөргөн жок. Бир гана америкалыктар Афганистандагы саясатын өзгөртүп, террорчулар менен көп жылдык кандуу тирешүүнү уланткандын ордуна Пентагондун аскерлерин тез жана коопсуз жол менен өлкөдөн чыгарып кетүү планын (бизден кийин эмне болсо, ошол болсун дегендей) кабыл алышты. Жакында АКШ Афганистандын Гильменд, Урузган, Пактика жана Лагман аймактарындагы дагы беш аскердик базасын жапты. Америкалыктардын куралдуу күчтөрүнүн саны 4 миң аскерге чейин кыскарат, ал эми 2021-жылдын май айына чейин аскери толугу менен чыгарылып кетет. Эми Дональд Трамптын президенттик администрациясына, мамкатчы Майкл Помпеонун сөзү боюнча, Афганистандагы абалды турукташтыруу үчүн Кремлдин колдоосу керек. Бирок келечекте абалды турукташтырса болобу, бул талаштуу маселе.

"Курулай күнөөлөө". Россия ТИМи NYT жазган макалага жооп берди

Россия Афганистандын тынч, туруктуу, көз карандысыз, экономикалык жактан өнүккөн, террорчулардан жана баңгизаттардан арылган өлкө катары өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү саясатын ырааттуу түрдө жүргүзүп келет. Россиянын жана ЖККУнун курамындагы башка өлкөлөрдүн афган багытында иш алып баруусуна талибдерге карата жумшак мамиле тоскоолдук кылууда. Ал эмес Афганистандын тышкы иштер министри Ханиф Атмар кечээ эле "моюнга алгандай" билдирүү кылды: "Жарашуу тууралуу башында эле ойлонуп, талибдерге татыктуу тандоо кылганга шарт түзүшүбүз керек болчу... Биз аларга жарашуунун татыктуу жолун сунуштай албай, алардын Афганистандан чыгып кетүүсүн талап кылып туруп алдык. Бул туура эмес саясат эле" (балким, Ханиф Атмар жаңы "таза" өкмөттүн курамына кирем деп жаткандыр). Ошол эле кезде ЖККУнун "Талибанга" карата нааразычылыктарынын көбү өзгөрүүсүз калды. Кыймыл мыйзамдуу өкмөткө карата куралдуу кысым көрсөтүүнү дагы эле жетекчиликке алат, "Аль-Каида" менен байланыштарын үзө элек, баңгизат трафигин колдоп келет, бул тизмектин башы гана.

Жаңылыктар түрмөгү
0