Бейрутта нааразычылык акциясы

Бейрутта ири жарылуудан кийин нааразычылык акциясы башталды. Видео

241
(жаңыланган 23:24 08.08.2020)
Ливандын жакында эле ири жарылуу болгон борбор шаарында жарандар менен полициянын ортосунда кагылышуу болду. Нааразы болгон эл өкмөттүн отставкасын талап кылууда.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бейрутта нааразычылык акциясы башталып, чогулган эл Ливандын Тышкы иштер министрлигинин имаратына кирип барды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

RT Телеграм-каналына акцияга чыккан эл жана талкаланган шаар көрсөтүлгөн видеолор жарыяланды.

Ашрафия районунда жайгашкан ТИМ имаратына "Бейрут — ашкерлешүүдөн арылган шаар”, “Революция борбору” деген жарнактарды көтөргөн тургундар басып киришти.

Бийликке каршы митингге миңдеген адамдар катышууда. Алар өкмөттүн отставкасы жана чечкиндүү реформаларды талап кылууда. Айрым топтор полицияга таш ыргытып жатышат. Тартип сакчылары жооп катары көздөн жаш чыгаруучу газ чачууда. Кызыл Крест коому менен Жарандык коргонуу мекемелеринин автоунаалары жеринде иштеп жатат.

Кагылыш учурунда 109 адам жабыркап, 14ү ооруканага жеткирилди. Акыркы маалыматтарга караганда, Бейруттагы жарылуудан 154 киши каза болуп, 120 киши оор абалда ооруканада жатат.

Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору болгон Бейрут шаарындагы портто катуу жарылуу болгон.

241
Белгилер:
кагылышуу, шаар, полиция, эл, Митинг, жарылуу, Бейрут
Тема:
Бейруттагы жарылуу (16)
Тема боюнча
Бейруттагы жарылуу: Жээнбеков Ливан президентине көңүл айтты
Бейруттагы жарылуу төрт оорукананы талкалады. Жабыркагандар жардамга муктаж

БУУнун Коопсуздук кеңешин кеңейтүү... Тынчтыкты сактоо үчүн эмнесин калтыруу зарыл?

25
БУУга мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери уюмду жаңылоодо. Башкы ассамблеянын мааракелик отурумунда реформалоо боюнча бир нече сунуш түштү.

Быйыл Бириккен Улуттар Уюмуна 75 жыл толду. Ага мүчө-өлкөлөр бир катар жерлерин өзгөртүүнү чечишти. Дүйнө башкача боло баштады, түзүм өзгөрдү. Эмне болгон күндө да, өзгөрүү баары бир жакшы жакка алып бара турган ыңгайлуу учур. Маселен, Владимир Путин вето укугун сактоону сунуштады. Дүйнөдө туруктуулукту сактоо эмне үчүн маанилүү деген суроого төмөнкү видеодон жооп алууга болот.

25
Белгилер:
Владимир Путин, БУУнун Башкы Ассамблеясы, БУУ, Россия
Тема боюнча
Путин: БУУ бир орунда катып калбай, заманга ылайыкташуусу керек
АКШ президенти Дональд Трамп. Архивдик сүрөт

БУУну АКШ ыдыраткысы, Россия куткаргысы бар

72
(жаңыланган 17:16 24.09.2020)
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын мааракелик 75-сессиясы бир топ ойго салат. Аралыктан өтүп жаткан бул иш-чарага дүйнөлүк лидерлер бул ирет аталган уюмдун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында трибунадан эмес, видеоформат боюнча катышууда.

Ушул тапта планетанын үч таасирдүү адамынын докладдары бүйүр кызытып турат. Бул боюнча Ирина Алкснистин ой толгоосу РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

Дональд Трамптын сөзү шайлоо алдындагы иш-чаралардын бири болуп калды. Өзүнүн тышкы саясатынын эң негизги – антикытайлык багытка басым жасоо менен гана чектелбестен, Бириккен Улуттар Уюмун теңсинбей-тоготпогон мамилесин дагы бир ирет баса белгиледи.

Трамп Ак үйдө, мамлекеттик туу жана Кошмо  Штаттардын президентинин желегинин фонунда кадимки басма сөз жагдайында, кеби БУУга же эл аралык аудиторияга деле даректелбегендей сүйлөдү.

Батыштын тарыхты бурмалоо аракети ишке ашып келе жатат

Америкалык лидер өз өлкөсү Бириккен Улуттар Уюмунун эң ири каржылык булагы болуп саналат, демек, ал Вашингтонго баш ийип, анын буйруктарын аткарууга милдеттүү экенин мурдатан айтып келген. Ага чейинки президенттер деле ушундай ойдо болгону шексиз. Болгону муну Трамп биринчилерден болуп ачык билдирип, ал түгүл "кулак салбаса", жазалай турганын айтып опузалаган. Ошондуктан анын бул жолку сөзүн ал шайлоо кампаниясы кызып тургандагы маселелерди чечип алуу үчүн пайдалануу мындай ыкманын алкагына сыйдырды.

Россиялык маалымат каражаттары америкалык президент кебинде бул ирет РФ боюнча таптакыр оозанбаганын белгилешти. Ал эми Кытайды кеминде эле 12 жолу атады (АКШны он гана ирет сөзүнө кошконун да кыстара кетпесек болбос).

Дал ушул бүйүр кызыткан, чырлуу Кытайга каршы маанай Трамптын БУУ жыйынындагы сөзүнүн маңызы болуп калды. Пекинди коронавирусту жайылтканы үчүн жазалоого үндөгөнү, илдетти "кытай вирусу" деп атаганы эле эмнеге татыйт десеңиз.

Вашингтон Тегеранга эмнеге кайра санкция киргизди? АКШнын жеңилүү коркунучу

Америкалык докладдын конфронтациялык мүнөзү БУУнун калыптанып калган салттарына жана жазылбаган мыйзамдарына каршы келери белгиленди. Бирок Пекин мындай демаршты күткөндөй. Америкалык президенттин жамандоосунан соң дароо кытай өкүлүнүн катуу жообу угулду.

Си Цзиньпиндин сөзү учурдун эң курч көйгөйлөрүнө (биринчи кезекте, албетте, COVID-19 менен күрөшкө) арналды.

Болгон айырмасы – Кытай Эл Республикасынын лидери Улуу Кытай чебинин жана кытай табиятынын каардуу кооздуктары чагылдырылган фондо туруп сүйлөдү. Бул Си Цзиньпин аркасында кандай гана тышкы коркунуч болбосун, туруштук берүүгө даяр эбегейсиз эзелки өлкө турарын туюндурат.

Америкалык жана кытайлык кесиптештеринин сөздөрүнөн кескин айырмалана россиялык президент аталган уюмдун салтынан тайбады. Владимир Путин БУУнун жыйыны экенин белгилеген фондун алдында, чагыбыздын фундаменталдык көйгөйлөрүнүн кеңири спектрине токтолду.

НАТОну соода менен алмаштырып алды. Россия эмнеге "Чоң жетиликти" каалабай турат

Ал түгүл эл аралык иш-чараларга катышуудагы россиялык лидердин өзгөчөлүгү да сакталды, телесуфлерду пайдаланбастан, кагаздан окуду.

Путин планетадагы стратегиялык туруктуулукту колдоодогу БУУнун ролу, тарыхты бурмалоого жол бербөө, куралданууну көзөмөлдөөнү сактоонун зарылдыгы, анан, албетте, коронавирус эпидемиясына каршы күрөштөгү жамааттык эл аралык аракеттердин маанилүүлүгү жана пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттери жөнүндө сүйлөдү. Бул маңызы боюнча да, формасы жагынан да дүйнөнүн кезектеги башаламан доорго көчүп баратканын четтен карап турбастан, анын эң кооптуу натыйжасына жол бербөө үчүн колунан келгендин баарын жасаган өлкөнүн мамлекеттик ишмердин кеби эле.

Путин 75 жылдан берки эл аралык кызматташтык, диалог жана өз ара түшүнүү тутуму үчүн өткөн жолу оор кун төлөнгөнүн дагы бир ирет эске салды. Ага эң башкы үлүшүн кошкон Россия планета ар качан таяна алган нормалдуулук жана жүйөлүү маанинин аралчасы бойдон акырына дейре кала бермекчи.

72
Белгилер:
адам, БУУ, АКШ, Россия
Тема боюнча
АКШ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан качан чыгарын так айтты
"Улуу Жеңишке 75 жыл: тарых жана келечек алдындагы жалпы милдет". Путиндин макаласы
Пайдасы жокпу? Америкалык Patriot комплексинин натыйжасыздыгы
Манас эл аралык аэрпорту. Архив

Француз компаниясы өлкөдөгү ири аэропортторду оңдоп-түзөөгө кызыкдар

0
(жаңыланган 23:26 24.09.2020)
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги француз компаниялары Кыргызстанда ишке ашырып жаткан жана пландаган долбоорлору жөнүндө айтып берди.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Франциянын Aеroports de Paris жана TAV Airports аэропортторунун эл аралык операторлору "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Франциянын КРдеги элчиси Микаэль Ру менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу видеоконференция өткөргөн.

Тараптар акыркы жылдардагы кыргыз-француз кызматташтыгынын жана соода-экономикалык байланышынын өнүккөнүн талкуулашкан.

"Атап айтканда, Aеroports de Paris жана TAV Airports Париж аэропортторунун эл аралык операторлору "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр. Ал эми GE Hydro France компаниясы Ат-Башы жана Токтогул ГЭСтерин реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатат. Flowbird компаниясы паркинг системаларды эсептегичтерди орнотуу боюнча долбоорду ишке ашырууну пландаштырууда, ошондой эле EGIS компаниясы Ош — Баткен — Исфана автоунаа жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашырды. Бир катар башка инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүүдө. Ошондой эле быйыл Бишкекте Novotel франциялык мейманкана тармагын ачуу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.

Кытай өрт өчүргөн 100 автоунаа бермекчи. Айдарбеков кесиптеши Ван И менен жолукту

Министр Айдарбеков жемиштүү эмгеги үчүн Руга ыраазычылык билдирип, ТИМдин Ардак грамотасы менен сыйлады.

0
Белгилер:
аэропорт, экономика, элчи, ТИМ, Франция, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти