Бүгүн Белоруссияда президенттик шайлоо болуп жатат

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүМинскиде турган шайлоо плакаты
Минскиде турган шайлоо плакаты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул шайлоо кампаниясында добуш берүү үчүн бардыгы болуп 5 767 шайлоо участкасы ачылган. Анын 44ү чет өлкөлөрдө.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Белоруссияда президенттик шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо участкалары ачылганын РИА Новости жазды.

Негизги добуш берүү күнү, 9-августта, шайлоо участкалары 8.00дөн 20.00гө чейин иштейт. Бул шайлоо кампаниясында добуш берүү үчүн бардыгы болуп 5 767 шайлоо участкасы ачылган. Анын 44ү чет өлкөлөрдө. Алар 36 өлкөдөгү Белоруссиянын элчилигинде жана башкы консулдуктарында иштейт.

Капа болом. Лукашенко кайрадан президенттик шайлоого катышат

Президенттик кызмат орунга бул сапар беш киши талапкер болууда. Алар: алтынчы мөөнөткө аттанып жаткан Александр Лукашенко, парламенттин төмөнкү палатасынын экс-депутаты Анна Канопацкая, “Чындыкты айт” (“Говори правду”) коомдук бирикмесинин тең төрагасы Андрей Дмитриев, “Грамада” Белоруссия социал-демократтар партиясынын төрагасы Сергей Черечень жана жумушсуз Светлана Тихановская.

Светлана Тихановская - учурда кылмыш иши козголуп камакта жаткан белгилүү блогер Сергей Тихановскийдин жубайы. 

Мындан сырткары, бюллетенге "баарына каршы" графасы да киргизилген.

Лукашенко Белоруссияны 26 жылдан бери башкарып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0