Беларусь: президенттик шайлоодо Лукашенко алдыда. Exit poll, БШКнын жыйынтыгы

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүБелоруссиянын Президенти Александр Лукашенко Минск шаарындагы шайлоо участогунда добуш берип турат
Белоруссиянын Президенти Александр Лукашенко Минск шаарындагы шайлоо участогунда добуш берип турат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент аталган өлкөдө беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бул сапар эң көп добуш алган адам 2025-жылга чейин Беларусту башкарып турмакчы.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Беларуста өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенко добуштардын 82 пайызын алды. Бул туурасында БШКнын төрайымы Лидия Ермошинага шилтеме кылып Sputnik Ближнее зарубежье кабарлады.

"БШКнын алгачкы маалыматына ылайык, Лукашенко беш аймакта биринчи келе жатат, добуштардын саны 82 пайызды көрсөттү. Тихановскаяныкы 5 пайызга жакын", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, бүгүн Беларуста мамлекет башчыны тандашты. Борбордук шайлоо комиссиясы  президенттик шайлоо өттү деп түшкө чейин эле тааныды. Алардын маалыматында, жергиликтүү убакыт боюнча 12:00гө карата шайлоочулардын 54 пайызы болочоктогу мамлекет башчыга добуш берген.

Социалдык иликтөөлөрдү жүргүзгөн Жаштар лабораториясы добуш бергендер арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Exit poll 320 тилкеде 12 миң адамды камтыгандыгын Sputnik Беларусь жазды.

Ал эми exit poll жыйынтыгы бир аз айырмаланат: 

  • Александр Лукашенко — 79,7 пайыз
  • Светлана Тихановская - 6,8 пайыз;
  • Анна Канопацкая - 2,3 пайыз;
  • Андрей Дмитриев - 1,1 пайыз;
  • Сергей Черечень - 0,9 пайыз.

Exit poll берген маалымат боюнча, шайлоочулардын 9,2 пайызы баарына каршы добуш берген.

БШКдан Белоруссиядагы президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы жума күнү чыга тургандыгын айтышты.

Президент аталган өлкөдө 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бул сапар өлкө жетекчиси болгон адам 2025-жылга чейин бийлик башында турмакчы. Бул эгемендүүлүк алгандан тарта Белоруссияда өткөн президенттик алтынчы шайлоо. 

Капа болом. Лукашенко кайрадан президенттик шайлоого катышат

Бүгүн талапкерлердин ичинен эң көп добуш алган Лукашенко Беларусту 26 жылдан бери башкарып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0