ОМОН кызматкерлери кишини кармап турат - Sputnik Кыргызстан

Президенттик шайлоодон соң Минскидеги акциянын катышуучуларын кууп таратуу. Баяндама

Жазылуу
Беларустун борборунда президенттик шайлоодон кийин акцияга чыккандарды кууп таратуу башталды. Минскиге, борборго, эл чет жактан келип жатат. Аны менен катар эле тартип сактоочулар аларды кармоодо. Элдин арасында жабыркагандардын бар экени айтылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарган. Азыркы мамлекет башчы Александр Лукашенконун добуштардын 82 пайызын алгандыгы айтылган. Дагы бир талапкер Светлана Тихановскаянын сегиз пайыз алганы кабарланды. 

Шайлоого жалпысынан беш талапкер катышкан.

Минскидеги акциядагыларды кууп таратышууда, жабыркагандар бар экени айтылды. Видео

Беларустагы, анын ичинен борбор шаар Минскидеги абалды биздин тексттик баяндамадан карап туруңуз. Маалымат улам жаңыланып турмакчы.

Мазмуну
03:08 10.08.2020
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
03:51 10.08.2020

Эл акырындап тарай баштагандыгын Sputnik Беларусь жазды. 

03:41 10.08.2020
03:41 10.08.2020

Күч түзүмдөрү Минскидеги эски шаар районун толугу менен көзөмөлгө алышкан. Ал жактан акцияга чыккандардын көбүн сүрүп чыгарганын ТАСС агенттиги билдирди.

03:39 10.08.2020
03:26 10.08.2020

Тосмо, дубинкалары менен бир катарга тизилген ОМОН жоокерлери митингге чыккандарды Свислочь аркылуу көпүрө менен сүрүп чыгарышты. Бирок аларга көпүрөдөгү автоунаалардын көбү тоскоолдук жараткан.
Күч түзүмдөрүнүн алдында эки автоунаа акциянын катышуучуларын суу менен атып кубалоодо. Автобус айдоочусу суу аткан автоунаанын биринин кыймылына тоскоолдук жаратты. Митингчилер менен автоунаа айдоочулары аны кол чаап кубатташты.

03:21 10.08.2020

Минскидеги акциядан кийин бир нече адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия медициналык кызматтарга таянып кабарлады.

03:14 10.08.2020

Бул маалыматты Sputnik Беларусь Тихановскаянын штабынан билдиргенин айтты. 

Бул маалыматты Sputnik Беларусь Тихановскаянын штабынан билдиргенин айтты. 

03:12 10.08.2020

Бул маалыматты Белоруссия БШКсы таратты  

03:09 10.08.2020
03:08 10.08.2020
03:04 10.08.2020

Укук коргоо органдары Минскидеги митингге чыккандарды таратыш үчүн аларга суу менен атып жатат. Бул тууралуу РИА Новостинин кабарчысы жеринен билдирди.

03:01 10.08.2020
Митинг сторонников оппозиции в Минске - Sputnik Кыргызстан
02:54 10.08.2020
02:53 10.08.2020
02:47 10.08.2020
02:44 10.08.2020

Нааразылыкка чыккандар Минскинин көчөсүндө таштанды челектерден баррикада кура баштады

"Минск – баатыр шаар" стелласынын жанында митингге чыккандар тизелеп туруп тартип коргоо органдарынан аларга карата зомбулукту токтотууну суранып жатыщат деп жазды Sputnik Беларусь. 

Алар милициянын куралы бар экендигин айтышууда.

02:37 10.08.2020
02:36 10.08.2020

"Минскинин борборунда бир нече сааттан бери интернет жок", - деп жазды РИА Новости. 

02:28 10.08.2020
  •  Алтынчы мөөнөткө аттанып жаткан Александр Лукашенко
  • Парламенттин төмөнкү палатасынын экс-депутаты Анна Канопацкая 
  • “Чындыкты айт” (“Говори правду”) коомдук бирикмесинин тең төрагасы Андрей Дмитриев
  •  “Грамада” Белоруссия социал-демократтар партиясынын төрагасы Сергей Черечень
  • Жумушсуз Светлана Тихановская.
  • Светлана Тихановская - учурда кылмыш иши козголуп камакта жаткан белгилүү блогер Сергей Тихановскийдин жубайы. 

 

02:22 10.08.2020

РИА Новостинин кабарчысы билдиргендей, Минсктеги стела жанында болуп жаткан митингге үч Тез жардам кызматы барды.   

02:20 10.08.2020

Минскиде нааразылыкка чыккандар менен кагылышта бир жоокердин жарадар болгонун Sputnik Беларусь жазды. 

 

02:17 10.08.2020

Россиянын депутаты Слуцкий Белоруссиядагы бардык тараптарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырды. Ал Украинадагы майдандын кесепеттерин эске салды.

02:12 10.08.2020

Минскидеги башаламандык

02:10 10.08.2020

Милиция Минск стеласынын жанында каршылык акциясын уюштуруп жаткандарды кармоодо. Күч түзүмдөрү көздөн жаш чыгаруучу газ колдонуп жатканын РИА Новости жазды.

02:07 10.08.2020

Акция Польшанын борборунда да өтүп жатат 

02:04 10.08.2020

Минск шаарында  тилектештик акциясы менен ИИМ кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп кетти.  Аскерлер артка чегинип, чогулгандар борборундагы "Минск – баатыр шаар" стелласын көздөй улам жылууда. Бул туурасында Sputnik Беларусь жазды.

02:01 10.08.2020

 Милиция Минскиде нааразылыкка чыккандар каршы аракетин баштады

 

01:59 10.08.2020
01:57 10.08.2020

"Sputnik Ближнее зарубежье" телеграмм каналы Гродно шаарында  көздөн жаш агызуусу газ колдонулгандыгын жазды.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0