Ооруканадагы дарыгерлер. Архив

COVID-19га күзүндө кабылгандар дартты оор көтөрүшү мүмкүн. Эксперттин пикири

358
(жаңыланган 11:54 10.08.2020)
SARS-CoV-2 күзүндө грипп, парагрипп жана буга чейин салыштырмалуу зыянсыз деп айтылган коронавирустар менен айкалышса кандай натыйжа болору азырынча белгисиз.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Санкт-Петербургдагы Пастер атындагы Эпидемиология жана микробиология илим-изилдөө институтунун директору, академик Арег Тотолян коронавируска күзүндө кабылгандар буга чейин ооруп айыккандарга караганда бир топ кыйналышы мүмкүн экенин "Известия" басылмасына маек куруп жатып айтты.

Анын пикиринде, вирус жайылган маалда катуу обочолонгондор инфекцияны кандай кабыл аларын айтуу кыйын. Анын үстүнө SARS-CoV-2 күзүндө грипп, парагрипп жана буга чейин белгилүү болгон жана салыштырмалуу зыянсыз делген коронавирустар менен айкалышса кандай натыйжа болору да белгисиз.

Тыным албай көзөмөлдөгүлө. ДССУ эксперттери пандемия дагы көпкө созуларын айтты

"Сезондук инфекциялык илдеттер COVID-19 менен айкалышканда эмне болорун, абал курчуйбу, же тескерисинче антитело кадимки коронавирустан жакшы коргоно алабы, азырынча биз буга илимий негизде жооп берүүгө даяр эмеспиз", — деди академик.

Тотолян ошондой эле Роспотребнадзордун башчысы Анна Попованын сөздөрүн мисал келтирип, ал мурдагы жылдарга караганда эмдөө жүргүзүлбөгөн тумоонун башка түрлөрү таралышы мүмкүн экендигин эскертти.

Муну менен академик өлкө боюнча обочолонуу режимин киргизүү зарылдыгын айтууда. Ал илдет катталган гана аймакта чектөө чарасын колдонуу жетиштүү болорун белгиледи.

358
Белгилер:
инфекциялык оору, күз, бейтап, оору, агым, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1418)
Тема боюнча
Россияга Кыргызстандан жөнөтүлгөн вирустар изилденип бүттү. Күтүүсүз жыйынтык
Новосибирск жарылуу болгон автогаз куюучу жайы

Кыргызстандыктар жабыркаган жарылуу: Новосибирскте АЗСтин директору кармалды

13
(жаңыланган 12:49 16.06.2021)
14-июнда аталган калаада автогаз куюучу жайда жарылуу болуп, анда жабыркагандардын арасында үч кыргызстандык бар экени айтылган.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Новосибирск соту жарылуу болгон автогаз куюучу жайынын директорун эки айга камакка алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Кырсыкка себепкер катары автогаз куюу жайынын директору менен инженери тергөө учурунда эки айга камакка алынды. Алдын ала маалыматтарга караганда, газ ташып келген атайын автоунаа газды куюу учурунда коопсуздук эрежелерин сактабай койгону себеп болушу мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 14-июнда жергиликтүү убакыт менен саат 18:00дөр чамасында Новосибирск шаарындагы автогаз куюучу жайда жарылуу болуп, анда жабыркагандардын арасында үч кыргызстандык болгон. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги алардын экөө ооруканада, бири үйүндө дарыланып жатканын, өмүрүнө коркунуч жок экенин айткан.

Ошондой эле өрттүн жана жарылуунун натыйжасында Кыргызстандын жараны ижарага алып иштетип жүргөн кафе жана кыргыз жараны иштеген дөңгөлөк алмаштыруучу жай күйүп кеткендиги аныкталган. Дагы бир кыргызстандыктын документтери күйүп кеткен.

13
Белгилер:
камоо, директор, жарылуу, Новосибирск, Россия
Тема боюнча
Сузакта шахта урап, ичинде калып калган эки киши көз жумду
Унаа экиге бөлүнүп кеткен. Түптөгү жол кырсык эки кишинин өмүрүн алды. Сүрөт
Электр зымдарын оңдоо. Архив

Өзбекстанда жеке компаниялар электр энергиясын сааттап сата баштайт

46
(жаңыланган 10:54 16.06.2021)
Керектөөчүлөр электр энергиясын онлайн соода платформасы аркылуу өзү каалаган компаниядан сатып алса болот.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Өзбекстанда жеке компаниялар электр энергиясын сааттап сата баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлиги кабарлады.

Ведомство дүң рынокто атаандаштык жаратуу үчүн 2021-2025-жылдарга карата программа иштеп чыкты. Ал үч этаптан турат.

Биринчисинде электр энергиясын сатууга лицензия алуу системасы жөнөкөйлөштүрүлөт.

Экинчи этабында электр энергиясын бөлүштүрүү боюнча оператор түзүлүп, жеке компаниялар товарды андан сатып алышат. Жарандар онлайн соода платформасы аркылуу ал оператордон түз же кайсы бир жеке фирма аркылуу электр энергиясын сатып алса болот. Мындай жол менен өлкө бийлиги рынокто атаандаштык жаратып, элге товардын бул түрүн жеткирүүнүн сапатын жогорулатууну пландап жатканын айтууда.

Үчүнчү этабында компаниялар электр энергиясын сааттап сата баштайт. Электрондук соода аянтчасында энергияны сааттап сатып алган жарандар өзүнөн ашып калган көлөмдү кайра сатып же кошумча сатып алса болот.

46
Белгилер:
жеке ишкана, соода, атаандаштык, электр энергиясы, Өзбекстан
Тема боюнча
Сунушталган 1,09 сомдук тарифти жыл сайын көбөйтүүнү айтышууда. Канчага өсөт?
Кыргызстан Казакстанга эмнеге кошумча суу берип жатат? Түшүндүрмө