Чипсы. Архивдик сүрөт

Оорудан улам 10 жыл чипсы менен нан эле жеген кыз. Англиядагы окуя

149
(жаңыланган 09:20 11.08.2020)
Кыз үч жашында тамактануудан баш тарта баштап, акырында эки эле азыкты жеп калган. Башкаларын көргөндө жүрөгү айланып кетчү.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Улуу Британиянын жашоочусу психологиялык жактан жабыркагандыктан 10 жыл бою чипсы жана нан менен гана тамактанган. Бул тууралуу чет элдик сайттарга таянуу менен "Известия" жазды.

Макалада айтылгандай, оорунун белгилери андан үч жашында билине баштаган.

"Кыз тамактануудан баш тарта баштаган, баарынан дагы тоок этин жактырчу эмес. Тамакты тандап жегендиктен чоңойгондо социалдык жактан дагы кыйынчылыкка тушуккан. Ашканада классташтары менен чогуу тамактана албагандыктан алардан алыстай баштаган. Дарыгерлер бул нерсенин себебин так айта алышкан эмес", — деп жазылган макалада.

Бардык тамактан баш тарта берген кыз акыры чипсы менен нан эле жеп, бул он жылга дейре созулган. Башка азык-түлүктү көрсө жүрөгү айланып, тынчы кетип жүргөнү айтылат.

17 жыл бою чипсы жеп жашаган баланын көзү көрбөй калды. Англиядагы окуя

"Акыры адистер ал тамак тандоонун бузулушунан жапа чегерин аныкташкан. Мында бейтаптар тамактын даамынан, өңүнөн же алардын курамынан эле көңүлү айнып, катуу тынчсызданганга чейин барышат. Кыздын көйгөйүн терапевт-гипнолог бир нече сааттык сеанста чечип берген. Кыз алгач ирет тоок эти менен бутерброд жана йогурт жеп көргөн. Андан кийин тамактын түрүнө көнүп кеткен", — деп айтылат материалда.

19га чыккан кыз азыр тамак ылгабай турганын жана эң жакшы көргөн тамактарынын бири тоок эти экенин айткан.

149
Белгилер:
психикалык абал, оору, эт, тоок, нан, чипсы, тамактануу, кыз, Улуу Британия
Тема боюнча
Эт жегендер менен андан баш тарткандардын кимиси узак жашайт. Адистин аныктамасы
Диетолог: ак нан, колбаса, тез татымдан баш тарткан оң
Медициналык кызматкерлер ооруканада. Архив

ДССУ: бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү катаал карантин киргизүүгө даяр турушу керек

13
(жаңыланган 12:11 27.09.2020)
ДССУ өкүлүнүн айтымында, катуу чектөөлөр болбосо, жакын арада коронавирустан көз жумгандардын саны 2 миллионго жетип калышы ыктымал.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн өкмөттөрү COVID-19дан өлүмдүн саны көбөйүп кетпеши үчүн кайрадан катаал карантин киргизүүгө даяр болушу керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын жетекчиси Майк Райанга шилтеме берип ВВС жазды.

Райандын айтымында, мындай чектөөлөр болбосо, жакын арада коронавирустан көз жумгандардын саны 2 миллионго жетип калышы ыктымал. Ал жакын арада вакциналар чыгарын жана дарылоо ыкмалары бир топ жакшырарын айтып, ошол эле учурда бул нерселер өлүмдүн азаюусуна анча жакшы жардам бере албасын кошумчалады.

ДССУ: коронавирустан дагы миллион адам ажал табышы мүмкүн

"Болгон аракетибизди жумшабасак, тилекке каршы өлгөндөрдүн саны кескин өсүп кетиши ыктымал”, — деди жетекчи.

Жон Хопкинс университетинин акыркы маалыматына карганда, дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 32,7 миллионго жетти. Алардын арасынан 993 миң киши каза болуп, 22,6 миллион киши сакайды.

13
Белгилер:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, өлүм, чектөө, карантин, пандемия, коронавирус
Тема боюнча
Коронавирустан айыккандардан жуктургандар көбөйдү. Статистика
Украинадагы кулаган учактын кырсыгы

Кулаган учактан аман калган курсанттын атасы: мен дагы үч жолу кырсыктагам

34
(жаңыланган 11:26 27.09.2020)
25-сентябрь күнү кечинде Украинанын Харьков облусунда аскер учагы кулап, борттогу 27 кишинин ичинен бир гана курсант аман калган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Украинадагы учак кырсыгынан аман калган курсанттын атасы Виталий Золочевский дагы үч ирет учак кырсыгына кабылган. Бул тууралуу "Сегодня" басылмасына өзү билдиргенин "Известия" жазды.

Эске салсак, 25-сентябрь күнү кечинде Украинанын Харьков облусунда аскер учагы кулаган. Борттогу 27 кишинин ичинен бир гана курсант аман калган.

"Мен дагы буга чейин үч ирет учак кырсыгына кабылгам. Балам да эсен калды. Бул — атасынын уулу дегенди түшүндүрөт", — деди Золочевский.

Ал учак кырсыгынан баласы болгону этин оорутуп алганын кошумчалаган.

Украинада аскер учагы кулады. 23 адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу

"Баары эле уулумду учактан секирип кеткен деп айтышууда. Бирок чындыгында андай болгон эмес. Ал катуу басымдан ыргып кеткен. Мен билгенден ал досун куткарууга аракет кылган", — деди ал.

Маалым болгондой, кырсыктаган аскер учагынын ичинде 27 киши болгон. Анын жетөө экипаж мүчөлөрү, 20сы аскер-аба күчтөрүнүн Харьков улуттук университетинде билим алган курсанттары эле.

Аман калган курсант учурда ооруканада жатат.

34
Белгилер:
ата, курсант, окуя, кырсык, учак, Украина
Тема боюнча
38 адам жер алдында калган. Жер көчкүгө күбө болгон өзгөндүк Калдыбаевдин маеги
Аэропорт Манас жанында кишилер. Архив

"Манас" аэропортундагы узун кезек. Жүргүнчү бүгүнкү окуяны сүрөттөдү

17
(жаңыланган 12:30 27.09.2020)
Аэропорттун маалымат катчысы Алия Курбанова "бир эле эшиктен киргизип-чыгарып жатат" деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунда бүгүн эртең менен жүргүнчүлөрдүн узун кезеги жаралды. Бул тууралуу Facebook баракчасынын "Кара тизме" тайпасына Черик Сыдыков аттуу колдонуучу жазды.

"27-сентябрь. "Манас" аэропорту. Бул жакта башаламандык орун алды. Бир эле эшик ачык. Аэропортко ушул эле эшик менен киргизип-чыгарып жатышат. "1,5 аралыкты сактагыла" дейт. Бир жакка учуп кетчүлөр болсо, аэропортко эртерээк келгиле. Болбосо учакка жетишпей калышыңар ыктымал", — деди Сыдыков.

Ал эми аэропорттун маалымат катчысы Алия Курбанова "бир эле эшиктен киргизип-чыгарып жатат" деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

"Терминалда кирип-чыгуу үчүн өз-өзүнчө эшиктер бар. Ошол эле учурда аэропортко билети бар, бет кап тагынган, уча турчу жүргүнчүлөр гана киргизилет. Алар дезинфекциялоочу тоннелдер аркылуу өтөт. Бул иш-аракеттин баары коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө. Биз адамдарды аралыкты сактоого чакырып жатабыз. Бирок аны баары эле аткарган жок. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү коштоп келгендер да кезекке туруп алган учурлар катталып жатат", — деди Кубанова.

"Манас" эл аралык аэропорту бардык жүргүнчүлөрдү жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге түшүнүү менен мамиле кылуусун суранып, уча турчуларды аэропорттун аймагына эртерээк келүүгө чакырды.

17
Белгилер:
коронавирус, видео, кезек, аэропорт, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Өзбек авиакомпаниясы Бишкекке каттамдарын 1-октябрдан тарта көбөйтөт