Ажалы жакындаганын адамдын көзүн карап билсе болот. Изилдөө

© Sputnik / Павел Петров / Медиабанкка өтүүXXIX Олимпийские игры. 18 августа
XXIX Олимпийские игры. 18 августа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер эки жыл аралыгында 870 бейтапка байкоо салып, катышуучуларды карегинин чоң жана кичинесине карап экиге бөлүшкөн.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Япониянын дарыгерлери адамдын жакын арада каза табарын көзүн карап билүү мүмкүн экендигин айтып чыгышты. Бул тууралуу "Известия" жазды. 

Изилдөө Япониянын Китасато университетинин ооруканасынын адистери тарабынан жүргүзүлгөн. Эки жыл аралыгында алар 870 бейтапка байкоо жүргүзүп, катышуучуларды карегинин чоң жана кичинесине карап эки топко бөлүшкөн.

"Окумуштуулар жүрөк кемтиги бар жана кареги кичирээк адамдар кареги чоңдорго караганда эки эсе көп каза болорун аныкташкан. Ошондой эле биринчи топтогулардын 50 пайызы ооруканага түшсө, экинчи группадагылардын 28 пайызы медициналык жайларга кайрылышкан", — деп айтылат маалыматта.

Адистин айтымында, каректин өлчөмү аркылуу бир гана жүрөк оорусу эмес, Паркинсон, Альцгеймер, кант диабети өңдүү илдеттерди билүүгө болот.

Окумуштуу: узак жашагандардын бир жалпылыгы бар

Макалада жүрөк кемтиги менен дүйнө жүзү боюнча 25 миллион адам жабыркай турганы айтылат. Оору миокарддын иштеши бузулганда клетка аралык суюктуктар көбөйүп, орган менен ткандардын перфузиясы төмөндөгөндө келип чыгат. Анын курч жана өнөкөт түрү болот. Биринчиси жаракаттан, токсиндерден же жүрөктүн башка ооруларынан келип чыгып, убагында көңүл бөлбөсө бат эле өлүмгө кептейт. Экинчиси көп убакытта өрчүп, адам энтигип, шишип, алы кетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0