АКШда коронавируска чалдыккан балдардын саны кескин өстү

© AP Photo / Marcio Jose SanchezСитуация в США из-за пандемии коронавируса
Ситуация в США из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШда вирус жуктурган балдардын басымдуу бөлүгү илдетти жеңил формада же симптомсуз өткөргөнү айтылат. Бирок вирусту жеңе албай, каза болгондор дагы жок эмес.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. АКШда балдар арасында коронавирустун тарашы акыркы бир айдын ичинде 90 пайызга көбөйүп кетти. Бул тууралуу Американын педиатрия академиясына таянып CNN кабарлады.

9-июлдан 6-августка чейинки маалыматтарды камтыган докладга ылайык, мамлекетте 179 990 бала коронавирус жуктурган. Жыйынтыгында башынан бери ооруган балдардын саны 338 982ге жетип, жалпы вирус жуктургандардын 8,8 пайызын түздү.

КРде жалпы канча киши коронавируска чалдыгышы мүмкүн. Өкмөттүн божомолу

Вирус башталгандан бери АКШда 86 бала көз жумган. Бул жалпы каза болгондордун 0,06 пайызын түзөт. Маалымат 44 штат жана Нью-Йорк шаарынан чогултулган.

Ошондой эле кабарда вирус жуктурган балдардын басымдуу бөлүгү илдетти жеңил формада же симптомсуз өткөргөнү кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0