Минскиде эл менен кагылышуудан 100дөн ашуун милиция жабыркады

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүМинск шаарындагы милиция кызматкерлери
Минск шаарындагы милиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-13-август күндөрү жалпысынан 103 кызматкер жабыркап, 28и ооруканага түштү. Тартип сакчыларына карата агрессия дагы деле сакталууда.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Беларустагы нааразычылык акциялары учурунда күч органдарынын 100дөн ашуун кызматкери жабыркады. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып РИА Новости жазды.

"Митингге чыккандардын катары акырындык менен суюлуп бара жатат. Бирок тартип сакчыларына карата агрессия сакталууда. 9-13-август күндөрү жалпысынан 103 кызматкер жабыркап, 28и ооруканага түштү", — деп жазылат кабарда.

Мындан тышкары, өткөн суткаларда мыйзамсыз аракеттерге барды деген айып менен 700дөй жаран кармалган.

Минскиде милиция демонстранттарды борбордон сүрүп чыга баштады

Эске салсак, Беларусь республикасында 9-август күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, ал массалык акцияга айланган. Тургундар менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу болуп, бир адам көз жумган. Мындан тышкары, жүздөгөн адам кармалып, көп киши медицина кызматкерлеринин жардамына муктаж болгону айтылган.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялап, анда учурдагы мамлекет башчысы Александр Лукашенко 80,08 пайыз добуш менен жеңип чыкканы белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0