Беларустагы башаламандыкта 68 кабарчы кармалып, 20дан ашыгы дагы эле камакта

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүБеларустагы башаламандыктын катышуучусун кармап жаткан милиция кызматкери
Беларустагы башаламандыктын катышуучусун кармап жаткан милиция кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин бир катар жергиликтүү жана чет элдик кабарчыларга карата күч колдонуп, аларды камакка алган фактылар болгон.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Беларуста укук коргоо кызматкерлери 9-августтан бери 68 кабарчыны кармаган, 20дан ашыгы дагы эле камакта. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Беларустагы журналисттер ассоциациясынын маалыматына ылайык, 23 журналист камакта.

"13-август саат 17.40ка карата 23 журналист камакта жатат. 9-августтан бери жалпы 68 кабарчы кармалган. Аларга карата күч колдонгон 29 учур катталган", — деп жазылган ассоциациянын Telegram-каналында.

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

Башаламандыкта буга чейин "Комсомольская правданын" журналисти менен айдоочусу сабалган. Кийин жергиликтүү погончондор BBC кызматынын үч кызматкерине кол салган деп айтылат маалыматта. Андан сырткары, Onliner порталынын эки кабарчысына күч колдонуп кармаган.

Ага чейин бир катар россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да колго түшүп, айрымдарын Беларусь беш жылга өлкө аймагына кирүүгө тыюу салып, коё берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0