Соодада кастык жок. АКШ Россиядан рекорддук көлөмдөгү мунай сатып алды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүРабота нефтяных станков - качалок
Работа нефтяных станков - качалок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын нефти рыногундагы абал жакшы эмес. Мунайды кайра иштетүүчү америкалык заводдор сырье издеп, айласын таппай калды.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Жарым жыл аралыгында АКШ Россиядан 9 миллион тоннадан ашуун мунай затын сатып алган, ал 2004-жылдан берки рекорддук көрсөткүч.

Муну менен катар эле Вашингтон Европанын россиялык энергоресурска көз карандылыгын четтетүү максатында "Түндүк агым — 2" долбоорун токтотууга аракет кылып келет. Анткен менен америкалыктар өздөрү байланып калганы туурасында РИА Новости байкоо салып көрдү.

Рекорддук көлөмдөгү экспорт

АКШга мунай заттарын саткан Россия январь айынан июлга чейин 2,2 миллиард доллар акча тапты. Бул Федералдык бажы кызматынын (ФБК) берген маалыматтары. Океандын ары жагына 7,46 миллион тонна мунай жөнөтүшкөн, бул — экспорттун 12 пайызын чапчыйт. Баарынан көп Нидерланддар сатып алган, тагыраагы, бул 12,19 миллион тоннага чыкты. Экинчи орунда америкалыктар, үчүнчүдө 4,4 миллион тоннасы менен Мальта турат.

Анткен менен Мальта жана Нидерланддар — транзиттик хабдар, ал жактан башка өлкөлөргө жөнөтөт. Бул жагынан алганда АКШга жасалган экспорт биздин колубуздагы сандардан да ашып кетет. Балким ФБК мунайдын сыртка мындай жол менен чыккандарын эсепке албайттыр.

Доору бүтүп баратабы? Мунай жаатында эсти оодарчу окуя күтүлүүдө

Чындыгында АКШнын Энергетикалык маалыматтар башкармалыгынын (EIA) билдиргенине таянсак, Американын мунай импорту жылдын акыркы беш айында 68 миллион баррелге же болбосо 9,3 миллион тоннага жеткен. Бул ФКБдагы алты айдын эсебинен да ашып кеткен. Себеби EIA жөнөткөн өлкөнү эмес, продукцияны өндүргөн тарапты эсепке алат.

Буга кошумча, июлда америкалыктар россиялык мазуттун көлөмүн июнга карата 16 пайызга өстүрдү.

Алмаштыра турчу эч нерсе жок

Мунун баарына АКШнын венесуэлалык оор нефтиден өзү кол жууп алганында болду. Ал эми мунай заттарын кайра иштетүүчү бир катар ишканалардын технологиясы Пермь бассейнинен же Батыш Техастан келген жеңил түрүн иштете албайт. Аны Түштүк Америкадан алган оор сорту менен аралаштырып жиберүү керек.

Трамп Венесуэланын PVSDA деп аталган мамлекеттик компаниясына санкция сала коюп, эми америкалык нефтини кайра иштетүүчү заводдору сырье издеп, айласын таппай калды.

Кыйын абалга баарынан көп Мексика булуңундагы жана Чыгыш жээктериндеги заводдор, анын ичинен Citgo Petroleum, Valero Energy, Chevron да кептелди.

Альтернатива болуучу, химиялы курамы жактан жакын келген Сауд Аравиясынын мунай заттары эле, бирок сауддар көлөмдө көбөйтүүдөн баш тартып койду. Жыйынтыгында экономика эңшерилип бара жатканда, Россияга кайрылууга туура келди.

"Вашингтон "Газпромдун" баягы эле "Түндүк агым — 2ни" куруп бүтпөй калышына таасир бере туруучу аракеттеринин баарын жасайт. Бирок экономикалык кызыкчылыктар дал келип калса, бул кызматташууга зыяны жок", — деди "Альпари" маалымат-аналитикалык борборунун жетекчиси Александр Разуваев.

"Дүйнөдөгү соңку мезгилдеги геосаясий окуялар мунай рыногундагы абалды Россиянын пайдасына чечти, эки өлкө салган санкциядан улам АКШга сырье бергенден баш тартып койду. Ошентип Urals кол жете турган бирден-бир нефтинин оор түрү болду", — дейт A3F Group компаниясынын негиздөөчүсүнүн бири Александр Дужников.

Атаандаштыкка чыдабай... Европа менен Азия АКШнын суюлтулган газынан баш тартууда

Мүнөздөмөсүнөн сырткары россиялык сырье өзүнүн баасы менен кызыктыра алды. Финансы министринин маалыматына караганда, январь-июль айларында Urals түрү орточо эсеп менен алганда баррелине 40,34 доллар деп бааланды, ал эми былтыр ушул мезгил ичинде — 65,27 доллар эле.

Андан сырткары, фрахт бир топ арзандады. Карантинден чыккандан кийин пайдалануучулар бир топ көбөйдү, эл ары бери каттай баштады, учактар асманга көтөрүлдү.

Тармактагы каатчылык

Мунайдын баасы түшүп кеткендиктен АКШдагы бургулагычтардын саны көп жылдардан бери болуп көрбөгөндөй азайды. Dakota Access мунай түтүгү экологиялык мыйзамдардын бузулушунан улам жабылды.

Казып алуу эң жогору чегинен күнүнө 13,1ден 11.1 миллион баррелге чейин түштү. Бул болгондо да АКШдагы эң өндүрүмдүү делген Пермь, Игл-Форд, Баккенск, Ниобром, Анадаркс, Аппалачинск жана Хейнсвилль сланец бассейндеринде болду. 11-августта жарыяланган EIA божомолуна караганда, быйылкы өндүрүштүн орточо кубаттуулугу күнүнө 11,26, ал эми 2021-жылы — 11,14 миллион баррелге чыкмакчы. EIA декабрь айына карата америкалыктар дүйнөдө нефтини өндүрүүнүн кыскарышына олуттуу салымын кошорун айтууда.

Биринен сала бири банкрот болуп... АКШ сланец туңгуюгунан чыга албай калабы

Haynes & Boone берген маалыматтарга караганда, январдан тарта АКШдагы нефти жана газ менен иштеген 36 компания 25,2 миллиард доллар карызы менен банкрот болду. Алардын арасында сланцчылар деген ири Whiting Petroleum, California Resources жана ушул тармактын пионери атактуу Chesapeake Enеrgy ишканасы бар. Июнда өндүрүштүк ири компания деп эсептелген Extraction Oil & Gas карызынын пайыздарын мөөнөтүндө төлөй албай, банкрот болгонун айтып, сотко кайрылды.

Rystad Energy берген баалоого таянсак, жылдын аягына чейин америкалык жүздөгөн компаниялар экономикалык кудуретсиздик абалга тушукканын жарыялайт. Сланец өндүрүү суткасына беш миллион баррелден да ылдыйлайт. ShaleProfile Analytics бул боюнча анализине таянып, мындай кыйын кырдаалдан улам аталган тармак өндүрүштүк кубаттуулугунун үчтөн бир бөлүгүнөн кур жалак калат деп алдын ала билдирүү кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0