Бавария оюнчусу Роберт Левандовски алтынчы голду киргизүүдө

"Барселонанын" дарбазасына кирген 8 топ! 74 жылдан берки ири жеңилүү

295
(жаңыланган 11:19 15.08.2020)
Окуя "Барселонанын" тарыхында Европа кубогу үчүн мелдештериндеги эң ири эсептеги жеңилүү болуп калды.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Испаниянын "Барселона" клубу УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин чейрек финалында германиялык "Бавария" командасына 8:2 эсебинде утулду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Мындай көрүнүш каталониялык команданын 74 жылдан бери эң ири эсепте утулган оюну болду. Акыркы ирет "Барселонанын" дарбазасына сегиз гол кирген учур 1946-жылы катталган. Анда Испаниянын кубогу үчүн мелдеште "Севилия" 8:0 эсебинде уткан.

УЕФА футболдук беттештери COVID-19 курмандыктарына аза күтүү менен башталат

"Барселона" буга чейин 1931-жылы өлкө чемпионатында "Атлетик" клубуна 12:1 эсебинде, 1940-жылы "Севилияга" 11:1 эсебинде утулган. 8:2 эсеби менен эки ирет, 1935 жана 1943-жылдары Испания кубогунда мадриддик "Реал" клубуна жеңилген.

Кечээ Лиссабондо Чемпиондор лигасында "Бавария" менен беттеши "Барселонанын" тарыхында Европа кубогу үчүн күч сынашуусундагы эң ири эсептеги жеңилүү болуп калды.

Эскерте кетсек, пандемияга байланыштуу аталган мелдеш августта жанданып, коронавирус илдети жок деген аймакта — Португалиянын Лиссабон шаарында борборлоштурулуп өтүүдө. Чейрек, жарым финалдык оюндар бир эле беттеш менен уюштурулуп жатат.

295
Белгилер:
тарых, эсеп, жеңилүү, Барселона, Чемпиондор лигасы, футбол
Тема боюнча
Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов УЕФАнын мелдешинде ойнойт
Түркияда ойногон кыргызстандык жаш футболчу эл аралык сыйлыкка татыды
Искандер-М ракетасы машыгуу убагында полигондо. Архивдик сүрөт

"Ачык каалганы каккылоо". Москва АКШны жаза таюудан сак болууга чакырды

43
(жаңыланган 13:59 26.09.2020)
Россия Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимдин (ДНСВ-3) сакталышын колдоп, Кошмо Штаттарды аны узартууга үндөөдө.

Сүйлөшүүлөр жай мезгилинен бери созулуп келет. Вашингтон документтин кайра каралышын талап кылат, Москва аны өзгөртүүдөн баш тартат. Маселе эмнеде экенин талдап көрүшкөн серепчилер Галия Ибрагимова жана Софья Мельничуктун макаласы РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

"Биз жоопту уга албай турабыз"

"Ыкчам түрдө чечүүгө боло турган, бачым чечилиши зарыл болгон биринчи кезектеги маселе — бул, албетте, Россия Федерациясы жана Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы Россия Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимди узартуу. Анын мөөнөтү аяктаарына өтө аз калды, 2021-жылдын февралында бүтөт. Америкалык өнөктөштөрүбүз менен мындай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз", — деди президент Владимир Путин Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 75-жыйынынын ачылышында.

БУУну АКШ ыдыраткысы, Россия куткаргысы бар

Россиялык президент өлкөлөрдү жаңы ракеталык тутумдарды ачууда сабырдуулукка чакырды. Өткөн жылы Кошмо Штаттар Чакан жана орто аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү келишимден чыгып кеткен, андан соң Москва аларды Европага жайгаштырууга мораторий жарыялаган. Путин ал боюнча "Бул АКШ мындай чараларга баруудан карманып турганга чейин. Тилекке каршы, биздин сунушка америкалык өнөктөштөрдөн да, алардын өнөктөштөрүнөн да жоопту азырынча уга элекпиз", — деп кошумчалады ал.

СНВ-3 келишимин узартууну Антониу Гутерриш да бир нече ирет сунуштаган. Ал эми келишимге Кытайды кошуу боюнча АКШнын талабына БУУнун башкы катчысы терс пикирде.

Америкалыктарга "катуу жаза таюудан" сак болууга Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя да эскерткен.

Стратегиялык коопсуздуктун үлкөндөрү

ДСНВ-3 — өзөктүк технологияларды көзөмөлдөө чөйрөсүндө негиз салуучу документ. Ага 2010-жылы кол коюу менен Москва менен Вашингтон стратегиялык арсеналдарды кыскартууга милдеттенме алышкан.

Процесс жетимишинчи жылдардын башында эле башталган. Ал кезде кансыз согуштагы каршылаштар Стратегиялык куралдарды чектөө тууралуу алгачкы келишимди (ОСВ-1) түзүшкөн. Ошондон тарта бул жаатта эки тараптуу келишимге жети ирет кол коюлган.

АКШ аларды аткарууда эч качан шек жараткан эмес, бирок Дональд Трамп тактыга отургандан бери баары өзгөрдү. Ак үйдүн башчысы макулдашууларды учурдагы кырдаалга ылайыктоого умтулат. Келечекте куралдануунун жаңы жарышы аны коркутпайт.

Россиянын учкучсуз "Охотниги" АКШ менен НАТОну санаага салууда. Себеби

Чакан жана орто аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндөгү келишимден чыгуу тууралуу 2019-жылдын августунда жарыялаган чечимин Кошмо Штаттар Россияга карата дооматтары менен түшүндүргөн.

Алардын негизгиси – Москва кыязы, документ тыюу салган SSC-8 ракетасын сынаган имиш (россиялык классификациясы — 9M729). Бирок америкалыктар эч кандай так бир далил келтире алышкан эмес.

Анткен менен бейформал сүйлөшүүлөрдө маселе Москванын кадамдарында эмес экенин моюнга алышкан. Пентагон Кытай чакан жана орто ыраактыктагы ракеталарды чыгарып жатканынан шектенип, кытай бийлигинен стратегиялык куралдануу боюнча сүйлөшүүлөргө кошулууну талап кылган. Пекин Американын андай каалоолорун капарга алган эмес.

2020-жылы майда АКШ Ачык асман боюнча келишимден чыгып, кайрадан Москваны "орустар инспекциялык учуштарга жолтоо болууда" деп айыптаган. Россиянын коргоо министри муну жокко чыгарган. Аталган министрлик америкалыктар космосту активдүү өздөштүрүүгө ниеткер, ал эми бул келишим аларга жол бербегендигин боолголошот.

Өзөктүк паритет

"АКШ жана НАТО Кытайдын өзөктүк программасы тез өнүгүп жатканынан чочулайт. Кыязы, кытайлыктар бул маселеде Вашингтон жана Москва менен теңдештүүгө ниеттенет өңдөнөт", — деп түшүндүргөн ушул жайда куралданууну көзөмөлдөө боюнча АКШнын атайын өкүлү Маршалл Биллингсли.

Лавров: ШКУга мүчө өлкөлөр Ирандын өзөктүк программасы боюнча планды колдойт

Вашингтон Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишим Россиянын тактикалык өзөктүк дараметин чектебегенине нааразы. Биллингсли стратегиялык куралдардын верификациясынын азыркы механизмин да сынга алган эле.

Талкуу баары бир башталды, бирок америкалыктар кезектеги талабын билдирди. "АКШ ачык эшикти каккылай, сүйлөшүүлөргө акыркы үлгүдөгү россиялык куралдарды кошууну талап кылууда", — деп билдирди россиялык министр.

"Жакшы сунуш"

Жолугушуулардын экинчи раунду сентябрда майнапсыз аяктады. АКШнын жаңы талабы — кошумча алкактагы келишимдерди кабыл алуу. Ага америкалыктар стратегиялык гана эмес, тактикалык өзөктүк арсеналдарды да камтууну сунуштоодо. Бир гана Вашингтон сүйлөшүү процессине Кытайды кошуу менен кол коюуну жылдырууга макул болду.

"Биз Россияга жакшы сунуш бердик", — деди Биллингсли.

РФ Тышкы иштер министрлигинен Москва аталган келишимди азыркы гана калыбында кабыл аларын кабарлашты. Анын мөөнөтү бир нече айдан кийин аяктайт, андан бир нерсени өзгөртүүгө убакыт тар. Бул мекемедегилер макулдашуу процессин америкалыктардын өздөрү создуктурганын белгилешти.

"Эгер АКШ кызыкчылыктардын шайкештигинин негизинде кандайдыр жаңы нерсени иштеп чыгууга даяр болсо, анда келишимди кабыл алуу мүмкүн. Бирок убакыт керектелет", — деп мүнөздөйт кырдаалды РФ ТИМ орун басары Сергей Рябков.

"АКШ өзгөчө жеңилдиктерди самайт"

"Альтернатива аз: же Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимди өзгөртүүсүз узартуу же биротоло андан баш тартуу", — деп боолголойт куралданууну көзөмөлдөө көйгөйлөрү боюнча адис Евгений Мясников.

Келишимдин башкы баалуулугу стратегиялык куралдардын верификация системасында деген ойдо ал. "Мурда бири-биринин аракеттерин көзөмөлдөө татаал эле. Тараптар эң кооптуу сценарийге карашкан, бул кезегинде чыңалууну күчөткөн. Эгер система кыйраса, өткөндүн кайталануу тобокелдиги да өсөт", — деп эскертет эксперт.

Жаңы технологиялар жана эл аралык коопсуздук боюнча ПИР-борбордун жетекчиси Вадим Козюлин келишимдин узартылышынан шек санабайт. АКШнын талаптарын ал баа-наркын жогорулатуу оюнундай баалайт.

F-35ти модернизациялоо. АКШнын доо кеткен беделин бийиктетүү аракети

"Трамп баягысындай эле: келишимди түзүүнүн алдында өзгөчө жеңилдиктерди соодалашып алгысы келет. Бирок убакыт келип калды, америкалыктар узартууга макул болот. Жаңы шарттар – кийинки талкуулардын предмети. Ошону менен бирге эле Европадагы тактикалык өзөктүк арсенал жана америкалык курал боюнча Россиянын да сунуштары бар", — деген пикирин билдирет эксперт. Ал Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу боюнча келишимге учкучсуз тутумдар кирбестигин, аларды деле өзөктүк куралды ташуучу катары кароого болорун белгилейт.

"Учкучсуздар боюнча Россиянын да көп суроолору бар. Негизи, бул ошол эле канаттуу ракета. Көп жолу пайдаланылышынан улам ал олуттуу коркунуч туудурат. Бирок Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды чектөө жана азайтуу жаатындагы келишим боюнча кезигүүлөрдүн алкагында Москва бул теманы азырынча көтөрүп чыга элек", — дейт Козюлин.

Анын айтымында, көзөмөл тутумун сактап калуу учурда негизинен АКШга жараша. Эгер Вашингтон диалогго даяр болсо, анда келечегинде ага өзөктүк куралга ээлик кылган мамлекеттерди, атап айтканда, Кытай, Франция, Улуу Британия, Индия, Пакистанды кошуп алууга болот.

43
Белгилер:
божомол, эксперт, өзөктүк курал, келишим, АКШ, Россия
Тема боюнча
АКШ космоско алгачкы ажатканасын орнотууну пландап жатат
"Абрамстарды" жеткиришти. АКШ Беларусь чек арасында эмне баштоодо?

Британия: ресторанда кардарларды роботтор тейлеп жатат. Видео

34
(жаңыланган 12:10 26.09.2020)
Мекеменин жетекчилери кызмат көрсөтүүнү роботтоштурууну өнүгүү катары эле эмес, коронавирустун жайылуу коркунучун азайтуу үчүн колдонушкан.

Англиянын Милтон-Кинсе шаарындагы ачылган Robotazia тамактануу жайына келгендерди роботтор тейлейт. Бул тууралуу Euronews маалымат булагы айтып чыкты. 

Мекемеде темир кызматкерлерден сырткары, дагы 10 официант-адам иштейт. Ресторандын ээси жалаң гана роботтор тамак ташыган экинчи жайды ачууну пландап жатат.

Япония: 18 метрлик алп робот алгачкы кадамын таштады. Видео

Бул аракеттин COVID-19дун жайылуу коркунучун мүмкүн болушунча азайтары белгиленет.

34
Белгилер:
коронавирус, Улуу Британия, тейлөө, ресторан, робот
Тема боюнча
Окумуштуулар биринчи жолу тирүү клеткалардан робот жасашты. Видео
Жөргөмүштөй болгон робот үч тонналык учакты сүйрөп кетти. Видео
Кыргызстандык окуучулар робот техникасы боюнча ат салышты. Сүрөттөр
Президент Сооронбай Жээнбеков Биринчи радиого маек берди

Шайлоодон кийин карантин киргизилеби? Президент Жээнбековдун жообу

0
(жаңыланган 15:28 26.09.2020)
Мамлекет башчы пандемия учурунда ар бир адам жооптуу болуп, санитардык эрежелерди сактоо зарылдыгына көңүл бурууну белгилеген.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Карантин киргизиш оңой, баарын жаап салабыз, бардык кыймыл токтойт, бирок аны менен маселе чечилбейт. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков Биринчи радиого маек берип жатканда айтты.

Журналист эл арасында шайлоодон кийин карантин кайра киргизилет экен деген сөздөрдүн айтылып жаткандыгы боюнча суроо берген.

"Карантин киргизиш оңой, ал жеңил, баарын жаап салабыз, баардык кыймыл токтойт. Аны менен маселе чечилбейт", - деген мамлекет башчы.

Жээнбеков пандемия учурунда ар бир адам жооптуу болуп, санитардык эрежелерди сактоо зарылдыгына көңүл бурууну белгилеген.

Өлкөгө сырттан киргендер кайрадан текшерилет, анализ тапшырат. Жаңы алгоритм

"Башында билесиздер, март жана апрель айларында элди санитардык эрежелерге көндүрөлү деп карантин киргиздик — ал өзүнүн эффектисин берди. Бирок, карантинди кое бергенден кийин ошол санитардык эрежелерди, социалдык дистанцияны сактабай, кайдыгер мамиле менен, кээ бир саясатчылардын оору жок дегенине эл ишенип чыгып алды. Ошонун жыйынтыгы менен июнь – июль айларында абдан кыйналдык. Оору аябай таркап, ооруканалар, медиктер элге медициналык жардам көрсөткөнгө үлгүрбөй, кандай кыйынчылыктар болду, аны көрдүк да. Ошол үчүн ар бирибиз жооптуу болуп, карантинге ишенбей, ар адам өзүнө тыюу салганды үйрөнүш керек, өзүн сактанганды үйрөнүш керек жана ар адам жоопкерчилик менен мамиле кылыш керек. Анан ошондо карантиндик режим сакталат", - деген президент.

Кыргызстанда да коронавирус жуктургандардын саны акыркы күндөрү арбып бара жатат. 26-сентябрда COVID 158 кишиден табылды.

0
Белгилер:
карантин, коронавирус, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
COVID жуктургандар көбөйө баштагандыктан Боронов шашылыш жыйын өткөрдү