БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Адамдын физиологиясы үчүн бир нече саат бою отуруп иштөө өтө зыян. Анын ден соолукка тийгизген кесепетин азайтуу үчүн жарым саатта бир жеңил-желпи көнүгүүлөрдү жасап туруу керек. Бул тууралуу кардиолог Владимир Хорошев Sputnik радиосуна курган маегинде айтып, бир нече вариантты сунуштаган.
Дарыгердин айтымында, бүгүнкү күндө иштегендердин басымдуу бөлүгү бир күн бою отурган калыбында эмгектенүүгө аргасыз. Бул катмарга кеңсе кызматкерлери, айдоочулар кирет.
Үйдө отуруп иштөөнүн күнгөйү менен тескейи айтылды
"Отуруп иштөө адамдын ден соолугу үчүн зыян. Киши туруп турганда же жатканда кан тамырлары түз болуп турат. Отурары менен формасы кууш тартып, бутка келген кандын көлөмү кескин азаят. Бул өтө жаман нерсе. Кандын жайлашы артериядагы атеросклероздук өзгөрүүлөрдү шарттап, кесепети оор болот. Андан дарылануу көп чыгымды талап кылат", — деди Хорошев.
Отуруп иштөөнүн зыянын азайтуу үчүн жумуш ордун ыңгайлуу кылып алуу керек. Мындан тышкары, ар бир жарым саат же бир саат сайын анча оор эмес көнүгүүлөрдү жасап туруу зарыл. Такыр болбоду дегенде туруп, ары-бери басып койсо деле жарайт.
Дагы бир ыкмасы — туруп иштөөгө өтүү. Кардиолог буга иш столунун жанында дайым конторка турган жазуучуларды мисал келтирди.
Эки мүнөткө жетпеген видеодо спортчулар океандын толкуну менен жарышкан кереметтүү кадрлар камтылган.
Ролик YouTube компаниясынын расмий баракчасына жарыяланды.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү мекенинде мамлекеттик издөө жарыяланган жарандарды колго түшүрүү боюнча көрүлгөн аракеттердин негизинде РФтин аймагында жашынган үч шектүүнү кармады.
Ага ылайык, 2011-жылы 1990-жылкы Э.О. эки шериги менен Сокулук районундагы үйлөрдүн бирине кирип үй ээлерин сабап туруп 100 миң сомун алып кеткен. 2012-жылы шектүүгө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.
Мындан сырткары, 2020-жылдан бери балдарына алимент төлөбөгөндүгү үчүн Талас райондук ички иштер бөлүмү тарабынан изделип жаткан 1979-жылкы М.Э. дагы кармалган.
Учурда шектүүлөрдү Кыргызстанга өткөрүп берүү аракеттери жүрүүдө.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Талас жергесинде +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +14…+19 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +19…+24, Ош шаарында +23…+25 градус болору болжолдонду.