Тихановскаянын штабы Лукашенконун бийликтен кетишин талкуулоого даяр экенин айтты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүү Беларусь президенти Александр Лукашенко. Архив
 Беларусь президенти Александр Лукашенко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Литвада жүргөн Тихановская буга чейин өлкөдө бийликти өткөрүп берүү боюнча Координациялык кеңеш түзүүнү демилгелеген.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Беларусь президенттигине мурдагы талапкер Светлана Тихановскаянын штабы бийлик менен учурда өлкө башчы Александр Лукашенконун президенттиктен качан жана кантип кетери тууралуу сүйлөшүүгө даяр экенин айтты. Бул тууралуу Sputnik Беларусь агенттиги жазды.

Учурда Литвада жүргөн Тихановская буга чейин өлкөдө бийликти өткөрүп берүү боюнча Координациялык кеңеш түзүүнү демилгелеген.

"Биз бийлик менен Лукашенконун качан жана кандай жол менен президенттиктен кетерин талкуулоого даярбыз", — дешти штабдан.

Лукашенко өлкөдөн чыгып кеттиби? Атаандашы Тихановская элге кайрылды

Эске салсак, Беларуста 9-август күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, ал массалык акцияга айланган. Тургундар менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу болуп, эки тараптан бир топ адам жабыр тарткан.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялап, анда учурдагы мамлекет башчысы Александр Лукашенко 80,08 пайыз добуш менен жеңип чыкканын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0