Элге рахматын айткан Лукашенко, кооптонгон коомчулук. Беларустагы абалга баяндама

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүМитинг в поддержку действующего президента Белоруссии А. Лукашенко в Минске
Митинг в поддержку действующего президента Белоруссии А. Лукашенко в Минске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоо аяктаары менен башталган нааразычылык акциясы басаңдай элек. Айрымдар Лукашенконун 80,1 пайыз добуш алганына ишенбей жатат.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Биз шайлоону кайталап өткөрсөк мамлекет катары жок болуп кетишибиз мүмкүн. Мындай кайрылуу менен Беларустун президенти Александр Лукашенко өкмөт үйдүн алдында болуп жаткан митинг учурунда чыкты.

Баса, бүгүн Минскиде эки митинг өтүп жатат. Жеринде болгон окуялар тууралуу Sputnik Беларусь агенттиги тексттик трансляция берүүдө.

 

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүБеларусь президенти Александр Лукашенкону колдогон митинг. Минск шаары.
Элге рахматын айткан Лукашенко, кооптонгон коомчулук. Беларустагы абалга баяндама - Sputnik Кыргызстан
Беларусь президенти Александр Лукашенкону колдогон митинг. Минск шаары.

Биринчи митинг өкмөт үйүнүн алдында, ага Лукашенконун тарапташтары чогулган. Пикирлештеринин алдына чыккан мамлекет башчы болуп жаткан толкундоолор тууралуу өз оюн айтты. Экинчи нааразычылык акциясы Минск шаарынын чок ортосунан башталган. Ага катышкандар Эгемендүүлүк проспекти менен жөө жүрүш кылып, шаардын башка жактарын дагы кыдырышты.

 

Өлкө башчынын пикиринде, мындай жагдайга сырттагы күчтөр шыкакчы болуп жатат.

"Сырткы күчтөр катуу аракет кылууда. Беларус эли, өз башың менен ойлон! Биз ата-бабабыз куруп кеткен нерсени бербешибиз керек. Мени жок кылуу менен силер Лукашенкону эмес, тунгуч президентти жок кыласыңар. Бул негизи эле жок болуунун башталышы. Кайталап шайлоо өткөрсөк, мамлекетибизден кол жууйбуз", — деди Лукашенко.
© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүү"Сырткы күчтөр катуу аракет кылууда. Беларусь эли, өз башың менен ойлон! Биз ата-бабабыз куруп кеткен нерсени бербешибиз керек", - деди Лукашенко митингде сүйлөп жатып.
Элге рахматын айткан Лукашенко, кооптонгон коомчулук. Беларустагы абалга баяндама - Sputnik Кыргызстан
"Сырткы күчтөр катуу аракет кылууда. Беларусь эли, өз башың менен ойлон! Биз ата-бабабыз куруп кеткен нерсени бербешибиз керек", - деди Лукашенко митингде сүйлөп жатып.

Ошондой эле ал убактысын бөлүп, аны колдоо үчүн келген мекендештерине ыраазычылык билдирди.

"Билем, үйдө ишиңер көп. Бирок мени колдоп, ишенип келип отурасыңар. Негизи эле мага чейрек кылымдан бери чыдап жүргөнүңөргө рахмат", — деди президент.

Ал эми бийликке каршы митингге чыккандардын катары суюлбай, буга чейин болуп келгендей эле бүтүндөй ишканалардын жамааттары кошулуп жатат.

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүАлександр Лукашенко аны колдоо үчүн келген мекендештерине ыраазылыгын айткан.
Элге рахматын айткан Лукашенко, кооптонгон коомчулук. Беларустагы абалга баяндама - Sputnik Кыргызстан
Александр Лукашенко аны колдоо үчүн келген мекендештерине ыраазылыгын айткан.

Буга чейин президенттин шайлоодогу негизги атаандашы, Литвада жүргөн Светлана Тихановская элге кайрылуу жасаган.

"Комиссия таза иштеген аймактарда мага добуш бергендердин саны 60-70 пайыз эле. Ал тургай Жаңы Боровойдо 90 пайызга жеткен. Бул тууралуу протоколдордун көчүрмөлөрү бар. Бирок биз өз добушубузду мыйзам жолу менен коргойлу. Азыр көчөлөрдөгү көрүнүшкө жүрөк ооруйт. Адам өмүрү баарынан кымбат экенин унутпайлы", — деген Тихановская.

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

Бүгүн анын штабы Александр Лукашенконун президенттиктен кетишин бийлик менен талкуулоого даяр экенин айтып чыкты.

 

Кремль Беларустагы кырдаалды жайгаруу үчүн жардамга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Лукашенко менен Россия лидери Владимир Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү учурунда белгилүү болду.

 

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүБеларуста 9-август күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, ал толкундоого айланган.
Элге рахматын айткан Лукашенко, кооптонгон коомчулук. Беларустагы абалга баяндама - Sputnik Кыргызстан
Беларуста 9-август күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, ал толкундоого айланган.

РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, Путин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) багыты менен Беларустагы көйгөйдүн чечилишине көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Путин менен Лукашенко Беларустагы кырдаалды талкуулашты

Зордук-зомбулукту болтурбай, тынчтык жолу менен пикир келишүүгө беларус элин Рим папасы Франциск да чакырды.

"Беларуста шайлоодон кийин кандай окуялар болуп жатканын көрүп турам. Тараптарды диалогго келип, адам укугун тебелебей маселени чечип алууга чакырам", — деди ал кайрылуусунда.

Баса, Лукашенконун бийлигине каршы жарандар бир гана Беларустун аймагында эмес, башка өлкөлөрдө дагы митингге чыгып жатат. Мисалы, ушул тапта Москва, Вашингтон шаарларындагы Беларусь элчиликтеринин алдында эл чогулуп турат.

Эске салсак, Беларуста 9-август күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, ал массалык акцияга айланган. Нааразылык акциясына чыккандар менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу болуп, эки тараптан бир топ адам жабыр тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0