9-күн: Беларуста бүтүндөй эмгек жамааттар митингге чыгууда

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүМинсктеги нааразычылык акциясы
Минсктеги нааразычылык акциясы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беларуста президенттик шайлоо аяктагандан бери митингдер басылбай келет. Эл республиканын ар кайсы аймагында көчөгө чыгып жатат. Бирок эң ири акциялар Минкс шаарында өтүүдө.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Тогуз күндөн бери Беларуста өтүп жаткан нааразычылык акциясы басаңдачудай эмес. Апта башталары менен бир топ ишкананын жамааттары митингге чыгып жатканын Sputnik Беларусь агенттиги жазды.

"Республикадагы бир топ ишкананын жамааты иш таштап, нааразычылык акциясына чыккандарды колдоп жатышат. Эл митингчилердин кармалып, камалып жатканына жана президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болууда", — деп айтылат кабарда.

Кечээ, 17-августта, көчөгө атайын техника чыгарган бир нече заводдун кызматкерлери гана эмес, мамлекеттик телеканалдардын журналисттери дагы чыгышты. "Белтелерадиокомпания", ОНТ, СТВ каналдарынын кызматкерлери азыркыдай шартта иштебей турганын айтып жатат.

Элге рахматын айткан Лукашенко, кооптонгон коомчулук. Беларустагы абалга баяндама

Ошондой эле мамлекеттик филармониянын алдына музыканттар менен аткаруучулар чыгып, митингчилерди колдоп өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Нааразычылыгын билдирүү жагынан медиктер четте калган жок. Саламаттык сактоо министрлигинин алдына жүздөгөн ак халатчан чыгып, изоляторлордо кармалып турган митингчилерге кирип жардам көрсөтүүнү талап кылууда.

Тихановскаянын штабы Лукашенконун бийликтен кетишин талкуулоого даяр экенин айтты

Эске салсак, Беларуста 9-август күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, ал массалык акцияга айланган. Нааразылык акциясына чыккандар менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу болуп, эки тараптан бир нече адам жабыр тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0