Ажаан доктрина: АКШ аскерлери Жер орбитасын басып алууга чамындыбы?

© AFP / THOMAS PESQUETКосмостон жердин сүрөтү. Архив
Космостон жердин сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Согуш талаасын толук көзөмөлдөө, душмандын пландарын алдын ала чалгындоо жана аны жердин айланасындагы орбитадан толук сүрүп чыгаруу. Декабрда түзүлгөн АКШ Космостук күчтөрүнүн командачылыгы алгачкы доктринасын жарыялады.

64 беттен турган ал документте жаңы күчтөрдүн максат жана милдеттери камтылган, ошондой эле алардын башка куралдуу күчтөрдүн алдындагы артыкчылыгы ийне-жибине чейин сүрөттөлүп жазылган. Документтин негизги тезистерине РИА Новости агенттигиндеги кесиптешибиз Андрей Коц токтолгон.

Көктөн кыр көрсөтүү

Космос АКШнын Куралдуу күчтөрүнө согуштук операцияларды пландоо жана өткөрүү боюнча уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет. Документтин авторлору байыркы замандан бери аскер башчылары салгылаштын алдында бийиктикти ээлөөгө, стратегиялык артыкчылыкты алууга, атап айтканда, душмандын машыгууларын көрүп, согуш талаасына тоскоолсуз байкоо салууга, күтүүсүз кол салууга жол бербөөгө умтулушкан.

XXI кылымдагы эң негизги позиция — жердин айланасындагы орбита. Пентагондун пикири боюнча, аны дал АКШнын Космостук күчтөрү көзөмөлдөөгө тийиш. Космостогу аскердик операциялар куралдуу күчтөрдүн башка түрлөрүнүн компетенциясындагы чөйрө эмес, согуштук аракеттерди жүргүзүүнүн өзгөчө тармагы катары каралат. Доктринада жазылгандарга ылайык, орбитада "үстөмдүккө жетүү" үчүн агрессивдүү аракетке өтүү керек, космосто чабуул жасоо зарыл.

F-35ти модернизациялоо. АКШнын доо кеткен беделин бийиктетүү аракети

"Чабуулдук операциялар душмандын космостук мүмкүнчүлүктөрүнө жана душмандын космоско каршы коргонуу тутумуна, касташкан күчтөрдүн натыйжалуулугун жана кыйратуучулугун төмөндөтүүгө багытталган, – деп белгиленет документте. — Артыкчылыкка жана кас мамлекеттердин космостук миссияларын алдын ала жоюу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу зарыл". Кеп мында ракетага каршы коргонуу каражаттары эле эмес, "душмандын спутникке каршы бардык дарамети" жөнүндө. Ошондой эле америкалыктар коргонуу операцияларына, анын ичинде активдүү — "душмандын кол салуу каражаттарын жок кылууга жана коркунуч деңгээлин азайтууга" болгон укуктарын өздөрүндө калтырат.

Топту бекемдөө

Космостук күчтөр "жердин айланасындагы орбитанын "коопсуздугу" үчүн жооп берет, ага АКШ жана анын союздаштарынын жетишин камсыздайт, ошондой эле атаандашты чочулатуу жана жүрүм-турумун өзгөртүүгө аргасыз кылуу үчүн согуштук күчүн чагылдырат.

Жүктү жана персоналды көп ирет колдонулуучу кемелер жеткирет, ал эми тактикалык, оперативдик жана стратегиялык деңгээлде маалыматты ыкчам жеткирүү үчүн кубаттуу спутниктик топ түзүү талап кылынат.

Өзгөчө ролду чалгындоо, байкоо салуу жана байланыштын атмосфера чегиндеги аппараттарына бөлүнөт, алар космосто америкалык аскердик катыштын негизи катары кызмат кылмакчы.

АКШ армиясы жана алардын НАТО боюнча өнөктөштөрү спутниктерди кызуу пайдаланып келет. Дал космосто күчтөрдү жана куралдарды тескөө, чалгын, байланыш жана навигациянын негизги каражаттары топтолгону жашыруун эмес. Орбитада аскердик жана кош багыттагы миң чакты батыш аппараттары нөөмөт өтөйт.

Россиялык космостук күчтөрдүн батыш өлкөлөрдүн спутниктеринин кыймылына, алардын сууда жана кургакта тигил же бул тилкелеринде чогулушуна, кайсы бир жердин үстүн айлануу мезгилине көз салууга жөндөмдүү болгон техникалык каражаттары жана адистери бар.

Доору бүтүп баратабы? Мунай жаатында эсти оодарчу окуя күтүлүүдө

Орбиталык топтун жүрүм-туруму болжолдуу душмандын ниетинен көптү айтып турат. Атап айтканда, аба чабуул операциясынын алкагында жыш топтолгон ракеталык-авиациялык соккусунун убагын таптак божомолдоого болот.

Доктринанын авторлору АКШнын бардык атаандаштарын америкалык орбиталык топ боюнча бардык маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу зарылдыгын айтышууда. Бул үчүн DARPA перспективдүү коргонуу иштелмелер агенттигинде бир топ жылдан бери Blackjack программасы ишке ашырылып келет. Ал бирдиктүү түйүнгө туташтырылган 200гө чейинки чакан көлөмдүү спутниктерди жапыз орбитага чыгарууну карайт. Бул аппараттардын мындай чакан көлөмү космостук чалгындоо каражаттарынын аларды аныктоо ишин татаалдаштырып, ал эми көп санда болушу аларды жок кылууну кыйындатат. Пентагондун планы боюнча топту 2022-жылы түзө башташат.

Жылдыздуу согуштар

Антсе да көптөгөн эксперттер иш спутниктер менен эле чектелбей турганын айтышат. Жарыяланган документте бул туурасында ачык айтылбайт, бирок эртеби же кечпи америкалыктар жердин айланасындагы орбитага согуштук куралды жайгаштырары түшүнүктүү. Мындай пикирин Sputnik радиосунун түз эфиринде МГИМОнун Аскердик-саясий иликтөөлөр борборунун директору Алексей Подберезкин билдирген.

"Кеп сокку уруучу куралдар: кинетикалык, лазердик, электромагниттик жана башкалар туурасында, — деп белгилейт серепчи. — Бул эмне гана болбойт дейсиз. Биздин үстүбүздө беш-алты куб метр ууландыруучу зат жүктөлгөн спутник учуп жүргөнүн элестетиңиз. Белгиленген маалда контейнер ачылып, ичиндегилердин баары башыбызга төгүлөт. Бул болжолдуу варианттардын бири гана, ал эми алар оголе арбын. Эгер спутниктер менен сокку уруучу космостук курал жеткиришсе, анда куралдын бутасына жетер маалы кескин кыскарарын түшүнүү керек.

Вашингтон Европаны чындап жазалоого белсенди

Азыркы тапта бүтүндөй коргонуу тутуму ракеталардын учушун каттоо жана күүлөнүүчү тилкеде аларды жок кылууга курулууда. Ал эми бул спутник үстүбүздө турса, кыска траекториядагы учуш болот. Ошондуктан булардын баары — Россиянын коопсуздугу үчүн реалдуу коркунуч".

Подберезкин Россияда орбитадан багытталган коркунучту чабалдата турган спутникке каршы тутумдар иштелип чыгып жатканын белгилейт. Бирок, ошентсе да, серепчи жаңы кымбат баалуу куралдануу жарышынан, бул ирет космостогу атаандаштыктан чочуларын жашырбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0