Ысыкты тоотпойт экен. Кытайлык академик COVID боюнча жагымсыз жаңылык айтты

© AFP / Jorge GuerreroДевушки в защитных масках на пляже
Девушки в защитных масках на пляже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуу Чжун Наньшань Кытайда коронавирус боюнча башкы адис болуп саналат. Анын айтымында, профилактикалык чараларды колдонууну улантуу өтө зарыл.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Буга чейин айтылган COVID-19 ысыкта жоголот деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Sputnik радиосу академик Чжун Наньшандын Кытайдын "Хуаньцюван" басылмасына курган маегине таянуу менен жазды.

Окумуштуунун айтымында, COVID-19 Кытайда азыр деле кооптуу, анткени өлкөнүн масштабы менен алып караганда калктын өтө аз бөлүгүндө антителолор иштелип чыккан. Буга элдин анча көп эмес бөлүгү ооруганы себеп. Мындан улам Чжун Наньшань мамлекет бекиткен профилактикалык чараларды сактап, бет кап тагынып, аралыкта болуп, байма-бай колду жууп туруу керек экенин эскертүүдө.

437 адам COVID-19дан өлгөн эмес. Министрлик статистиканы кайра карап чыкты

"Акыркы убакта Кытайда тоңдурулган азыктардын таңгагынан коронавирус табылган учурлар көбөйдү. Чжун Наньшань мындан коронавирус жукпай турганын, болгону таңгакка тийген колду жакшылап жууган жетиштүү экенин маалымдады", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми коронавирустун негизги жана жагымсыз жаңылыгы деп окумуштуу анын ысыкты тоотпой турганын белгилеген. Буга чейин адистер күндүн жылышы менен инфекциянын тароосу жайлайт деп айтып келишкен эле. Окумуштуу азыркы кырдаал вирус аба ырайынан жана жыл мезгилинен көз каранды эмес экенин тастыктады деп эсептейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0