Билл Гейтс: пандемия деп жүрүп башка бир коркунучтуу ооруну унуттук

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүMicrosoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс. Архив
Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөгө таанымал ишкердин айтымында, мындан алты жыл мурун Эбола эпидемиясы күчөгөндө, ага салыштырмалуу башка жугуштуу оорулардан киши көп өлгөн.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Пандемия шартында өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системасына күч келип жаткандыктан элдин безгек (малярия) менен күрөшүүсү кыйындап баратат. Бул тууралуу Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү өз блогунда билдиргенин РИА Новости жазды.

Ал белгилегендей, безгек чиркейлери COVID-19 кырдаалында "тыным алган жок".

"Чиркейлер социалдык аралыкты сакташпайт, бет кап кийишпейт", — деп жазган Гейтс.

Ишкердин айтымында, көп мамлекеттерде коронавирус жогорку чегине жетти, эми безгек оорусу күчөшү мүмкүн.

Билл Гейтс: бизди коронавирустан дагы чоң алаамат күтүп турат

"2014-жылы Батыш Африкада Эбола эпидемиясы тараганда безгек, кургак учук жана ВИЧ/СПИД сыяктуу эндемиялык оорулар Эбола оорусуна караганда көп өлүмгө алып келген. Анткени эпидемия жергиликтүү саламаттык сактоо системасын жок кылган. Ошондой эле учур COVID-19 фонунда кайталанышы мүмкүн", — деди Гейтс.

Ал белгилегендей, учурда пандемияга байланыштуу Африканын көптөгөн региондорунда безгектен коргогон торлорду, керектүү дары-дармектерди жана экспресс-тесттерди алуу көйгөйү жаралууда.

Гейтстин айтымында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун божомолу боюнча, эгерде кырдаал жөнгө салынбаса, Африка өлкөлөрүндө безгектен каза болуу 2000-жылдагы көрсөткүчкө чейин жетиши ыктымал. Анда 764 миң адам өлгөнү белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0