Ким Чен Ын бийлигинин бир бөлүгүн карындашына өткөрүп берди

© AFP / KOREA SUMMIT PRESS POOLТүндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана карындашы Ким Е Чжон. Архив
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана карындашы Ким Е Чжон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, жаз айларында Ким Чен Ындын ден соолугу кескин начарлап кеткени айтылган. Ал тургай анын өлүмү тууралуу дагы кептер болгон. Ошол кезде эле чет элдик ЖМКлар бийлик лидердин карындашына өтөрүн жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 21-авг. – Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өз милдеттеринин бир бөлүгүн жардамчыларына, анын ичинде карындашы Ким Е Чжонго өткөрүп берди. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Улуттук чалгындоо агенттигине шилтеме берип ВВС жазды.

Эмгек партиясынын бөлүм башчысынын орун басары болуп жүргөн Ким Е Чжон эми Пхеньяндын Сеул жана Вашингтон менен мамилелерине жооп берип, дээрлик өлкөнүн экинчи адамы болуп калганы айтылат.

Дагы эки жардамчы экономика тармагын, эки жардамчы мурда толугу менен Ким Чен Ындын башкаруусунда болгон коргонуу жаатын көзөмөлдөйт.

ЖМК: Ким Чен Ын үч аптадан бери алгачкы жолу эл алдына чыкты

"Бул тууралуу "Эмгек" партиясынын жыйынында белгилүү болду. Анда лидер өлкө бир катар көйгөйлөргө кептелгенин айтты", — деп жазылат макалада.

Эске салсак, жаз айларында Ким Чен Ындын ден соолугу кескин начарлап кеткени айтылган. Ал тургай анын өлүмү тууралуу дагы кептер болгон. Ошол кезде эле чет элдик ЖМКлар бийлик лидердин карындашына өтөрүн жазып чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0