БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Ден соолукка зыяны тийбеген колбаса сатып алам дегендер анын өңүнө жана этине көңүл бурушу керектигин Sputnik радиосуна дарыгер-диетолог Елена Соломатина түшүндүрүп берди.
Анын айтымында, башында колбаса пайдалуу жана тоюмдуу азыктардын бири катары ойлонуп табылып, ичине организмге керектүү көп затты камтыган. Бирок убакыттын өтүшү менен ага консерванттар, өңүн күлгүн кылып, даамын ачкан нитриттер кошулуп калды.
Эттин сүрсүгөнү ышталганына караганда пайдалуу. Адистин кеңеши
"Пайдалуу делген колбаса таза эттен жасалат, аны көпкө сактаганга болбойт. Мындай колбасалар кымбат дагы турат. Аны атайын дүкөндөрдөн гана табууга болот. Ошондуктан колбаса аларда эти көп бекен, ошону карагыла. Эгер жыты буркурап турса, өндүргөндөр бир нерсесин жаап-жашырып жатат деп ойлосо болот. Ал эми өңү күлгүн болсо ашыкча түс бергенин айтып турат", — деген Соломатина.
Мындан сырткары, дарыгер ышталган колбасадан оолак болууну айтып, ордуна бастурманы — катуу басылып жасалганын алууну сунуштаган.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. 67 жаш курагында СССРдин ат оюндары боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргызстанда туулган Александр Блинов каза болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Блинов 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарында командалык үч таймашта алтын жана жеке үч таймашта күмүш медалдын ээси болгон.Спортчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-мартта Москвада өтөт. Блинов 1954-жылы 19-августта Фрунзе шаарында туулган.
Анын Москвадагы Олимпиада оюндарында жетишкен ийгиликтери боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.
Акыркы жолу Нуньес өткөн жылдын июнь айында өткөн UFC 250 турниринде Фелиция Спенсер менен беттешип, калыстар тобунун добушу менен жеңүүчү деп табылган.
Ал эми Андерсон 2020-жылдын февраль айында UFC Fight Night 169 мелдешинде Норма Дюмон менен кез келип, биринчи раундда эле каршылашын нокаутка кетирген.Орточо оор салмактагы Ян Блахович менен орто салмактагы чемпион Исраэл Адесаньенин кармашы кеченин башкы беттеши болмокчу.
Маанилүүлүгү боюнча үчүнчү орунда турган беттеш Петр Ян менен Алджамейн Стерлингдин кармашы болот.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Айбек Бузурманкулов өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Бузурманкулов ээлеген ордунан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кеткен.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Эске салсак, Бузурманкулов Таласка жетекчи болуп 2020-жылдын октябрь айында 5-6-октябрдагы окуялардан кийин келген.