Адистер боордун талкаланышынын бир нече себебин атады

© AFP / PHILIPPE HUGUENЛекарства
Лекарства - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлердин айтымында, боордун иштешин аз кыймыл жана мөмө-жемиштерди туура эмес пайдалануу бузат.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Боордун ишин бир гана спирт ичимдиктери бузбайт. Бул тууралуу адистерге таянып “Известия” жазып чыкты.

Гепатологдордун пикиринде, боордун циррозуна жана органды май басып кетишине мөмө-жемиштерди туура эмес пайдалануу алып келет. Анткени алардын курамында фруктозалар майдын боорго чогулушуна көмөктөшөт.

Нефролог бөйрөктү талкалай турган азыкты атады

Ошондой эле адамдын кыймыл-аракетинин аз болушу боорго өз таасирин берет. Бул учурда майлар теринин алдында гана топтолбостон, ички органдарды да каптап, сезгенүү башталат.

Андан сырткары, дары-дармектерди ичүү да боорго терс таасирин тийгизет. Себеби ал орган аркылуу дарылар бөлүштүрүлөт. Ак халатчандар эгер адам дары ичкенден кийин шалдыраса же ичи ооруса ал даарыдан баш тартуу керек деп кеңеш берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0