Мээ рагына алып барат. Адис Bluetooth кулакчындын зыяндуу жактарын атады

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүМосковский метрополитен в период режима самоизоляции граждан
Московский метрополитен в период режима самоизоляции граждан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда 40ка чукул өлкөнүн окумуштуулары зымы жок кулакчындар мээ рагын пайда кылышы мүмкүн экенин билдирүүдө.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Bluetooth аркылуу иштеген кулакчындар электромагниттик толкундарды тараткандыктан адамдын мээсине кооптуулук жаратат. Бул туурасында Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин информатика кафедрасынын доценти Александр Тимофеев “Прайм” агенттигине билдирген.

Анын айтымында, окумуштуулар бир кылым мурда электромагниттик жыштыктар тамак-аш азыктарына жана органикага таасир этет деген тыянак чыгарышкан. Учурда 40ка чукул өлкөнүн окумуштуулары зымы жок кулакчындар мээ рагын пайда кылышы мүмкүн экенин билдирүүдө.

Рактын өрчүшүн ооздуктай турган өзгөчө өсүмдүк табылды. Иликтөө

Себеби Bluetooth таасири жогорку жыштыктагы нурланууга барабар болгон электромагниттик талаанын коркунучтуу булагы. Мындай нурлардын мээнин жанынан чыгып турушу зыян экенин белгилейт эксперт.

Жаңылыктар түрмөгү
0