Иранда кулаган украинанын учак. Архив

Иран бийлиги Украинанын кыйраган учагынын иликтөөсү эмне болгонун айтты

183
(жаңыланган 19:46 23.08.2020)
Ушул жылдын 8-январында Тегерандан Киевге багыт алган Украинанын учагы абага көтөрүлөрү менен кулап түшкөн. Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн бири да аман калган эмес.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Иранда биринчи ракета жарылгандан кийин кулаган Украина учагынын экипажынын сүйлөшүүсүн борттогу үн жазгыч сактап калган. Бул тууралуу Ирандын жарандык авиация уюмунун башчысы Турадж Дехгани Занганеге таянуу менен РИА Новости жазды.

Ал июль айында Францияда Украинанын учагындагы борт жазгычтарынын маалыматын чечмелөө иштери жүргөнүн айтып берген. Иш-чара эл аралык стандарттарга ылайык өтүп, ага учактарды чыгарган АКШ, аба кемеси таандык болгон Украина, иликтөөгө жардам кылган Франция менен Эл аралык жарандык авиация уюмунун өкүлдөрү катышкан. Жаздырууну чечмелөөдө техникалык көйгөйлөр болбогону кошумчаланат.

Индиядагы учак кырсыгы: каза болгондордун саны 20га жетти

Турадж Дехгани Занганенин айтымында, экипаж акыркы мүнөткө чейин учакты көзөмөлдөп бараткан. Ичтеги сүйлөшүүлөрдөн улам лайнердин кыймылдаткычтары иштеп жатканын билүүгө болот.

"Үн жаздыргыч биринчи ракетанын жарылуусунан кийинки 19 секундду гана жаздырган", — деп айтылат маалыматта.

Ал кошумчалагандай, экинчи ракета учакка 25 секундадан кийин жеткен. Ал эми үн жазгычтын жана учактагы маалыматтардын каттагычы 19 секундадан кийин, тагыраагы, биринчи ракетанын сыныктары тийгенден кийин иштебей калган.

Дехгани Зангане маселени саясатташтырбоону өтүнүп, процесске катышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрүндө да үн жаздыргычтан алынган маалыматтар бар экенин айткан.

Каргашанын чоо-жайы

2020-жылдын 8-январында Тегерандан Киевге багыт алган Украинанын учагы абага көтөрүлөрү менен кулап түшкөн. Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн бири да аман калган эмес. Бортто Иран, Украина, Канада, Германия, Швеция жана Афганистандын жарандары болгону кабарланган.

Үч күндөн кийин Ирандын аскерий адамдары каргашанын жоопкерчилигин мойнуна алышкан. Иран тараптын айтымында, аба кемеси аскер объектинин жанынан учуп бараткандыктан, аны АКШнын аскер учагы деп жаңылыштык менен атып алган.

183
Белгилер:
үн, иликтөө, учак, Украина, Иран
Тема:
Иранда кулаган Украинанын учагы (23)
Тема боюнча
Пакистанда 90 жүргүнчүсү бар учак эл жашаган аймакка кулады. Видео
Бир рубль монетасы жана долларлык монета жана купюрасы. Архив

Россияда доллардын баасы кескин кымбаттап кетти

62
(жаңыланган 00:14 24.09.2020)
Доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россияда апрель айынан бери биринчи жолу доллар 77 рублге чыгып, кескин кымбаттады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Москва биржасынын маалыматына караганда, бир доллар Бишкек убактысы боюнча саат 20:24тө 77,07 рублди түздү (96 тыйынга кымбаттады). Ал эми евро 80 тыйынга кымбаттап, 89,93 рубль болду.

Белгилей кетсек, доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

62
Белгилер:
баа, доллар, Россия
Тема боюнча
Россияда евронун баасы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Кыргызстанда абал кандай?
Президент Сооронбай Жээнбековдун БУУнун Башкы Ассамблеясынына видеокайрылуусу

Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмне тууралуу сөз болду

42
(жаңыланган 00:21 24.09.2020)
Президент Кыргызстан элинин атынан БУУга бардык реформаларды колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, уюмдун коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү күч-аракеттерин колдой турганын айтты.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы Жалпы дебаттар алкагында видеокайрылуу жасады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жээнбеков бүгүнкү күндө дүйнөнү Бириккен Улуттар Уюмусуз элестетүү мүмкүн эместигин, бул уюм социалдык-экономикалык, каржылык, маданий көйгөйлөрдү чечүүнүн өтө маанилүү куралы болуп калганын баса белгиледи. Анын пикиринде, БУУнун мекемелери, фонддору жана программалары өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин керектүү жана натыйжалуу өнөктөшү болуп саналат.

Путин: БУУ бир орунда катып калбай, заманга ылайыкташуусу керек

Ошондой эле президент Кыргызстан элинин атынан БУУга бардык реформаларды колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, уюмдун коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү күч-аракеттерин колдой турганын айтты.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков выступил с видеопосланием на 75-й юбилейной сессии Генеральной Ассамблеи ООН. 21 сентября 2020 года
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Сооронбай Жээнбековдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы Жалпы дебаттар алкагында видеокайрылуусу
“Кыргызстанда 43 миңден ашуун адамга илдет жукканы аныкталды, тилекке каршы, бир миң алтымыш үч жараныбызды жоготуп алдык. Үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда биздин өлкөдө Аза күтүү күнү жарыяланган. Кыргызстан элинин биримдигинин, медиктерибиз менен ыктыярчыларыбыздын каарман эмгегинин аркасында вирустун жайылышын бир кыйла төмөндөтө алдык. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Бириккен Улуттар Уюму жана анын ыкчам түрдө түзгөн фонду, ошондой эле эл аралык донорлор тарабынан көрсөтүлгөн жардам биз үчүн чоң мааниге ээ”, — деди Жээнбеков.

Мындан тышкары, президент пандемия тышкы карыз кризисин абдан татаалдаштырганын белгиледи.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков выступил с видеопосланием на 75-й юбилейной сессии Генеральной Ассамблеи ООН. 21 сентября 2020 года
© Фото / UN Photo/ Eskinder Debebe
Президент Сооронбай Жээнбековдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы Жалпы дебаттар алкагында видеокайрылуусу
"Биз “Чоң жыйырмалыктын” жана эл аралык каржы институттарынын карыздар боюнча төлөмдөрдү токтото туруу чечимин кубаттайбыз. Үстүбүздөгү жылдын май айында БУУнун жогорку деңгээлдеги иш-чараларында туруктуу өнүктүрүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо механизмин колдонууну сунуш кылганбыз. Биздин демилгебиз активдүү колдоого алынарына үмүт кылабыз”, — деди өлкө башчы.

Дүйнө чарчады. Лавров БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү

Ошондой эле президент Кыргызстан Борбордук Азиядагы ядролук куралсыз аймак жөнүндөгү келишимдин депозитарийи катары, өзөктүк куралсыздандыруу жана аны жайылтпоо боюнча мамилелерди күчөтүүнү жактаарына токтолду.

Президент аны менен катар экологиялык маселелер боюнча Кыргызстанда кылынып жаткан иш-чаралар тууралуу кеп кылды.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков выступил с видеопосланием на 75-й юбилейной сессии Генеральной Ассамблеи ООН. 21 сентября 2020 года
© Фото / пресс-служба президента КР
Президент Сооронбай Жээнбековдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы Жалпы дебаттар алкагында видеокайрылуусу
“Өткөн жылдын ноябрында Климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишимин ратификацияладык. Кыргызстан бул милдеттерди ишке ашыруунун эң маанилүү кадамы катары “жашыл” экономиканы өнүктүрүүнү көздөйт. Биз таза энергиянын өлкөсү болууга умтулуудабыз. Кыргызстан салттуу энергия булактарын керектөөнү бара-бара кыскартууга багыт алат. Суу-энергетикалык потенциалыбызды ГЭСтерди куруу жана “CASA-1000” эл аралык долбооруна катышуу аркылуу пайдаланууну маанилүү деп эсептейбиз. Бул биздин коңшуларыбыздын сугат муктаждыктары үчүн суу ресурстарынын топтолушуна жана бүтүндөй аймактын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт”, — деди президент.

Маалыматка караганда, Кыргызстан Башкы Ассамблеянын бул сессиясына “Жаратылыштын чек арасы жок: трансчекаралык кызматташтык — биоартүрдүүлүктү сактоодогу жана туруктуу пайдалануудагы негизги фактор” аттуу жаңы резолюциянын долбоорун алып чыкты. Өлкө башчы БУУда Кыргызстандын демилгеси колдоого алынарына ишеним артарын айта кетти.

Ошондой эле кайрылууда Кыргызстан Борбор Азияда аймактык кызматташтыкка өзгөчө маани берери жана аймактык пикир алышуу аянтчаларына активдүү катышары айтылды.

Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?

Президент өз сөзүндө тарых БУУнун тынчтыкты сактап, өзүнүн негизги милдетин татыктуу аткарып жатканын тастыктап турарын билдирди.

Эске салсак, буга чейин президент 21-сентябрь күнү БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик 75-сессиясында видеокайрылуу жасаган.

42
Белгилер:
кайрылуу, сессия, Сооронбай Жээнбеков, БУУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Жоомарт сунушка рахмат! БУУ Путинге вакцина боюнча ыраазылык билдирди