АКШ COVID-19га кабылгандарды айыккандардын плазмасы менен дарыламай болду

© AFP / CHANDAN KHANNAСитуация в США из-за пандемии коронавируса
Ситуация в США из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын саламаттык сактоо жана социалдык кызматтар министри Алекс Азар айыккандардын плазмасын пайдалануу маанилүү чечим болгонун белгилеген.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. АКШда коронавируска кабылган бейтаптарды оорудан айыккандардын канынын плазмасын куюу менен дарылашат. Уруксатты АКШнын тамак-аш жана дары-дармектердин сапатын көзөмөлдөө башкармалыгы бергенин "Известия" басылмасы жазды.

Билдирмеге ылайык, дарылоонун мындай ыкмасы вирус менен күрөшүүдө жакшы натыйжа бериши мүмкүн экендиги илимий макалаларда жазылган. АКШнын саламаттык сактоо жана социалдык кызматтар министри Алекс Азар айыккандардын плазмасын пайдаланууга уруксат берүү маанилүү чечим болгонун белгилеген.

Пульмонолог: КРде COVID-19ду дарылоого плазма колдонулбайт

Дарылоонун мындай түрү 70 миң америкалык тургунга колдонулуп тажрыйбадан өткөнү айтылды.

АКШда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 5 миллион 700 миңден ашып, оору 176 миң 800 миңден көбүнүн өмүрүн алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0