БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. WhatsApp байланыш каражатынын колдонуучулары көбүнесе шилтемелер жана жүктөп алуучу файлдар аркылуу шылуундарга кабылып калат. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине "Роскачество" ишканасынын жетекчисинин орун басары Илья Лоевский айтып берди.
"Адатта шылуундар Google, Apple, Facebook сыяктуу атактуу компаниялардын атын колдонушат. Ошондой эле коомдо кызыктуу болуп турган темалар тууралуу жазышат. Мисалы, азыр COVID-19 же акысыз интернет жөнүндө тексттерден көпчүлүк кыя өтпөйт. Мындан тышкары, алдамчылар WhatsApp тиркемесинин атын көп жамынышат", — деди адис.
WhatsApp жаңы функцияны ишке киргизип жатат
Лоевский банк картасынын номерин, сыр сөз сыяктуу жеке маалыматтарды сурагандардан дагы оолак болууга чакырат.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 2-3-март күндөрү Казакстанга мамлекеттик иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик апараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев билдирди.
Сапардын алкагында мамлекет башчы коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулай турганы белгиленди.
"Казакстан менен кызматташтыгыбыз жогорку деңгээлде жана иш жүзүндө бардык чөйрөлөрдө эки жана көп тараптуу өз ара кызматташуунун оң динамикасы бар. Биз Казакстан Республикасы менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоо максатын көздөйбүз", — деп белгиледи Дүйшекеев.
Мындан сырткары, Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушары күтүлүүдө.
Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанисин эске алып, Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу дагы каралган.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Ташкент шаарындагы "Шовотландия" кафесине өрт коюуга шектелген адам кармалды. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Чилензарск районундагы кафеден чыккан өрт тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына 27-февралда түнкү саат 3:51лер чамасында түшкөн. Жалын саат 4:37де чектөөгө алынган. Кийинчерээк шаардык милиция башкармалыгы кырсык болгон жерден беш студент ууланып каза болгонун кабарлаган.
Милиция Самарканд облусуна караштуу Тайлак районунун тургуну, мурда соттолгон жаран атайылап өрт коюушу мүмкүн деп эсептеп жатат.
"Тергөөнүн алгачкы маалыматы боюнча, ал 27-февралда саат 3:30да Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа менен кафеге келип, дубалына белгисиз суюктук чачкан. Андан соң ичине дагы бир идиштеги суюктукту ыргытып күйгүзүп жиберген. Шектүү өрт тутанганча карап туруп, анан качып кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.
Бул боюнча "Атайылап жок кылуу жана мүлктү зыянга учуратуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнү Ташкент прокуратурасы жүргүзүп жатат.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Россиялык космонавт Сергей Кудь-Сверчков Эл аралык космостук станциядан тартып алган Ысык-Көлдүн уникалдуу сүрөтүн Twitter-аккаунтуна жарыялады.
Озеро #ИссыкКуль — это драгоценный аквамарин в серебряной оправе заснеженных гор, бальзам, исцеляющий не только тело, но и душу, вдохновляющий людей вот уже многие столетия, сокровенная жемчужина Киргизии. pic.twitter.com/XmxhF8Jb7X
— Sergey Kud-Sverchkov (@KudSverchkov) February 28, 2021
"Ысык-Көл — бул кар баскан тоолордун ортосундагы баалуу аквамарин. Ал адамдын денесин гана эмес, жан дүйнөсүн дагы дарылаган бальзам. Жүздөгөн жылдардан бери адамдарга дем берип келе жаткан Кыргызстандын бермети", — деп жазылган сүрөттүн алдына.
Кадрдан Ысык-Көлдүн түштүк-чыгыш тарабындагы булут бурганагын көрүүгө болот.
Интернет колдонуучулары космонавттан ушул сыяктуу сүрөттөрдү байма-бай чыгарып турууну суранышкан.