Көчөдө бараткан окуучулар. Архив

1-класстын окуучусунун сумкасы канча килограмм болушу керек. Адистердин сунушу

190
Мектепке көтөргөн рюкзактар сапаттуу материалдан болуп, окуучунун далысына ыңгайсыздык келтирбей тыкан кармалып турушу керектиги айтылды.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Россиядагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдык бакубатчылык боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) 1-класстын окуучулары ден соолугуна залака келтирип албаш үчүн сумкасынын салмагы 1,5 килограммдан ашпашы керектигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Жыл өткөн сайын окуу китептери кооздолуп, сүрөттөр болушунча көп тартылып, салмагы оорлоп бара жатат. Бирок биз 1-2-класстардын балдары күн сайын 1,5 килограммдан ашык көтөрүп жүрбөшү керектигин унутпайлы. Бул салмак 3-4-класстар үчүн — 2; 5-6-класстар үчүн — 2,5; 7-8-класстар — 3,5; 9-11-класстар үчүн  4 килограмм болушу керек", — деп айтылат макалада.

1-класстарды мектепте окутуу тартиби жарыяланды. Ата-энелерге кулак кагыш

Ошондой эле мектепке көтөргөн рюкзактар сапаттуу материалдан болуп, окуучунун далысына ыңгайсыздык келтирбей тыкан кармалып турушу керектиги кошумчаланды.

190
Белгилер:
ден соолук, салмак, сумка, окуучулар, мектеп
Тема боюнча
Аралыктан окууда баланын пижамачан отурганы туура эмес. Адистин кеңеши
Россиянын Мамлекеттик думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекедештер менен байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Водолацкий

Мамдума депутаты: орус тили КРде жашаган улуттардын пикир алышкан негизги тили

156
(жаңыланган 18:15 26.11.2020)
Буга чейин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев орус тилин расмий тил макамынан ажыратууну сунуштаган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik, Мария Науменко. Россиянын Мамлекеттик думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекедештер менен байланыш комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Водолацкий Кыргызстанда орус тилинен расмий тил макамын алып салуу идеясына каршы пикирин билдирди.

"Бул чагымчылдык, анткени орус тили —  Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын пикир алышуусуна жардам берген негизги тил. Менимче, мындай чагымчылдык пикирлерге алдыдагы президенттик жана парламенттик шайлоолор чекит коет", — деди депутат.

Буга чейин Конституциялык кеңешменин мүчөсү Садирдин Төралиев орус тилин расмий тил макамынан ажыратууну сунуштаган. Мындай пикирин ал "кыргыз жаштары эне тилинде сүйлөбөй калды" деп түшүндүргөн.

"Россия — Кыргызстандын негизги саясий өнөктөшү. Орус тилинен баш тартуу, демек, өз мамлекеттүүлүгүн бузуу. Эгер бул маселе референдумга коюлса, Кыргызстанда жашаган элдин 99 пайызы анын макамын сактап калууга добуш берет деп ойлойм", — деди Водолацкий.

Кыргызстанда мамлекеттик тил — кыргыз тили, ал эми орус тили расмий тил макамына ээ.

Эске салсак, ушу тапта Кыргызстанда Констититуциялык кеңешме иштеп жатат. Ал Баш мыйзамдын долбоорун ар тараптуу талкуулоо жана бирдиктүү пикирге келүү үчүн түзүлгөн.

156
Белгилер:
депутат, пикир, макам, орус тили, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Конституциялык кеңешмеде Кыргызстандын аталышын өзгөртүү сунушталды
Россия биздин ишенимдүү өнөктөш. Садыр Жапаров элчи менен жолукту
Кыргызстан жана Россиянын желектери. Архив

Президенттик аппарат орус тилинен расмий макамын алуу сунушу боюнча үн катты

324
(жаңыланган 18:11 26.11.2020)
Конституциялык кеңешмеде Садирдин Төралиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн расмий тилди алып салууну сунуштаган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов Конституциялык кеңешмеде орус тилинин расмий макамын алып салуу боюнча айтылган сунуш боюнча комментарий берди.

Кеңешменин жыйынында мүчөлөрдүн бири Садирдин Төралиев мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн Конституциядан расмий тилди алып салууну сунуштаган.

"Бул тек гана Садирдин Төралиевдин көз карашы. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү ар тараптан чогулган, ар кандай пикирлер айтылып жатат. Бул бир адамдын гана ою, жыйынтыгында баары бир пикирге келет деп ишенебиз. Президенттик аппаратта орус тилинин расмий макамын алып салуу идеясы каралган эмес", — деди Анаркулов.

Учурда Кыргызстанда кыргыз тили — мамлекеттик, орус тили — расмий тил макамына ээ.

324
Белгилер:
президенттик аппарат, расмий, макам, орус тили
Тема боюнча
Конституциялык кеңешмеде Кыргызстандын аталышын өзгөртүү сунушталды
Конституциялык кеңешменин курамы өзгөрдү. Жаңы кошулган 10 адамдын тизмеси
Нарын облусундагы айыл. Архив

Жумага карата аба ырайы

0
27-ноябрга караган түнү жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-Ноя. — Sputnik. 27-ноябрь, жума күнү, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Республиканын башка аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын темпетарутасы Чүйдө +6...+11, Талас өрөөнүндө +5...+10 градуска жетсе, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көл ойдуңунда +3...+8, Нарын жергесинде -2...+3 градусту көрсөтүп турат.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын болбойт, күндүн табы +8...+10 градуска жетет.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Фотофакт: ышка тумчуккан Бишкектин асмандан көрүнүшү