БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. WhatsApp байланыш каражатында файлдар канча эс тутумду ээлей турганын көзөмөлгө алууга жардам бере турган функция киргизилет. Бул тууралуу тиркеменин иштеп чыгуучулары расмий блогдо белгилешет.
Адис WhatsApp тиркемесиндеги шылуундуктун жаңы чыккан түрлөрүн тизмектеди
Алар Storage usage ("Сакталгандарды пайдалануу") бөлүгүн ачууну убада кылышууда. Анда жалпы эс тутумдун көлөмү, видео, сүрөт, аудио, документ жана кайра жиберилген файлдар канча көлөмдү ээлерин билүүгө болот. Мындан сырткары, эс тутумда өзгөчө көп орунду алган файлдар көрсөтүлөт.
Аталган функция азырынча иштелип жатат, анын качан ишке киргизилери айтыла элек.
Бул адамдар сүрөткө түшүп жатканын билген да эмес. Фотографтар алардын чыныгы эмоциясын түшүрүп калууга жетишкен. Бирөөлөргө дары биринчи жолу сайылып жатса, кээ бирлери экинчи ирет эмделип жатат. Вакцина алып жаткандардын реакциясын, ошол учурдагы жүзүн Sputnik сунуштаган сүрөт түрмөктөн көрүүгө болот.
Индияда коронавируска каршы эмдөө учурунан бир ирмем. Serum Institute of India кызматкерине AstraZeneca компаниясынын Индиядан чыккан CoviShield препараты сайылууда
90 жаштагы Жюстина Батистка Кытайдын Sinovac вакцинасы менен эмделүүдө. Бразилия
Медицина кызматкери Пэм Питер экинчи ирет вакцинациядан өтүүгө даярданып жатат. АКШ, Флорида штаты
Сибирь федералдык университетинин кызматкерине "Спутник V" препараты сайылууда
Лондондогу карылар үйүнүн 100 жаштагы жашоочусу Oxford/AstraZeneca менен эмделүүдө
Вакцинация боюнча окутуудан бир кадр. Япониянын Кавасаки шаарында медайым ийне сайганды үйрөнүп жатат
Албаниянын Фиери шаарында карылар үйүнүн тургуну Pfizer/BioNTech препаратын сайдырууда
Парижде коронавируска каршы эмделип жаткан эркек киши
Johnson & Johnson дармеги сайылып жаткан медицина кызматкери. Түштүк Африка, Клерксдорп
Бразилиянын Сан-Паулу шаарында улгайып калган аял Sinovac препаратынын экинчи компонентин алууда
Карылар үйүнүн тургуну эмделип жатат. Чили
Sinovac вакцинасынын экинчи компоненти менен эмделип жаткан индонезиялык кишинин реакциясы
Афганистандын Кабул шаарында AstraZeneca препаратын алып жаткан оорукананын кызматкери
Италиянын Турин шаарындагы Амедео ди Савойя ооруканасында вакцинациядан өтүп жаткан бөлүм башчы Жованни Ди Перри
Свердлов облусундагы Староуткинск айылынын тургуну "Спутник V" менен эмделип жатат
Сенегалдын саламаттык сактоо министри Абдулай Диуф Сарр вакцинациядан кийин
Pfizer/BioNTech менен эмделген 98 жаштагы Генри Воукстун реакциясы. Улуу Британия
Венесуэланын Каракас шаарындагы ооруканаларынын биринде "Спутник V" менен эмдөө учуру
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы элчиси Абдурахман бин Сайд бин Мухаммад Аль-Жуманы дипломатиялык миссиясы аяктап жатканына байланыштуу кабыл алды.
Өкмөт башчы Сауд Аравия менен түз авиакаттам ачуу маселесин карап көрүүнү сунуштады. Ошондой эле ата мекендик продукцияларды экспорттоо жана инвестиция тартуу максатында Сауд Аравияда көргөзмө-жарманкелерди уюштуруу ортого салынды.
Өз кезегинде элчи бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча долбоорлорду активдештирүүгө даяр экенин белгиледи.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. УКМК мамлекеттик кызматтан жетекчилик орун убада кылып, пара алып жаткан шектүүнү колго түшүрдү. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.
Шектүү башкаларды президентке жана УКМК башчысына жакын киши экенин айтып ишендирген.
“Кармалган адам президент жана УКМК башчысы менен жакын тааныштыгы бар экенин айтып, А.Б.А. аттуу жаранды 15 миң долларга мамлекеттик кызматтагы жетекчи орунга дайындоону убада кылган. Бул үчүн андан алдын ала 1 000 доллар аванс алган”, — деп айтылат билдирүүдө.
Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 204 (алдамчылык) беренеси менен иш козголду.
УКМК ушундай көрүнүшкө туш келгендерди же күбө бөлгондорду (0312) 66-00-20 жана (0312) 66-04-75 телефон номерлери аркылуу билдирүүнү өтүнөт.