TikTok тиркемесин логотиби . Архивное фото

Бийчини туурайм деп буту-колун сындыргандар көбөйдү. TikTok сервисиндеги видео

227
Алгач бийди кесипкөй хореограф аткарып чыгып, видеосу интернетте желдей тараган. Көп өтпөй колдонуучулар аны туурап видео тарта баштаган.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. TikTok социалдык тармагынын колдонуучулары америкалык реперлер Megan Thee Stallion жана Карди Бинин "WAP" аталышындагы ыры менен коштолгон челленджди кайталайм деп жаракат алып, ооруканага түшүп жатат. Бул тууралуу The Daily Mail жазды.

TikTok сервисинде алгач бийди кесипкөй хореограф Брайан Эсперон аткарып чыккан.

 

​Бул видео аз убакытта эле элге тарап, 3,7 миллион жолу көрүлгөн. Көп өтпөй колдонуучулар аны туурап видео тарта баштаган. Бирок көбү кыймылды бийчидей өздөштүрүп кете албай, ал тургай жаракат алышкан.

Маселен, ib_bbbbbbb аккаунтунун ээси видео тартып жатканда кулап түшкөнүн көрүүгө болот. Кийинки кадрда кыз бутун ооруксунтуп алып, оорукана жатканы белгилүү болду.

 

​Флешмобдун андан кийинки колдонуучусу колун сындырып алган. Ал бий учурунда башка бирөөнүн бутуна чалынып жыгылган.

 
​"Апам челленджди кайталайм деп жатып колун кокустатып алды. Анда туулган күндү майрамдап жатканбыз", — деп жазган жабыркаган аялдын кызы.

​Кийинчерээк ырдын аткаруучусу Карди Би мындай окуялар боюнча үн каткан. Ал Instagram тармагына бийлейм деп жаракат алган аялдын видеосун жүктөп, колдонуучуларды этият болууга чакырган.

227
Белгилер:
бий, оорукана, жаракат, видео, колдонуучу, сервис, TikTok
Тема боюнча
Бишкектен жооп: TikTok трендин кыргызстандыктар да колдоп чыкты
Үч айда активдерден баш тарткыла. Трамптын TikTok менен күрөшү уланууда
Россиянын Тергөө комитети. Архивдик сүрөт

51 кыргызстандык жабыркаган Москвадагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду

14
(жаңыланган 10:38 28.09.2020)
Тергөө комитетинин алдын ала текшерүү иш-чараларынын натыйжасында кылмыш ишин козгоо чечими кабыл алынган.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Москва облусунда көпүрө урап, 51 кыргызстандык жабыркаган кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында Россиянын Тергөө комитети билдирди.

Алдын ала текшерүү иш-чараларынын натыйжасында РФтин Кылмыш-жаза кодексинин 143-беренесинин 1-бөлүгү ("Эмгекти коргоо талаптарын бузуу, этиятсыздыктын кесепетинен адамдардын ден соолугуна оор зыян келтирүү") менен кылмыш ишин козгоо чечими кабыл алынган.

"Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Ступиного борбордук аппараттын криминалисттерин жиберди. Жакынкы аралыкта окуя болгон жерди текшерип башташат. Тергөө бардык жагдайды жана жумушчулардын массалык түрдө жаракат алган себебин аныктап чыкмакчы", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Москва облусунун Ступино шаарындагы FM LOGISTIC логистикалык ишканасында (кампа комплекси) жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, 51 кыргыз жараны жабыркаган. Анын ичинен төрт мекендештин абалы оор. Каза болгондор катталган эмес.

Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды

Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери бейтаптардан кабар алып, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Маселени КРдин Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жеке көзөмөлүнө алган.

14
Белгилер:
тергөө, кылмыш иши, кырсык, көпүрө, Москва
Тема боюнча
Боронов РФте көпүрө урап жабыркаган мекендештерге жардам берүүнү тапшырды
Россияда көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 51ге жетти
Премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив

Боронов РФте көпүрө урап жабыркаган мекендештерге жардам берүүнү тапшырды

29
(жаңыланган 10:25 28.09.2020)
Кечээ Москва облусундагы логистикалык ишканада жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан ондогон кыргызстандык жабыркаган.

БИШКЕК, 28-cен. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, көпүрөнүн урашынан жаракат алган мекендештерге жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Россиянын Москва облусундагы FM LOGISTIC  логистикалык ишканасында (кампа комплекси) жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан кыргыз жарандары жабыркаганы айтылган. Соңку маалыматтар боюнча, 51 кыргызстандык ар кандай жаракат алган

"Өкмөт башчы элчи Алибек Жекшенкуловго кырсыктан жабыр тарткан мекендештерге медициналык жардам көрсөтүүнү жана аларды ооруканаларга жайгаштырууну тапшырды. Ошондой эле мекендештердин дарылануусун жеке көзөмөлүнө алышы керектигин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Боронов муну менен катар Жекшенкуловго кырсыктын келип чыгышын иликтеген Россиянын укук коргоо органдарынан маалыматтарды байма-бай алып турууну жана алар менен биргеликте иш жүргүзүшү керектигин айткан.

29
Белгилер:
тапшырма, жардам, мекендештер, Аликбек Жекшенкулов, Кубатбек Боронов, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россияда мекендештерди чек арадан өткөрөм деп алдап кеткен шылуун изделүүдө
Алайдын тоолору. Архивдик сүрөт

Түндө Алайда жер титиреди

0
(жаңыланган 10:45 28.09.2020)
Жердин титирегени Алай районунун Ачык-Суу, Жайылма жана Кашка-Суу айылдарында сезилген. Андан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Түндө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ кабарлады.

Түндө Таласта кар жаады. Видео

Жер бүгүн, 28-сентябрь күнү, саат 02:32де титиреген. Ал Алай районунун Ачык-Суу, Жайылма, Кашка-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

0
Белгилер:
жер титирөө, ӨКМ, Алай району, Ош
Тема боюнча
Табият албууттанганда. Кыргызстандагы жүрөк үшүн алган жаратылыш кырсыктары