1 млрд. доллар... Россия Беларустун карызын жеңилдетмей болду

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин встретился с президентом Белоруссии А. Лукашенко
Президент РФ В. Путин встретился с президентом Белоруссии А. Лукашенко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Александр Лукашенко Россияга 1 миллиард доллар карызын бербей, мунун аркасы менен кыйынчылыкта турган улуттук валютасын колдоорун айтты.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко россиялык кесиптеши Владимир Путин менен РФтин алдындагы 1 миллиард долларлык карызын кайра карап чыгуу боюнча сүйлөшкөнүн айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Россиянын президенти менен бул маселени талкууладык. Тагыраагы, биз сөз болуп жаткан 1 миллиард долларды өзүбүзгө калтырабыз. Бул биздин улуттук валютаны колдоо үчүн жакшы жардам болуп берет. Эми маселе өкмөт башчылардын деңгээлинде талкууланат", — деди Лукашенко.

Беларусь: Тихановская жумушчуларды митингди улантууга чакырды

Президент беларусь рублинин наркы ого бетер түшүп кетишине жол бербей турганын кошумчалады. Анткени өлкөдөгү нааразычылык акциясынан кийин улуттук валюта бир топ алсырап кеткен. Тактап айтканда, 10-августтан бери доллардын курсу 8,17 пайызга, евронуку 7,99 пайызга өскөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0