Медицина кызматкери. Архивдик сүрөт

Кооптонтуп, ойлонтуп. COVID-19дун миллиондогон адамдын психикасын бузганы айтылды

98
(жаңыланган 10:24 28.08.2020)
Пандемияда миллиардга жакын адам аң-сезими бузулуп, жабыр тартса, калктын аз бөлүгүнө гана сапаттуу медициналык жардам жеткиликтүү болгон.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Коронавирус пандемиясы планетадагы миллиондогон адамдардын аң-сезимине тескери таасир тийгизди. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Женевада өткөн брифингде билдиргенин РИА Новости жазды. Иш чаранын видеосу уюмдун YouTube каналындагы баракчасына чыгарылды.

"COVID-19 миллиондогон адамдарда тынчсыздануу, коркуу сезимин жаратуу жана психикалык саламаттык боюнча кызматтарды үзгүлтүккө учуратуу жагынан таасир эткен", —  деп белгилеген ал.

ДССУнун башчысы мындай кырдаалга көптөгөн өлкөлөрдө киргизилген чектөө чаралары, мындан улам адамдардын өз ара карым-катышынын жоктугу себеп болду деген пикирде.

Коронавирустан эң көп жапа чеккен өлкө аталды

Гебрейесус белгилегендей, миллиардга жакын адамдын аң-сезими бузулуп, жабыр тартса, калктын аз бөлүгүнө гана сапаттуу медициналык жардам жеткиликтүү болгон.

98
Белгилер:
ден соолук, психикалык абал, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1065)
Тема боюнча
Коронавирустун үчүнчү толкуну качан болушу мүмкүн. Окумуштуунун божомолу
Коронавирусту абада аныктай турган прибор көрсөтүлдү
Ситуация в зоне карабахского конфликта

Баку менен Ереван Карабахтагы кагылышууда жүздөгөн аскер каза болгонун билдирди

0
Жекшембиге караган түнү башталган куралдуу тирешүүдөн Армениянын жүздөгөн аскери, ондогон техникасы жок кылынганы айтылууда.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Армениянын куралдуу күчтөрүнүн жаракат алган жана каза болгон аскерлеринин саны 550гө жетти. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты.

Азербайжандын Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө Армениянын 22 сооттолгон машинасы, 15 "Оса" зениттик ракеталык комплекси, 15 учкучсуз учагы, 8 артиллериялык түзүлүшү жана ок-дары сакталган кампасы дагы жок кылынганы айтылат.

Ошондой эле Баку өзүндөгү жоготуулар боюнча армян тарап айтып жаткан билдирүүнү четке какты. Буга чейин Армениянын коргоо министри Арцрун Ованнисян Азербайжан 200 аскерин, болжол менен 30 танк жана бир сооттолгон техникасынан айрылганын билдирген.

Ереван өзүндө дагы жоготуулар болгонун маалымдаган. Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Шушан Степанян 16 аскер каза таап, 100дөн ашууну жарадар болгонун айткан. Ал эми таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын президенти жарадарлар менен өлгөндөр ондоп саналарын кабарлады.

Путин менен Пашинян Тоолуу Карабахтагы абалды талкуулашты

Эске салсак, 27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жеткен. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат.  Армения өз аймагында аскердик абал жарыялады. Баку алардын аскерлерине жана бир нече айылга Ереван тараптан миномёттор менен аткылоо болгонун айтып чыкты. Ал эми Армения өзүнүн Тоолуу Карабахтагы куралдуу күчтөрү Азербайжандын басып кирүүсүнөн коргонуу үчүн ок чыгарганын жар салды.

Армения менен Азербайжандын чыры: калк арасында өлгөндөр бар

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылдардагы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах Республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

0
Белгилер:
Жаңжал, Армения, Азербайжан
Тема боюнча
КМШнын абадан коргонуу күчтөрү НАТОнун чагымдарына каршы биригүүгө даярбы? Видео
Киши көкүрөгүн кармап турат. Архив

Инсульттун көпчүлүк биле бербеген алгачкы белгилери айтылды

46
(жаңыланган 09:59 28.09.2020)
Инсультту алдын алуу үчүн ар дайым кандагы канттын, холестериндин деңгээлин көзөмөлдөн чыгарбоо керек. Ошондой эле кан басымын өз чегинде кармоо зарыл.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Казань медициналык университетинин доценти, неврология кафедрасынын жетекчиси Рустем Гайфутдинов жакындап келе жаткан инсульттун алгачкы жана байкала бербеген белгилерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Адистин пикиринде, инсульттун көпчүлүккө белгилүү беттеги симметриянын жоголушу, сүйлөөнүн бузулушу сыяктуу белгилеринен тышкары төмөндөгүлөргө көңүл буруу зарыл:

  • кан басымынын 220дан жогорулап кетиши;
  • жаак, тил жана манжалардагы сайгылашуу же эч нерсени сезбей калуу;
  • колдордун жакшы иштебей калышы;
  • көздүн көрүүсүнүн начарлашы;
  • баш ооруп, көңүл айнуу.

Ошондой эле инсульт болоруна аз калган кишинин башы айланып, кыймыл-аракети өтө жай болуп калат. Айрым учурда айланадагы нерселер көзгө кош кабат болуп көрүнө баштайт.

46
Белгилер:
оору, белги, инсульт
Тема боюнча
Коронавирустун мээ менен нерв системасына тийгизген таасири ачыкталды