Украина ТИМи. Архив

Украина ТИМи Беларусь менен бардык байланышын токтотконун жар салды

157
(жаңыланган 12:01 28.08.2020)
Тышкы иштер министри Беларусь менен байланыш Украина үчүн моралдык, этикалык жактан зыян келтирбей калганда гана кызматташуу кайрадан жанданарын айтты.

БИШКЕК, 28-авг. – Sputnik. Украина Беларусь менен бардык байланышын токтотту. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба билдиргенин Sputnik Беларусь агенттиги жазды.

"Мен муну расмий айтып койгум келди, биз кырдаалды байкап турабыз. Качан гана Беларусь менен байланышыбыз Украина үчүн моралдык, этикалык жактан зыян келтирбей калганда алака-катыш кайрадан жаңыланат", — деген Кулеба.

Министр ошондой эле президент Владимир Зеленский Беларусь лидери Александр Лукашенко менен акыркы ирет шайлоого чейин байланышканын, азыр сүйлөшүү боюнча эч бир планы жок экенин кошумчалады.

Путин: Беларуста россиялык күчтөрдү колдонуу зарылдыгы азырынча жок

Эске салсак, 9-августта Беларуста президенттик шайлоо өткөн. БШКнын эсеби боюнча, өлкөнүн учурдагы башчысы Александр Лукашенко добуштардын 80,1 пайызына ээ болсо, экинчи орунду 10,12 пайыз менен Светлана Тихановская ээлеген. Ал эми оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, Тихановская Литвага чыгып кеткен.

Республикада башталган каршылык акциялары күч түзүмдөрү тарабынан басылып келген. Алгач нааразы болгондорго каршы көздөн жаш агызуучу газ, кулак тундурган граната жана желим октор пайдаланылган.

1 млрд. доллар... Россия Беларустун карызын жеңилдетмей болду

ИИМдин маалыматына караганда, нааразылыктардын учурунда 6,7 миң киши кармалган. Жүздөгөн адамдар жаракат алса, анын 120га чукулу тартип коргоо органдарынын кызматкерлери эле.

157
Белгилер:
саясат, дипломатиялык мамиле, байланыш, Беларусь, Украина
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары (32)
Тема боюнча
Беларусь: Тихановская жумушчуларды митингди улантууга чакырды
Модель көргөзмө учурунда. Архив

60 жаштагы модель жаштык сырлары менен бөлүштү

0
(жаңыланган 09:03 30.09.2020)
Шери 40 жыл интерьер дизайнери болуп иштегенин айтып, эки жыл мурда модель агенттигинен сунуш түшкөнүн билдирген. Ошондон бери ал өзүн модель катары көрсөтүп келет.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 60 жаштагы англиялык ишкер аял, интерьер дизайнери жана модель Шери Дэвенпорт Daily Mail агенттигине жаштык сырлары менен бөлүшкөн. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалым болгондой, Шери этек кири биротоло токтогондон кийин тамактануу рационун өзгөртүп, тамак-аш кошулмаларын колдоно баштаган. Ошондой эле дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоону таштаган эмес.

"Азыр өзүмдү 50 жаштагыдан да жакшы сезем. Мен гормон алмаштыруу терапиясынан баш тартып, анын жөнөкөй жолун таптым. Тагыраагы, өсүмдүк экстрактынан жасалган дарыларды колдоно баштадым. Мындан сырткары, кофеин, ичимдик, кумшекерди рациондон чийип салгам. Кызыл эт, тоок этин да жебейм, балыкты гана пайдаланам. Косметологго барып, сапаттуу гана косметикаларды колдоном. Сөөк, муундар бекемдесин деп тамак-аш кошулмаларын алам. Ар таңда медитация жасап, андан кийин спорт менен машыгам. Сальса дагы бийлейм", — деген ал.

Шери 40 жыл интерьер дизайнери болуп иштегенин айтып, эки жыл мурда модель агенттигинен сунуш түшкөнүн кошумчалаган. Ошондон бери ал өзүн модель катары көрсөтүп келет.

Ишкер аялдын учурда башы бош. Ал бир баланын апасы, эки неберенин чоң энеси. Уулу 39 жашта.

0
Белгилер:
дизайнер, сыр, сулуулук, жаштык, модель, Англия
Тема боюнча
Жаштык жана сулуулукту көпкө сактоочу азык айтылды
Паста. Архив

Бөдөнөнүкү пайдалуу. Чийки жумуртка кошулган тамактын кооптуулугу айтылды

15
(жаңыланган 08:31 30.09.2020)
Адистин айтымында, чийки жумуртканын курамында ууланууга алып келүүчү сальмонелла бактериясы болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 30-сен. – Sputnik. Ресторандагы карбонара пастасы, тирамису десерти жана курамына чийки жумуртка кошулган тамактар кооптуу болот. Мындай пикирди ветеринар-дарыгер Алексей Кухно ForPost порталына берген маегинде айтканын РИА Новости жазды.

Анын белгилешинче, чийки жумуртканын курамында ууланууга алып келүүчү сальмонелла бактериясы болушу ыктымал. Адис мындан көрө тамак даярдоодо бөдөнөнүн жумурткасын пайдаланууну сунуш кылат. Ал кооптуу инфекциянын болушун жокко чыгарат.

Диетолог организмге пайдалуу деп жүргөн азыктардын зыянын айтып берди

"Бөдөнөнүн дене табы жогору, 40 градустан ашык болгондуктан, алар сальмонеллез илдети менен оорубайт. Эгер патоген (оорунун козгогучу) организмге кирип калса, анда ал жашап кете албайт", — деген Алексей Кухно.

Ошондуктан дарыгер коомдук тамактануу жайларында жогоруда кооптуу деп айтылган тамак-аштарга буюртма берүүдөн карманууга чакырат.

15
Белгилер:
кооптуулук, уулануу, ден соолук, тамак-аш
Тема боюнча
Чөнтөккө да күч келбейт, ден соолукка да пайдалуу. Диетолог 7 азыкты санады