Хмеймим гүлдөгөн шаарга айланганда. Россиянын Сириядагы базасы

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүү Сириядагы Хмеймим авиабазасындагы аскер кызматкерлери. Архив
 Сириядагы Хмеймим авиабазасындагы аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Заманбапташтырылган техникалык курулуштар жана бардык шарттары түзүлгөн аскердик шаар, башкача айтканда, россиялык учкучтар беш жылдан бери Сирияда.

Бул убакыт аралыгында Хмеймим авиабазасы өзгө эле өрнөк эмес, мындай объектилерди куруудагы Коргоо министрлигинин тажрыйбасына чет өлкөлөр да таянууда. Жакында эле Дамаск аскер кызматкерлери үчүн саламаттыкты чыңдоочу борборго дагы сегиз гектар жер бөлүп берүүгө Москвага убада берген. Хмеймим кантип өзгөргөнү, анын келечеги туурасында РИА Новости сайтына жарыяланган макаладан окуңуздар.

Чет жердеги россиялык ири авиабазанын курулушу 2015-жылы башталган. Ошол тушта Сирияга "Ислам мамлекети"* террорчуларына каршы согушта өкмөттүк күчтөргө колдоо көрсөтүү үчүн РФ Космостук-аба күчтөрүнүн тобун жөнөткөн. Бул базага Латакия шаарынан 25 чакырымдык ыраактыктагы Басиль Аль-Асад атындагы эл аралык аэропорт негиз болгон.

Сириядагы кыймыл. Ким элдин каарына калып куугунтуктала баштады?

Аскердик учактар үчүн жарандык аэродромду ылайыктоого жаңы инфраструктура түзүп, аэродромдук-техникалык жабдууну топтоштуруп, аскер кызматкерлери үчүн турак жайларды куруу зарыл эле. Жалпысынан, Сирияга жүздөгөн тонна ар кандай жүк жеткирилген.

Операциянын баштапкы баскычында ыкчам топто элүү чакты гана аскердик көлүк: атап айтсак, чабуулчу Су-25, Су-24 жана Су-34 бомбалоочулары, Су-30СМ истребители, Ми-24 жана Ми-8АМТШ тик учактары эле болгон. Мындан тышкары, Хмеймимге ондогон май куюучуларды өтө тездик менен алып келишкен.

Учкучтар жана техникалык персонал КИМБ деп аталган чакан модулдук вагондорго эки же үчтөн жайгаштырылган. Негизи булар — бардык тиричилик шарттары бар, кондиционер жана суу түтүктөрү орнотулган металл контейнерлер. Жанына мобилдик наавайкана, кир жуучу жана үтүктөөчү жайлар, саатына он киши жууна ала турган мончо орнотулган. Көп өтпөй ашканалар, клуб, спорттук аянтчалар жана ал түгүл, авиабазанын тарыхына арналган чакан музей да пайда болгон.

"Ал жакта ээн аэродром жана аба кыймылын тескеген кызмат эле калыптыр болчу, — дейт авиабазага иш сапары менен барып келген Аскердик-өндүрүштүк комплекстин коллегиясынын алдындагы эксперттик кеңештин мүчөсү Виктор Мураховский. — Учуш жана конуштун чакан залын сактап калышкан, бирок ал кошумча роль ойнойт. Негизги имараттарды кайра куруп чыгышты. Учуп-конуу тилкеси оңдоп-түздөлүп, кеңейтилди. Азыр аэродром оор типтеги учактарга, ал тургай, стратегиялык авиацияга дейре кабыл алууга жөндөмдүү. Хмеймимди дүйнөнүн башка аймактарына, маселен, Африкага учуу үчүн да ортодогу пункт катары колдонулганы бир топ мааниге ээ".

Батыш Россиянын Сириядагы аскердик ийгиликтерин биринчи жолу моюнга алды

Бекем чеп

Объекттин коопсуздугуна өзгөчө көңүл бөлүнгөн. Сирияга ыраактан аракет этүүчү С-400 зениттик ракеталык системалары, жакындан аракет этүүчү "Тор-М2" комплекстери жана "Панцирь-С1" зениттик ракеталык-замбиректик комплекстери жеткирилген. Абадан коргонуу базалары 20 чакырымдан 250 чакырымга чейинки аралыктан абадагы буталардын бардык түрүн жок кыла алат.

"Хмеймимде эшелондоштурулган абадан коргонуу тутуму түзүлгөн, — деп түшүндүрөт Мураховский. — Ар кандай аралыктагы жана ар кыл типтеги каражаттар пайдаланылат. С-400 зениттик ракеталары, "Тор" зениттик-ракеталык комплекстери жана "Панцирь" зениттик ракеталык-замбиректик комплекстери дайым аскердик нөөмөт өтөйт. Мындан тышкары, ЗУ-23 зениттик артиллериялык түзүлүштөрү бар. Чалгындоо, мээлөө жана бута көрсөтүүгө абадагы бардык, кичине өлчөмдөгү учкучсуз аппараттар, реактивдүү дүрмөттөр, анын ичинде колго жасалгандарын да таба ала турган радиолокациялык станциялар жооп берет".

Сириядагы чыр: АКШ Россиянын "колу канган малынганын" айтты

Авиабазанын коргоо тутумунда эки периметр бар. Тышкы периметрде россиялык аскерлер Сириялык араб армиясынын жоокерлери менен биргеликте көзөмөлдөйт. Ичкиси чет элдиктерди киргизбейт. Коопсуздукту учкучсуз авиация да камсыз кылат. Хмеймимди абадан бир убакта жана күнү-түнү ондогон учкучсуз учуучу аппараттар кайтарат.

Тышкы дүйнө менен байланыш бирдиктүү системага кошулган УКВ-радиостанциялардан спутниктик комплекстерге чейинки бардык жеткиликтүү каражаттар түзүлөт. Бул система өз кезегинде Аскердик башкармалык борборуна коюлган.

"Топтун командачысы жана аскердик башкармалык штабы Москвадагы Коргоо башкармалыгынын Улуттук борбору менен түз байланышта, — деп тактайт Мураховский. — Командачынын Ирактагы коалициялык топтун өкүлдөрү менен деконфликтация линиясы бар. Бул америкалыктар менен түзүлгөн Сириядагы инциденттердин алдын алууга мүмкүндүк берген келишим".

Сириялык курорт

Сириядагы авиабазаны жабдуу үчүн жүктөрдү деңиз жана аба жолу аркылуу ташып келишкен. Бир нече ай аралыгында кеме жана транспорттук учактардын тобу келген. Иштер айыгышкыс жарандык согуш убагында жана катаал климаттык шартта жүрсө да россиялык адистер кыска убакыт ичинде дүйнөдөгү заманбап жана бекем корголгон аскердик объектилердин бирин курууга үлгүрүштү.

Ушул тапта авиабаза учактардын бардык түрлөрүн, анын ичинде ыраактан бомбалоочу Ту-22М3, Ту-95 жана Ту-160 стратегиялык ракета ташуучуларды да кабыл алууга даяр. Аэродромдо бир убакта ондогон учуучу аппараттарга борборлоштурулган май куюучу системаны түзүп, авиациялык техника үчүн бекем корголгон калкалануучу жай курушкан.

Серепчилердин баамында, Хмеймим азыркыга карганда алда канча көп учактарды батырып, аскердик иштерге даярдоого жөндөмдүү. Ал тургай, террордук топторго сокку урулган согуштук аракеттер күч алып тургандагы маалдагыдан да көп учак жайгаша алат.

"Армата" экспортко чыгат: россиялык жаңы Т-14 танкын биринчи ким алат?

"Учактарды ишенимдүү калкалануучу жайларда жашырууга болот, — деп баса белгилейт эксперт. — Атайын имараттарда күйүүчү май, ракета, курал-жарактардын кору сакталат. Башкача айтканда, ракеталык-артиллериялык куралдарды ташуу үчүн бардык зарыл техника бар. Жарандык согуштун эң оор убактарында учактар суткасына толук курал жабдык менен бир нече ирет каттам жасаганы белгилүү".

Тылдык камсыздоо жагынан россиялык аскерлерге кыйла жайлуу шарттарды түзүп беришти. Негизинен сырттан алып келинген азык-түлүктөр менен тамактанышат, бирок рационго катуу санитардык көзөмөл менен жергиликтүү азыктар да кошулат.

Сирия өкмөтү тарабынан Россияга бөлүнгөн жаңы жер тилкеси эң оболу медициналык-ден соолукту чыңдоочу комплексти курууга багытталган.

"Борборду Сириядагы кызматтык сапардагы аскер кызматкерлери эле эмес, дегеле Россиянын Куралдуу күчтөрү да пайдаланышы мүмкүн, — деп белгилейт Мураховский. — Биздин аскерлер үчүн чет элдик курорттор жабык экени анык эмеспи. Ал эми Латакиянын сириялык жээги — бейиштин төрү. Бул жакка Араб эмирлигинен да келишет. Жергиликтүү калктын бул комплекске келери күмөн, алардын деңизде эс алууга ансыз да мүмкүнчүлүгү көп".

"Искандерлер" РФтин деңиз чегин коргомокчу. Себеби эмнеде?

Кандай болсо да, бир нече ангар жана терминалы бар чакан аэродромдон турган Хмеймим авиабазасы беш жыл аралыгында көчөлөрү, аянтчалары, ал түгүл сейил багы да бар чыныгы калаага айланды.

Көчөлөргө сириялык операциялардын баатырлары же аскердик жетекчилердин, атап айтсак, Сирияда окко учкан Россиянын баатырлары генерал Валерий Асапов, учкучтар Олег Пешков жана Роман Филиповдун, СССР баатыры, армия генералы Василий Маргеловдун ысымдары ыйгарылган.

* Россия жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюм

Жаңылыктар түрмөгү
0