Коронавирустун көбөйүшүн токтото алчу витамин аныкталды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүПрофилактика гриппа во Владивостокском государственном университете экономики и сервиса
Профилактика гриппа во Владивостокском государственном университете экономики и сервиса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер COVID-19 менен ооругандарды дарылоо протоколуна өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн мурда бир катар кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүү керектигин айтышкан.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Индиянын окумуштуулары B12 витамини коронавирустун көбөйүп кетишине бөгөт кое аларын аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости IUBMB Life басылмасына шилтеме берип жазды.

Адистер компьютердик моделдөө жүргүзүп, кайсы табигый азыктар менен дары-дармектердин молекулалары вирустун организмде өсүшүн басаңдатарын билишкен.

Россияда коронавирус менен грипптен бирдей коргоочу уникалдуу вакцина жасалууда

Натыйжада В12 витамининин метилкобаламин аттуу формасы вирустук клеткалардын репликациясын басууга жөндөмдүү экендиги белгилүү болгон.

"Бул затты медициналык персоналга, кары-картаңдарга же түрдүү оорусу барларга вирусту алдын алуу максатында берсе болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Анткен менен окумуштуулар COVID-19 менен ооругандарды дарылоо протоколуна өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн мурда бир катар кошумча изилдөөлөр талап кылынарын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0