Суу алдындагы кеме. Архив

Россия сигналы. АКШ Норвегия жээгине жашыруун кайыкты эмнеге жөнөттү

257
USS Seawolf суу алдындагы кемесин Норвегия жээгине жөнөтүп, АКШга "Кремль ишаратын" кылды деп америкалык ЖМКлар жазды. Sputnik радиосунун эфирине келген америка боюнча адис Владимир Батюк муну америкалыктардын жүрүшү деп атады.

АКШ норвегиялык Тромстун жээгине Seawolf кемесинин келгендигин "Россия сигналы" деп аташты деп жазган The Drive.

Басылма жашыруун кайыктарга карата маалыматтардын бул өңүттө ачылышы тактика үчүн чоочун нерсе деген. Макаланын авторлору мындай ыкма менен Америка Кошмо Штаттары Россия бийлигине ишарат кылууда деп эсептешет.

Муну менен бирге эле чет элдик баяндамачылар норвегиялык шаардын тандалышы жөн жерден жасалган жок деп эсептейт. Алар россиялык суу алдында жүрүүчү кайыктар көп каттаган багыттарга жакын жайгашкан жерди тандашкан.

Түпкүрдөгү купуя сыр же касташкандын катыгын берчү "Скиф"

Андан сырткары, Тромско америкалык стратегиялык бомбалоочу, өзөктүк курал таштоого жөндөмдүү B-52H учагынан бешөө жөнөтүлгөн. Автор америкалык аскер командачылыгынын мындай кадамын "Москвага түз багытталган белги, ишарат" катары баалаган.

Sputnik обосунда Россия илимдер академиясынын Канада менен АКШ боюнча аскердик-саясий изилдөө борборунун илимий кызматкери Владимир Батюк кеп Арктика үчүн болгон күрөштө экендигин айтты.

"Улуу державалар ортосунда Арктика үчүн күрөш жүрүүдө. Глобалдуу жылуулуктан улам арктикалык муз эрип жатат, андыктан Түндүк муз океанынын шельфтериндеги минералдык ресурстар улам жеткиликтүү боло баштады. Мындан сырткары, деңиз жолдору оңойлошууда, анын ичинде Түндүк деңиз жолу да бар. РФтин деңиз стратегиясына жараша, ал Россиянын көзөмөлүндө болушу керек. Ал эми буга америкалыктар таптакыр каршы. Кошумча дагы бир нерсе, бул жерде державалардын кызыкчылыктарынын кагылышуусу болууда. Арктика аркылуу континент аралык баллистикалык ракеталардын учуусуна оңой болгон жол жатат. Бул бомбалагычтарга да тиешелүү. Арктика ошон үчүн маанилүү. Мында америкалыктар өз позициясын бербейбиз деген нерсенин башын кылтыйтып, көптүн көңүлүн бургусу келүүдө", — деди Батюк.

"Аскердик күчтөр топтолуп...": Норвегияда эмне болуп жатат?

Connecticut жана Jimmy Carter долбоорунун суу алдында жүрүүчү Seawolf жана башка кайыктары башында, 1983-жылы көп максаттуу атомдук суу алдындагы кеме катары түзүлгөн. Алар америкалык суу алдындагы күчтөрдүн негизги таянычы болушу керек эле. Кансыз согуш аяктагандан кийин ага кеткен чыгымдын улам өсүшү менен бюджеттин кыскарышы АКШнын аскер-деңиз күчтөрүн бул типтеги 29 кайыкты куруудан баш тартууга мажбур кылган. Үч субмаринадан кийин өндүрүш жабылган. Учурда Seawolf тибиндеги суу алдында жүрүүчү кемелердин доору аяктап, атайын тапшырмалар үчүн гана пайдаланылып калды.

257
Белгилер:
баллистикалык ракета, кайык, Суу, Норвегия, Арктика, Россия, АКШ
Тема боюнча
Россиянын учкучсуз "Охотниги" АКШ менен НАТОну санаага салууда. Себеби
Бир рубль монетасы жана долларлык монета жана купюрасы. Архив

Россияда доллардын баасы кескин кымбаттап кетти

62
(жаңыланган 00:14 24.09.2020)
Доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россияда апрель айынан бери биринчи жолу доллар 77 рублге чыгып, кескин кымбаттады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Москва биржасынын маалыматына караганда, бир доллар Бишкек убактысы боюнча саат 20:24тө 77,07 рублди түздү (96 тыйынга кымбаттады). Ал эми евро 80 тыйынга кымбаттап, 89,93 рубль болду.

Белгилей кетсек, доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

62
Белгилер:
баа, доллар, Россия
Тема боюнча
Россияда евронун баасы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Кыргызстанда абал кандай?
Президент Сооронбай Жээнбековдун БУУнун Башкы Ассамблеясынына видеокайрылуусу

Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмне тууралуу сөз болду

42
(жаңыланган 00:21 24.09.2020)
Президент Кыргызстан элинин атынан БУУга бардык реформаларды колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, уюмдун коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү күч-аракеттерин колдой турганын айтты.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы Жалпы дебаттар алкагында видеокайрылуу жасады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жээнбеков бүгүнкү күндө дүйнөнү Бириккен Улуттар Уюмусуз элестетүү мүмкүн эместигин, бул уюм социалдык-экономикалык, каржылык, маданий көйгөйлөрдү чечүүнүн өтө маанилүү куралы болуп калганын баса белгиледи. Анын пикиринде, БУУнун мекемелери, фонддору жана программалары өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин керектүү жана натыйжалуу өнөктөшү болуп саналат.

Путин: БУУ бир орунда катып калбай, заманга ылайыкташуусу керек

Ошондой эле президент Кыргызстан элинин атынан БУУга бардык реформаларды колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, уюмдун коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү күч-аракеттерин колдой турганын айтты.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков выступил с видеопосланием на 75-й юбилейной сессии Генеральной Ассамблеи ООН. 21 сентября 2020 года
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Сооронбай Жээнбековдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы Жалпы дебаттар алкагында видеокайрылуусу
“Кыргызстанда 43 миңден ашуун адамга илдет жукканы аныкталды, тилекке каршы, бир миң алтымыш үч жараныбызды жоготуп алдык. Үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда биздин өлкөдө Аза күтүү күнү жарыяланган. Кыргызстан элинин биримдигинин, медиктерибиз менен ыктыярчыларыбыздын каарман эмгегинин аркасында вирустун жайылышын бир кыйла төмөндөтө алдык. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Бириккен Улуттар Уюму жана анын ыкчам түрдө түзгөн фонду, ошондой эле эл аралык донорлор тарабынан көрсөтүлгөн жардам биз үчүн чоң мааниге ээ”, — деди Жээнбеков.

Мындан тышкары, президент пандемия тышкы карыз кризисин абдан татаалдаштырганын белгиледи.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков выступил с видеопосланием на 75-й юбилейной сессии Генеральной Ассамблеи ООН. 21 сентября 2020 года
© Фото / UN Photo/ Eskinder Debebe
Президент Сооронбай Жээнбековдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы Жалпы дебаттар алкагында видеокайрылуусу
"Биз “Чоң жыйырмалыктын” жана эл аралык каржы институттарынын карыздар боюнча төлөмдөрдү токтото туруу чечимин кубаттайбыз. Үстүбүздөгү жылдын май айында БУУнун жогорку деңгээлдеги иш-чараларында туруктуу өнүктүрүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо механизмин колдонууну сунуш кылганбыз. Биздин демилгебиз активдүү колдоого алынарына үмүт кылабыз”, — деди өлкө башчы.

Дүйнө чарчады. Лавров БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү

Ошондой эле президент Кыргызстан Борбордук Азиядагы ядролук куралсыз аймак жөнүндөгү келишимдин депозитарийи катары, өзөктүк куралсыздандыруу жана аны жайылтпоо боюнча мамилелерди күчөтүүнү жактаарына токтолду.

Президент аны менен катар экологиялык маселелер боюнча Кыргызстанда кылынып жаткан иш-чаралар тууралуу кеп кылды.

Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков выступил с видеопосланием на 75-й юбилейной сессии Генеральной Ассамблеи ООН. 21 сентября 2020 года
© Фото / пресс-служба президента КР
Президент Сооронбай Жээнбековдун БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы Жалпы дебаттар алкагында видеокайрылуусу
“Өткөн жылдын ноябрында Климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишимин ратификацияладык. Кыргызстан бул милдеттерди ишке ашыруунун эң маанилүү кадамы катары “жашыл” экономиканы өнүктүрүүнү көздөйт. Биз таза энергиянын өлкөсү болууга умтулуудабыз. Кыргызстан салттуу энергия булактарын керектөөнү бара-бара кыскартууга багыт алат. Суу-энергетикалык потенциалыбызды ГЭСтерди куруу жана “CASA-1000” эл аралык долбооруна катышуу аркылуу пайдаланууну маанилүү деп эсептейбиз. Бул биздин коңшуларыбыздын сугат муктаждыктары үчүн суу ресурстарынын топтолушуна жана бүтүндөй аймактын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт”, — деди президент.

Маалыматка караганда, Кыргызстан Башкы Ассамблеянын бул сессиясына “Жаратылыштын чек арасы жок: трансчекаралык кызматташтык — биоартүрдүүлүктү сактоодогу жана туруктуу пайдалануудагы негизги фактор” аттуу жаңы резолюциянын долбоорун алып чыкты. Өлкө башчы БУУда Кыргызстандын демилгеси колдоого алынарына ишеним артарын айта кетти.

Ошондой эле кайрылууда Кыргызстан Борбор Азияда аймактык кызматташтыкка өзгөчө маани берери жана аймактык пикир алышуу аянтчаларына активдүү катышары айтылды.

Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?

Президент өз сөзүндө тарых БУУнун тынчтыкты сактап, өзүнүн негизги милдетин татыктуу аткарып жатканын тастыктап турарын билдирди.

Эске салсак, буга чейин президент 21-сентябрь күнү БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик 75-сессиясында видеокайрылуу жасаган.

42
Белгилер:
кайрылуу, сессия, Сооронбай Жээнбеков, БУУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Жоомарт сунушка рахмат! БУУ Путинге вакцина боюнча ыраазылык билдирди