Ханзаада жана президент. Путин менен Мухаммеддин алакасын АКШ эмнеге кызганат?

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүВладимир Путин жана Мухаммед бин Салман. Архив
Владимир Путин жана Мухаммед бин Салман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пандемияны баштан кечирген дүйнө лидерлеринин алгачкы ири жолугушуусу ноябрдын аягында Эр-Риядда өтөт. Албетте, "Чоң жыйырманын" саммити теориялык жактан дагы жылдырылышы ыктымал.

Бирок болду-болбоду бетме-бет жолугушууга мамлекет башчылары бул кыйла кайгылуу жана оор жылдын аягында кезигет. Саммитке бул ирет 84 жаштагы король Салман кожоюндук кылат, бирок иш жүзүндө меймандарды анын уулу, 34 жаштагы мураскери Мухаммед тосуп алат. Ал эми коноктордун бири – Владимир Путин. Муну эсепке алганда Россия лидери Сауд Аравияга үчүнчү ирет барат.

Сауд Аравия менен Россиянын геосаясий жакындашуусу — соңку жылдардагы эң маанилүү тенденциялардан. Мунун эң көрүнүктүү далилдеринин бири – мунай рыногундагы кызматташтык. ОПЕК+ келишими (мында саудиялыктар да, россиялыктар да негизги оюнчулардан) 2016-жылдын аягынан бери ишке ашырылат. Эки өлкөнүн басылмасы жана АКШнын алардын ортосуна жик салуу аракетинин тегерегинде серепчи Петр Акопов ой толгогон.

Быйыл март айында тараптар аны узартуу параметрлери боюнча сүйлөшүп, макулдаша алышпады. Бирок апрелде – мунай баасы кескин түшүп кеткенде жаңы келишим түзүштү. Бирок мунай — россиялык-саудиялык ымаланын бир бөлүгү гана. Анын архитекторлору катары Путин менен Мухаммедди атоого болот. Беш жыл ичинде көп нерсеге жете алышты, азыр мамиле кантип башталганы туурасында көп кызыктуу учурлар такталууда. Аталган эки өлкөнүн мамилеси уланганына дээрлик бир кылымдай убакыт болду, бирок дайым эле ынак ымала болгон эмес. 20-30-жылдары башталган, СССР жаш королдукка активдүү көмөктөшүп келген (анын ичинде мунай менен да жабдыган), бирок ортодо элүү жылча үзүлүп калган.

Сауд Аравия менен Россия нефть боюнча эксперттердин кыжырын кайнатканда

Саудиялык монархия АКШнын жакын союздашына айланып, ал эми СССР менен дипломатиялык мамиле токтотулган. Америкалыктар динге ишенген саудиялыктарды советтик атеисттерден чочулагандай абалга алып келүүгө болгон аракетин жасаган. Араб дүйнөсүн аралаган светтик антимонархиялык революциялардын толкуну каптап, "араб социализмине" өтүшүнөн улам саудиялыктарды "булардын баары орустар тарабынан жең ичинен пландалганына" ынандырышкан. 80-жылдары Афганистандагы советтик аскердик күчтөргө каршы согушта моджахеддерге кол кабыш кылышын саудиялыктар динсиздер менен ыйык салгылаш деп санаган. Ал эми мунайдын баасынын ылдыйлашы кийин Батыштын СССР менен болгон күрөшкө салым катары сунушталгандай эле болгон.

Бирок  СССР ыдырады, Эр-Риядга социалисттик коркунуч жаралган эмес. Бирок көйгөйлөр сакталып калды, ал түгүл жаңылары, абдан олуттуулары пайда болду. 90-жылдардын башында Москва менен мамилени жандандырган соң саудиялыктар түндүк держава тарапка көз сала баштаган. Ал эки миңинчи жылдары Жакынкы Чыгыштагы позициясын калыптандырууга киришкен.

Америкалыктар Иракты талкалап, Афганистанды басып алганча, Сауд Аравиясы Москвага ар кандай сапар менен бир нече ирет келген. Бирок негизинен күн деминде Иран темасы гана болгон. Эр-Рияд иран-россия жакындашууга жол бергиси келген эмес, себеби дал Тегеран негизги коркунуч жана башкы каршылаш катары кабылданган. Анткен менен, бул өлкөнүн башкы көйгөйү ирандыктар менен эмес, америкалыктар, тагыраагы, алардын Жакынкы Чыгыштагы саясаты болгон.

2011-жылдын 11-сентябрындагы терактыдан кийин америкалыктар Жакынкы Чыгышка такыр эле кирип алышкан, алардын бул кылыгы саудиялыктарга анчалык жага берген эмес. Анткени бүт ислам ааламында, айрыкча, ваххабизмдин мекенинде, тагыраагы, Сауд Аравиясынын өзүндө антиамерикалык маанайдын өсүшүнө жооп кайтарыларын боолголоо кыйын деле эмес болчу.

Американын камчысын чапкандардын бедели саудиялык династияны өтө чоң көйгөйлөргө тушуктурмак. Ал араб жана ислам дүйнөсүндөгү лидерликке умтулган, же жөн гана чөлдөгү бороонго кабылып, жок болмок. Америкалык стратегдер тарабынан чийилген Жакынкы Чыгыштагы жаңы аймактык түзүлүштүн картасын да Эр-Рияддагылар эстен чыгарышмак эмес. Кошмо Штаттарга көз карандылыгын чабалдатуу, жалпысынан, Батыштан оолак болуу абзел болчу.

Сазга батып... Жакынкы Чыгыштагы орустар АКШнын тынчын алууда

Эки миңинчи жылдын ортосунан бери саудиялык жетекчилер, атап айтканда,

Бандар ханзада, Вашингтондогу мурдагы элчи жана чалгын кызматынын жетекчиси Москвага келе баштаган. 2007-жылы Эр-Риядга Россиянын президенти алгач ирет иш сапары менен барган. Ошондо эки өлкөнүн алакасы жакында жаңы деңгээлге чыкчудай сезилген. Бирок саудиялык жетекчиликте эки: америкага ыктаган жана антиамерикалык стратегиянын күрөшү улана берген. Антиамерикалык стратегия АКШ менен алаканы үзүүгө эмес, Америкага тең салмак катары Кытай жана Россия менен мамилени бекемдөөгө үндөгөн.

2011-жылы башталган "араб жазы" королдук үчүн тобокелдерди арбыткан: араб ааламындагы өлкөлөрдүн биринин артынан биринде көтөрүлүштөр күч ала берген.

Каддафи өңдүү душман-атаандашты алып тынганы да Египеттин жоготууларын толуктай алган эмес. Ал жакта бийликке "Мусулман ага-инилер" келип, коңшу Йемендеги башаламандык жана кошуна Сириядагы согуш бул өлкөнү да жүдөткөн. Америкалыктар көзөмөлдү колго албаса да, куру дегенде көмөктөшөр деген үмүт тез эле өчкөн. Америкалыктардын алдаганын саудиялыктар 2013-жылы – Асад "чектен чыгып кеткенине" карабай Обама Сирияга ракеталык-бомбалык сокку уруудан баш тарткандан кийин түшүнүптүр. Өзүн-өзү туңгуюкка түрткөн Обаманы андай чечимден кезегинде дал Путин айныткан. Ал эми саудиялыктар Вашингтонго катуу таарынып, ошол эле 2013-жылдын сентябрында эшикти тарс жаап, Бириккен Улуттар Уюмундагы Коопсуздук кеңешиндеги эки жылга ала турган орундан баш тарткан.

Алар Сириядагы Асадга каршы оппозицияны колдоону уланта беришкен, бирок Асаддын кулашынын ордуна Сирия жана Ирактагы "Ислам мамлекетинин" өсүшүнө көз салышкан. Өзүн-өзү жарыялаган "халифат" акырындап Мекке жана Медианы куткаруу ниетин жашырган эмес. Мында саудиялыктар кимге таянмак? Америкалыктаргабы? Бирок "халифат" – алардын Ирактагы акылга сыйгыс аракеттеринин кесепети эле. Эгер Кошмо Штаттар башаламандыктан пайдаланууга белсенип, биротоло Сауд Аравиясын кайра форматтап чыгууну чечсе кандай болмок? Ошондо Эр-Риядда король Абдулла көз жумат. 2015-жылдын январында анын иниси Салман тактыга отурат. Бирок иш жүзүндө өлкөнүн жүзү 29 жаштагы Мухаммед бин Салман болуп чыга келген. Ал коргоо министри жана мураскердин орун басарлыгына дайындалат. Ошол жылы саратанда Салман Россияга жөнөп, Путинге кезигет.

Соңку убакта ал Россияга көп каттачу болот, жылына эки ирет келген учурлары да болгон. Бирок дал алгач жолугушуусу чечүүчү эле. Анын айрым урунттуу учурлары жакында эле The Guardian басылмасына жарыяланды. Канаданын бир тургуну ушул маселеге тиешеси бар доо арыз менен Вашингтондогу федералдык сотко кайрылыптыр.

Эмнеге дал ошол жакта? Анткени саудиялык чалгын кызматынын ошол убактагы жетекчилеринин бири Мухаммед ханзааданы сотко берет. Саад аль Жабри эбак эле Канадага качат, эми ханзаада аны ошол жактан эле өлтүргүсү келгени (2018-жылдын октябрында Стамбулдагы саудиялык консулдуктун аймагында журналист Жамал Хашукжи

өлтүрүлгөндөн эки аптадан кийин) боюнча айыптоодо. Ханзааданын эмнеге Жабрини "өлтүргүсү" келди экен? Мухаммед ханзааданын Сирияга орустарды чакыруу пландарына ЦРУнун нааразычылыгын айтып келгени буга себеп болгон имиш. Ошондо кандай болуп калат? Себеби 2015-жылдын сентябрында Сириядагы россиялык операция башталгандан бери эле "орустардын кийлигишүүсү" Сауд Аравиясы башында турган бүтүндөй сунниттерди РФке каршы көтөрөт деп келишпеди беле? "Саудиялыктар көтөрүлүшчүлөрдү колдошкон, алар Асадды жеңип чыккандай эле болуп калган. Дал ошол чакта орустар аны куткарууга келишет. Эми бүттү, Россияга каршы жихад болот!" – дешкен. Бул күлкү келтирерлик болсо да, чындык андан да кызык болушу ыктымал.

Журналисттин өлүмү: Эр-Рияд АКШ сенатынын айткандарын четке кагууда

Мухаммед ханзаада Сирияга орустардын келишине мурдатан эле каршы эмес, америкалыктардын каршылыгына карабай Сауд Аравиясы Россияга ыктаган:

"Сауд Аравиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман 2015-жылдын жайында өлкөнүн тышкы саясатын өзгөртүп, Сириянын аймагында Россиянын аскердик операцияларына макулдук берген. Бул туурасында Канададан башпаанек алган мурдагы чалгынчы Саад аль Жабринин доо арызында айтылат. Вашингтондогу федералдык сотко берилген документте Жабри Москванын Сириядагы аракеттерине көз карашы түз болушу ошол кездеги ЦРУнун директору Жон Бреннанды кооптондурганын маалымдайт. Доо арызга ылайык, 2015-жылдын июль жана августунда Бреннан Жабри менен сүйлөшүүлөрүндө "Россия сириялык аймактагы согуштун бөлүгү боло элек убакта эле Салман Сирияга РФтин киришин колдогон", – деп билдирген экен.

Мурдагы саудиялык чалгынчы ЦРУнун жетекчисинин мындай кооптонуусу боюнча маалыматты мураскер ханзаадага жеткиргенде Салмандын "кыжыры кайнайт".  Жабринин пикиринде, өзүнүн кызматтан алынышы жана королдуктун чалгындоо кызматынан кол жууганы, кийин өлкөдөн Канадага качууга аргасыз болгону дал ошол Бреннанга жолукканына байланыштуу".

Мухаммедге нугун өзгөртүүгө анын адашы — Бириккен Араб эмирлигинин иш жүзүндөгү башкаруучусу шейх Мухаммед ибн Заид (2012-жылдан тарта ал Путинге көп кезигип кетип турган) түрткү болгон: "Батыштагы дипломаттар айткандай, Мохаммед коргоо министрлигине дайындалып, 2015-жылы король Абдулланын өлүмүнөн соң анын атасы тактыга отургандан көп өтпөй ага Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы шейх Мохаммед бен Заид катуу таасир эткен.

2015-жылдагы окуялар менен тааныш булак Мохаммед ханзаада менен шейх Мохаммед Абу-Дабиде февраль айында өткөн Idex курал-жарак жарманкесинде кезиккен.

"Бул Мухаммед бин Салмандын дымагы, көз караш жана ишенимдеринде чечүүчү учур болгон", — деп билдирет маалымат булагы. Шейх Мохаммед "Перси булуңундагы монархиялардын көз карашында мусулман ага-инилердин" Сирияда революция жасоо коркунучу Асаддын тирденишинен да кооптуу болгонун билдирген.

Шейх Мохаммед ханзаадага Сириядагы бул коркунуч эбегейсиз жана аларга АКШ жардамдашып жатканын айтып берген...

Шейх "силер жаңы союздарды түзүүгө тийишсиңер, Кытай жана Россияга бурулушуңар керек", — деген. Шейх Мохаммед бин Заид Путин менен кыязы жакшы мамиледе болгону белгиленет".

Саудиялык ханзаада 2015-жылы 18-июнда Путин менен сүйлөшкөндөн кийин мындан Кошмо Штаттар, ЦРУ башчысы Бреннан да кабардар болуп, ал Жабриге нааразычылыгын билдирет. Жабри анын "салам дубайын" Мухаммедге жеткиргенде ханзаада америкалык кысымга кыжырданат. Балким, аль Жабринин эки тарапка ойногонунан шек санаган да чыгар. Жабри чалгындоо кызматындагы ордунан кол жууп, кийин Канадага качат.

Албетте, атайын кызматтын сыртта качып жүргөн эски жетекчисине алдын ала эскертүү менен ишенүү керек, бирок бул учурда Мухаммед ханзааданын Россия тарапка ыктаган окуя чындыкка коошот. Аны (Сирияга орустардын киришине макулдугу) ийне-жибине чейин ачыктоо саудиялык ханзаадага пайда алып келбейт, бирок америкалыктар азыркыдай аракеттери менен ага басым кыла бере турган болсо, анда алар караманча башка жыйынтыкка тушугат.

Мунай мунасасы: жаңы келишим жалпыга тегиз пайдалуубу?

Быйыл көктөмдө англосаксондук маалымат каражаттары "Путин жаңы ОПЕК+ келишими жөнүндө телефон аркылуу сүйлөшүп жатып Мухаммед менен урушуп кеткени", ал тургай, ханзаада россиялык президентке үнүн өктөм чыгарганы туурасындагы жалган маалыматтарды жазып чыгышкан.

Анан калса, ал окуяга Вашингтонду да аралаштырышкан, Трамптын күйөө баласы саудиялык ханзааданын — Москва менен катаал баарлашуу сымал ниеттеринен кабардар экен. Аны ошол киши токтотуп калган имиш. Ушундай чагымчыл "жалган маалыматтар" Москва менен Эр-Рияддын ымаласын бузууга багытталган. Бирок андан майнап чыкпады. Анткени көп өтпөй Путин менен Мухаммед жаңы мунай макулдашуусу жаатында макулдашууга үлгүрүштү.

Россия жана Сауд Аравиянын улуттук кызыкчылыктары эки өлкөнү бири-бирине жакындаштырат. Ал эми америкалыктардан күмөнсүнүүнү эми эч нерсе менен жоюуга мүмкүн эмес. Ноябрда Эр-Риядда Путин менен Мухаммед алардын ортосуна кезектеги жик салуу аракетине бир топ күлүп алышар...

Жаңылыктар түрмөгү
0