TikTok сервисиндеги кал, меңди кетирген челлендж медиктердин тынчын алууда

CC0 / Pixabay / Удаление родинок
Удаление родинок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Челленджди уланткандар ар кандай каражатты пайдаланып калын алып жаткан видеону таратып жатышат. Медиктер анын кооптуулугун эскертүүдө.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. TikTok социалдык тармагында үй шартында денедеги калды кетирген кооптуу челлендж жүрүп жатканын The Sun басылмасы жазды. 

Роликте блогерлер түрдүү каражатты пайдаланып өз колу менен калдарын алып жаткан видеосу менен бөлүшүүдө.

Бийчини туурайм деп буту-колун сындыргандар көбөйдү. TikTok сервисиндеги видео

Медиктер үй шартында калды алуу кооптуу экенин жана муну менен кесипкөй адистер алектениши керектигин эскертишкен. Ошондой эле ага химикаттарды тамызып же чукуп көрүү кансыроого, инфекцияга, теринин тырык болуп калышына жана башка жагымсыз учурларга кептеши мүмкүндүгүн эске салган.

Дерматолог менен дарыгерлер мындай челленджден баш тартууга үндөөгө чакырган видеороликтерин таратууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0