Атайын кийим кийген аскер кызматкерлери көчөнү дезинфекциялоодо. Архивдик сүрөт

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 25 миллиондон ашты

128
(жаңыланган 15:47 30.08.2020)
Коңшу мамлекет Казакстанда да коронавирус менен ооругандар көп катталып, Кытайдан озуп кеткен. Акыркы маалымат боюнча, казак жергесинде вирус илештиргендердин саны 105 миңден ашты.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 25 миллиондон ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтында жарыяланды.

Бишкек убактысы боюнча 14:00гө карата дүйнөдө коронавирус расмий түрдө табылгандардын саны 25 009 739 болду. Алардын ичинен 842 709у көз жумган.

Вирус көп табылган өлкө адаттагыдай эле АКШ. Аталган мамлекетте алты миллионго (5 миллион 960 миң ) чукул адамдан коронавирус чыккан. Экинчи орунда Бразилия ( 3 миллион 846 миң), үчүнчүгө Индия мамлекети (3 миллион 542 миң) илинген. Бирок каза болгондордун саны боюнча үчүнчү орунда Мексика турат. Аталган мамлекетте 63 819 адам ооруну жеңе албай ажал тапкан.

COVID менен симптому жок ооруганда дагы иммунитет пайда болору айтылды

Кыргыз мигранттары көп иштеген мамлекет Россияда да коронавирус жуктургандар бир миллионго (982 573) чукул. Коңшу мамлекет Казакстанда да коронавирус менен ооругандар көп катталып, Кытайдан (89 863) озуп кеткен. Акыркы маалымат боюнча, Казакстанда вирус илештиргендердин саны 105 миңден ашты.

Кыргызстанда 30-августка карата коронавирус 43 820 адамдан табылса, анын басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 38 198и ооруну жеңди. Илдет 1 059 бейтаптын өмүрүн алган.

128
Белгилер:
пандемия, өлүм, күрөш, статистика, коронавирус, дүйнө
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1057)
Тема боюнча
Коронавирус жок Түркмөнстан эл аралык каттамдарын дагы бир айга токтотту
Кечээ Ошто коронавирустан бир киши акка моюн сунду
Домодедово аэропортундагы жүргүнчү. Архивдик сүрөт

22 миң рубль. Москва Бишкек каттамына авиабилеттердин октябрдагы баасы айтылды

3
(жаңыланган 16:54 22.09.2020)
Туруктуу авиакаттамдар жанданары менен былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу Россиядан Беларуска билет алгандар төрт эсеге, Казакстанга үч эсеге, Кыргызстанга 1,5 эсеге көп болууда.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкек Россиядан аба каттамдарына билет эң көп сатылган 10 шаардын катарына кирди. Бул тууралуу саякат боюнча жазган Туту.ру сайты кабарлап, октябрь айындагы билет баалары жөнүндө маалымат берди.

"Туруктуу авиакаттамдар жанданары менен Беларусь, Казакстан жана Кыргызстанга билет алгандардын саны кескин өстү. Тагыраагы, былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу Беларуска билет алгандар төрт эсеге, Казакстанга үч эсеге, Кыргызстанга 1,5 эсеге көп болууда", — деп айтылат кабарда.

Октябрь айына Москвадан Бишкекке бир билеттин баасы орто эсеп менен 22 миң рублга сатылууда. Октябрь аяктап калганда гана бир аз арзаныраак билет табууга болот. Мисалы, россиялык авиакомпаниялардын бири бир тарапка 13 миң рублга жетип алууну сунуштайт. Бирок Ростов-на-Дону шаары аркылуу келип, ал жерден башка учакка отурууга туура келет.

Өзбекстан 1-октябрдан тарта чек арасын толук ачат

Белгилей кетсек, бул баалар былтыркы жылга салыштырмалуу кымбат. Тагыраагы, пандемияга чейин Москва — Бишкек багыты боюнча бир билет орто эсеп менен 10 миң сомдун тегерегинде сатылчу.

Эске салсак, россиялык "Аэрофлот" компаниясы Москва — Бишкек туруктуу каттамы үчүн билет сата баштаганын билдирген.

3
Белгилер:
баа, авиакаттам, Бишкек, Кыргызстан, Россия, билет, аба каттамы, Москва
Тема боюнча
Бишкек — Москва каттамы жуманын кайсы күнү аткарылары маалымдалды
Ошко Москва шаарынан 148 кыргызстандык учуп келди
Сиэтл Сихокс командасынын башкы машыктыруучусу Пит Кэрролл. Архивдик сүрөт

Америка футболунун бет капсыз насаатчысы 100 миң доллар айыпка жыгылды

16
Башкы машыктыруучусунун бет кабы жок болгону үчүн "Сихокс" клубу да айыпка жыгылып, 250 миң доллар төлөмөй болду.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. АКШдагы Улуттук футбол лигасы (УФЛ, америкалык футбол) "Сиэтл Сихокс" командасынын башкы машыктыруучусу Пит Кэрроллго бет капсыз жүргөнү үчүн 100 миң доллар айып салды. Бул тууралуу аталган спорттук уюмдун сайтында айтылганын РИА Новости жазды.

Насаатчы өз командасы "Нью-Ингленд Пэтриотс" клубун кабыл алган оюнда бет кап тагынган эмес. Беттеш жекшемби күнү Сиэтл шаарында өтүп, талаа ээлери 35:30 эсебинде утуп алышкан. Башкы машыктыруучусунун бет кабы жок болгону үчүн "Сихокс" клубу да айыпка жыгылып, 250 миң доллар төлөмөй болду.

КРдеги футболдук үч клубга айып салынды. Машыктыруучу 50 миң сом төлөйт

Жекшемби күндөгү оюндарда бет капсыз иштегендиги үчүн башкы машыктыруучулар Кайл Шэнахен ("Сан-Франциско Форти Найнерс" клубу), Вик Фанхио ("Денвер Бронкос"клубу) жана алардын клубдарына ушундай эле өлчөмдөгү айып салынган.

16
Белгилер:
жаза, айып, бет кап, Америка
Тема боюнча
Штаб: коомдук жайларда бет кап тагынбагандар эми жазаланышы мүмкүн