"Роскосмос" 2011 ES4 астероиди Жерге канчалык коркунуч келтирерин айтты

© NASAАстероид в космосе
Астероид в космосе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аполлондор тобуна кирген бул астероид 2011-жылдын 2-мартында ачылган. Асман телосунун учкан ылдамдыгы секундасына 8,16 чакырымды түзөт.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. 2011 ES4 аталыштагы астероид 1-сентябрда жерге жакын аралыктан учуп өтүп, планетага коркунуч келтирбейт. Бул тууралуу "Роскосмос" мекемесинин маалымат кызматы билдиргенин РИА Новости жазды.

"2011 ES4 астероидинин Жер планетасы менен кагылышуу ыктымалдуулугу 2011-жылы эле эсептелип чыгып, жерге коркунуч келтирбейт деп табылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Аполлондор астероиддери Жерге жакындаган учур өтө көп кездешет. "Роскосмос" мекемесинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын август айында эле 80 учур катталган. Астероиддин Жерге эң жакын келген аралыгы сегиз миң чакырымды түзгөн.

NASA космостук уюму буга чейин 2011 ES4 астероидин Жерге 120 миң чакырымга чейин жакын келет деп билдирген. Асман телосунун учкан ылдамдыгы секундасына 8,16 чакырымды түзөт.

Жер планетасына дагы бир астероид жакындап келе жатат

Аполлондор тобуна кирген бул астероид 2011-жылдын 2-мартында ачылган.

NASA белгилегендей, асман телосунун планетанын атмосферасына кирүү ыктымалдуулугу 240тан бир гана мүмкүнчүлүктү же 0,41 пайызды түзөт. Ошол эле учурда америкалык агенттик 2011 ES4 астероидин коркунуч жаратышы мүмкүн деп саналгандардын тизмесине киргизген.

Буга чейин август айынын башында көлөмү футбол талаасындай болгон 2009 PQ1 астероиди Жерге тийбей, коопсуз аралыктан өтүп кеткени айтылган

Жаңылыктар түрмөгү
0